ДЕТАЛДАШТЫРУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕТАЛДАШТЫРУУ к ө р к ө м с ү р ө т ө н ө­р ү н д ө – сүрөттү ар тараптан толуктоо үчүн ийне-жибине чейинки майда-чүйдөлөрдү бүт камтуу м-н бир нерсени аткаруу, тартуу (айрым учурда деталдаштырылган сүрөт тартууну «бүткөрүлгөн», «кооздолгон» деп туура эмес атап жүрүшөт). Деталдаштырылган аткарууну бир эле тех. көз караш м-н кароого болбойт, себеби ал мындай учурда ар кандай жыйынтыктарга алып келет. Д. бир эле учурда композициялык идея­га ачык-айкындыкты бере алат, анын идеялык элестүүлүгүн күчөтөт. Ф. Энгельс: «Реализм тип­түү кырдаалдарда типтүү мүнөздөрдү чындыкта чагылдыруу м-н чыныгы деталдарды да өз ичи­не камтыйт»,– деген. Эгерде сүрөткер майда­чүйдөгө көбүрөөк көӊүл бурса, анын натуралист­тик мүнөздөгү ишин төмөндөтүүчү багыт пайда болот (к. Натурализм). Көчмө сүрөтчүлөрдүн живописи, ал эми өткөн заманда – алгачкы Кайра жаралуу доорунун көп сүрөтчүлөрүнүн иши Д-нун жемиштүү үлгүлөрүнөн болуп эсеп­телет.