ДЕТЕКТОР: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕТЕ́КТОР (лат. detector – ачуучу) р а д и от е х н и к а д а – радио уктургуч, байланыштыргыч, телекөрсөткүч, кабыл алгычтарда, өлчөгүч ж. б. приборлордо электр термелүүлөрүн өзгөртүүчү түзүлүш. Д. амплитудалык, жыштык ж-а фазалуу болуп бөлүнөт. А м п л и т у д ал ы к Д-до жогорку жыштыктагы амплитудалуу өзгөрүлмө термелүүнү Д-лоо үчүн электр өткөрүүчү элемент катары жарым өткөргүчтүү диод колдонулат. Мында термелүүнүн өзгөрүлмөлүү чыӊалуусу конденсатордон, диоддон ж-а резистордон түзүлгөн электр тизмегине аракет кылат. Диод бир тарапка өткөргөндүктөн, тизмекте жогорку жыштыктуу импульс түрүндөгү электр тогу пайда болот. Ток резистордун учтарында чыӊалууну пайда кылат да, чыӊалуунун амплитудасы өзгөрөт. Ж ы ш т ы к ж-а ф а з а л у у Д-до жыштыгы ж-а фазасы б-ча өзгөрүлмө термелүүлөр адегенде амплитудасы б-ча өзгөрүлмө термелүүгө айландырылат да, андан кийин амплитудалык Д. м-н өзгөртүлөт. Д-дун жылуулук, радиоактивдүү нурланууну табуучу элементардык бөлүкчөлөрдү каттоочу, калп кармоочу ж. б. түрлөрү бар.