ДЕФИЦИТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕФИЦИ́Т (лат. dēficit – жетишпейт)‚ т а ӊ- с ы к т ы к – 1) өндүрүш факторлорун‚ керектөө предметтерин теӊдөө үчүн зарыл болгон акча‚ товар же кызмат көрсөтүүнүн жетишсиздиги; 2) чыгымдардын кирешелерден‚ карыздардын активдерден ашып кетүүсү. Д. экономикада – бул анын теӊдешсиздигинин жалпы көрүнүшү. Ал товардык формада сунуштан суроо-талап­тын дайым ашып кетүүсү м-н шартталышы мүмкүн. Рынок экономикасында Д. өндүрүштүн тиешелүү бөлүмүнө инвестициянын келишине

же башка рыноктордо баасы арзан товарлардын агып киришине түрткү берүүчү таӊсык товарлар­дын баасынын убактылуу кымбатташы м-н мүнөздөлөт. Cунуштун көбөйүшү ж-а суроо-та­лаптын канааттандырылышы м-н товар Д-тти жоюлат. Экономикада Д. түрүнө бюджет тар­тыштыгы – мамл. чыгымдардын кирешелер­ден ашып кетүүсү кирет. Товарлардын ж-а кыз­мат көрсөтүүнүн импортунун аны экспорттоо­дон ашып кетүүсү экономикалык өнүгүүнүн убак­тылуу тездешине өбөлгө болот. Бирок бардык эле деӊгээлдеги узакка созулган Д. рыноктук теӊ салмактуулукту бузат‚ ишканаларды‚ муници­палитеттерди‚ борб. өкмөттү ж-а бүтүндөй өл­көнү карызга дуушарлантат. Акча-финансы чөйрөсүнүн туруксузданышы жалпы экон. кри­зис коркунучун күчөтөт. Биздин өлкөдө экон. реформа‚ финансы системасын чыӊдоо‚ сомду бекемдөө жолу м-н Д-ти жеӊүүгө болот.