ДИАЛЕКТИКА: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДИАЛЕ́КТИКА (гр. dialektike – аӊгеме жүргүзөм, ой калчайм, сөзмө-сөз — аӊгемелешүү, маек куруу чеберчилиги) – дүйнөнү таанып-билүүнүн жалпыга таандык методологиясы ж-а теориясы. Антикалык философияда дүйнөдөгү бардык нерселер тынымсыз өзгөрүү абалында экенин, мындай аккан дүйнөнүн өнүгүүнүн жүрүшүндө өзүнүн карама-каршысына өтүүчү ролун көрүшкөн. «Д.» терминин алгачкы жолу элейлик философ Зенон колдонгон. Аристотелдин өзүнүн ырастоосунда Д. – бул талаш-тартыштын каражаты м-н же карама-каршы пикирлерди талкууга алуу жолу м-н акыйкатка жетүү өнөрү. Гегелдин Д-сында ар бир нерсе өзүнө-өзү теӊ, ж-а ошол эле убакта ал өзү-өзүнө барабар эмес, ал бир түрдүү, бүтүн да, ошол эле учурда көп тарамдуу, татаал түзүлүш да, бир жагынан өлбөс-өчпөс, түбөлүктүү болсо, ошону м-н бирге өтүп кетүүчү, убактылуу, утурумдук көрүнүш. Ошондон улам Д. дүйнөнү таанып-билүүнүн баарына таандык филос. жалпы методологиясы болуп эсептелет. Философиянын тарыхында «Д.» термининин айланасында ар түрдүү чечмелөөлөр, түшүндүрмөлөр болуп келген: бир даары аны «диалог өнөрү» десе, да бирлери карама-каршы пикирлерди күрөштүрүү жолу м-н акыйкатка жетүү (Сократ), же нерселердин маӊыздарынын сезим чегинен тышкаркы (идеалдуу) жагына жетүү максатында түшүнүктөрдү бөлүк-бөлүктөргө бөлүү ыгы ж-а байланыштыруу жолу (Платон), нерсени толук бойдон, абсолюттуу билүүгө киришүүнүн жүрүшүндө сөзсүз болуучу каршылыктардын натыйжасында улам келип чыккан адам акыл-эсинин бурмаланган түшүнүгүн бузуп-кыйратуу ыкмасы (И. Кант. «Трансценталдык Д.») деп эсептешкен. Ал эми Г. В. Ф. Гегель философиянын тарыхында баарын кеӊири камтыган Д-нын жалпы, универсалдуу системасын биринчи жолу жараткан. Т. Абдылдабеков.