ДЕРМАТОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕРМАТОЛО́ГИЯ (дермато... ж-а ...логия) – ме­дицинанын теринин түзүлүшүн, аткарган кыз­матын, ооруларынын пайда болуу себептерин, ооруну аныктоо, дарылоо ж-а анын алдын алуу жолдорун изилдөөчү тармагы. Д. венерология, жугуштуу оорулар, педиатрия, аллергология, эндокринология, хирургия, гинекология, невра­потология ж. б. мед. тармактар м-н тыгыз бай­ланыштуу. Тери оорулары б. з. ч. эле белгилүү болгон. Аны изилдөөдө араб дарыгерлери ж-а Ибн Сина чоӊ салым кошкон. 20-к-да аллерго­логия, иммунология, химия, биология, биохи­мия, микробиология илимд. жетишкендиктери Д-нын өсүшүнө шарт түздү. Кырг-нда дерматол. кызмат 1923-ж. Пишпек ш-нда уюшулуп, 1-ве­нерол. амбулатория ачылган. 1929-ж. Пишпек ш-дык тери-венерол. диспансер уюшулуп, 1937-ж. ал респ. тери-венерол. диспансер болуп кайра түзүлгөн. 1938–39-жылдары Ош, Ысык- Kөл, Талас, Жалал-Aбад обл. тери-венерол. дис­пансерлери ачылган. 1941-ж. КММИде тери­венерология кафедрасы уюшулат. Тери-вене­рология б-ча алгачкы адистер респ-канын эмг. сиӊ. врачтары А. Борончиев, Б. Атакеев ж. б. болгон. 1997-жылдан «Манас» программасынын негизинде тери-венерол. кызмат реформаланып, респ-лык ж-а Ош обл. диспансерлери, үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы тери-венерология ка­бинеттери, серол., бактериол. лабор-лар изилдөө­лөрдү жүргүзөт. Кырг-нда респ. ж-а обл. тери­венерология диспансерлери иштейт.