ДИАЛЕКТОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДИАЛЕКТОГРА́ФИЯ , л и н г в и с т и к а л ы к г е о г р а ф и я – диалектологиянын бир бөлүгү. Диалектилердин таралыш аймагын изилдейт. 19-к-дын аягы – 20-к-дын баш ченинен улуттук атластардын түзүлүшүнө байланыштуу өнүгүп келатат. Россияда тилдик көрүнүштөрдү геогр. жактан изилдөө иши 19-к-дын 2-жарымында башталган. Орус тилиндеги Д. б-ча пландуу түрдө даярдалган туӊгуч эмгек – «Орус диалектология­сынын очерки тиркелген орус тилинин диалек­тологиялык картасынын Европадагы тажрый­басы» (1915), «Селигер көл аймагынын лингви­стикалык атласы» (1949), «Орус элинин Моск­вадан Чыгышка чейинки борбордук областта­рындагы говорлордун атласы» чыккан (1957).