ДЕФЕКТОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕФЕКТОЛО́ГИЯ (лат. defectus – кемчилик ж-а ...логия) – майып ж-а кем акыл балдардын өсүшүнүн мыйзам ченемдерин ж-а өнүгүү өзгөчөлүктөрүн, аларды окутуу ж-а тарбиялоо маселел ерин изилдөөчү и лим т армагы. Д-нын түрлөрү: сурдопедагогика – дүлөй, начар уккан балдарды тарбиялоо ж-а окутуу жолдорун, тифлопедагогика – сокур, көзү начар көргөн балдарды тарбиялоо ж-а окутуу маселелерин, олигофренопедагогика – акыл-эси кем балдарды тарбиялоо ж-а окутуу жолдорун, логопедия – балдардын сөзүндөгү кемчиликтерди оӊдоо жолун изилдейт. Д. неврология, патофизиология, патопсихология, жалпы пед. ж-а балдар психологиясы, электрфизиология, тил таануу ж. б. илимдер м-н байланыштуу. Кемтиктүү балдарды атайын адистер – дефектологдор окутат ж-а тарбиялайт. Аларды окуу жайлардын атайын ф-ттери, Кырг-нда И. Арабаев атн. КМУнун алдындагы педагогика ин-ту даярдайт.