ДЕШТЕ-КЕВИР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕ́ШТЕ-КЕВИ́Р – Иран тайпактоосунун түн­дүгүндөгү чөл. Иранда. Уз. 500 кмдей, туурасы 250 кмге чейин. Таманы такыр, шор басып, как­шып бараткан саз ээлеген бир нече жазы өрөөн­дөрдөн (абс. бийикт. 600–800 м) турат. Жаан­чыл мезгилде ылайланган көлчүктөргө айланат.
Саз балчыктарынын курамында 22%ке чейин туз болот. Ошондуктан бул чөл Чоӊ-Туз чөлү деп да аталат. Кумдуу чөлдөр бар. Чет жака­сында оазистер сейрек кездешет.