ДЕСКРИПТИВДИК ЛИНГВИСТИКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕСКРИПТИВДИК ЛИНГВИТИКА(лат.

descriptivus – сыпаттоо, сыпаттама) – 20-к-дын 30–50-жылдарында америка тил илиминде пай­да болгон лингв. структурализмдин бир багы­ты. Тилди изилдөө ыкмалары структуралык принципке негизделген. Бирок европ. лингв. структурализмдин багыттарынан бир кыйла олуттуу айырмачылыктарга ээ. Ал АКШнын коомдук-тарыхый, философия, тил илиминин өнүгүшүнүн тилдик шарттарынын өзгөчөлүү ча­гылдырылышы: позитивизм, прагматизм ж-а биховиоризм теориясынын жаралышы; жерг. индейлердин тилин иликтөө салты; АКШда жа­шаган ар түрдүү иммигранттык топторго байла­ныштуу өтө орчун маселелер. Д. л. амер. индей­лердин тилин иликтөөдөгү турмуштук талап­тан, б. а. Л. Блумфильддин салыштырма-тары­хый тил илиминин ыкмаларын кыйшаюусуз колдонуусунан келип чыккан. Кийин англис, индевропа, түрк, семит тилдерин изилдөөдө өз ыкмасынын багытын сактоо максатында тилди окутуу ыкмасы м-н тыгыз байланыш жасаган. Д. л-нын принциптеринин өнүгүшү бир нече этап­ка бөлүнөт. О. эле тилдин структурасынын фор­малдык элементтерин сыпаттап, дистрибуция­ны негизге алат. Натыйжада Д. л. тыбыштын комплексин тилге барабар коёт да, анын маани­син эске албайт. Д. ыкмасы тилдин тыбыш сис­темасын изилдөөдө кеӊири колдонулат.

Ад.: Глисон Г. Введение в дескриптивную лингвис­тику. М., 1959; Основные направления структура­лизма. М., 1964.