ДЕТЕКТИВ АДАБИЯТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕТЕКТИ́В АДАБИЯТ (лат. detego – ачуу, илик­төө) – чаташкан ар түрдүү кырдаалдарга, дароо эле чечилбеген түйүндүү сырларга толгон, шум­дуктуу, курч окуялардын ж-а мыкаачылык кылмыштын негизинде жазылган чыгармалар. Д. а-ттын пайда болуу тарыхы дүйнөлүк карым­катыш, соода-сатык күчөгөн кезде кылмышкер­лер көбөйүп, адам өлтүрүү, талап-тоноо, бейкү­нөө кордук тартуулар сыяктуу коомчулукту дүр­бөткөн көптөгөн материалдардын басма сөздөрдө кеӊири жарыяланышына байланыштуу. Ад-т­тын бул түрүнө амер. жазуучу Э. По (1809–49) негиз салган. 19-к-дагы Д. а-ттын көрүнүктүү өкүлдөрү: Э. Габорио, У. Коллинз (Франция), А. Конан-Дойл ж. б. Кыргыз жазма ад-тынын өнүгүш тарыхында саналуу гана жазуучулар бул жанрга кайрылышкан. Д. а-ттын айрым үлгү­лөрү (мис., М. Жоошбаевдин «Канжар» повес­ти) жарала баштады. Кийинчерээк бул жанрга Э. Өмүракунов («Жыландар ханышасы», 1994), М. Макенбаев («Прес-Хата», 1998), Ч. Абыке уулу («Бриллиант жылан», 1998) кайрылган. Ж. Медералиева.