ДЕСНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕСНА – Россия м-н Украина аймактары ар­кылуу аккан дарыя, Днепрдин сол куймасы. Уз. 1130 км, алабынын аянты 88,9 миӊ км2. Смо­ла-Москва дөӊсөөсүнөн башталып, Канев суу­сактагычына куят. Жогорку агымында жээги­нин көбү жапыз ж-а саздуу, Брянск ш-нан төмөн карай оӊ жээги көтөрүӊкү. Сейм д. куйгандан кийин дарыя көп салааларга бөлүнүп, нуктар­ды пайда кылат. Орт. чыгымы 360 м3/сек. Де­кабрдан майдын башына чейин тоӊот. Новго­род-Северский ш-нан тартып үзгүлтүксүз кеме жүрөт. Боюнда Ельня, Жуковка, Трубчевск, Чер­нигов ж. б. шаарлар жайгашкан.