ДИАЛОГ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДИАЛО́Г (гр. diflogos – сүйлөшүү, аӊгемеле­шүү) – маалымат алмашуунун кеӊири тарал­ган түрү, эки же андан көп адамдын баарлашуу­су. И л и м и й Д. – ад-тта тигил же бул теор. жобонун мазмунун маалымдоонун ыкмасы ка­тары колдонулат, негизинен суроо-жооп (кате­хизис) формасында учурайт. С а я с и й Д. – жалпы саясий көз караш табуу, саясий эрки м-н бийлик күч колдонбой ишке ашыруу мак­сатында ар кандай мүдөөлөрдүн маӊызын те­реӊ кароо аркылуу маселелерди чечүү формасы. Д. өлкөдөгү же эл аралык аренадагы жаӊжал­дарды жөнгө салуунун, ар кыл күчтөрдү тынч­тык кызматташууга тартуунун эӊ зарыл кара­жаты катары кызмат өтөп келет. Ф и л о с о­ф и я л ы к Д. – инсандардын дүйнөтааным тегерегинде өз ара алым-сабак иретинде пикир алышып, баарлашуусунан улам келип чыккан филос. чыгарманын түрү ж-а өзгөчө баяндоо ыкмасы. Ал байыркы Грекияда б. з. ч. 4-к-да филос. ойду догмалык эмес жол м-н түшүндүрүүчү өз алдынча жанр катары калыптанган. И н­ф о р м а ц и я л ы к Д. – пайдалануучулардын (же операторлордун) компьютер м-н өз ара иш алып баруу аракеттеринин жолу, суроо-жооп иретинде маалымат (же команда) алмашуусу. А д а б и й Д. – эки же бир нече инсандар ортосундагы баарлашуунун түрлөрүн мүнөздөөчү түшүнүк. Баарлашуу диалогдук ж-а монологдук

болуп экиге бөлүнөт. Д-дук аӊгемелешүүдө өз ара баарлашуу катышуучулардын биринен бирине өтүп, айтылган ой улам жаӊы кепке чакырып ту­рат. М о н о л о г д у к кеп салуу – жооп күт­пөстөн, экинчи тарапка оозеки же жазуу жүзүндө кайрылуу (мемуар, күндөлүк, интервью ж. б.).

Кыргыз ад-тында Д. баарлашуу же пикир ал­машуу өнөрү катары байыртадан нукура элдик нукта өнүгүп келген (айтыш, акыйнек, аския, бадик, сармерден, алым-сабак, табышмак табы­шуу, жоктоо, учурашуу д. у. с.). 20-к-дын соӊун­да кыргыз профессионал ад-тында Д. түрүндөгү олуттуу чыгармалар жарала баштады. Дүйнөнүн айтылуу интеллектуалдары, мад-т ишмерлери катышып, 1986-ж. өткөн дүйнөлүк Ысык-Көл форумунда да аӊгемелешүү филос. мүнөздө жүргөн. Д-дук баарлашууну Ч. Айтматов: «Тур­муштагы нерселердин бардыгы эле кызык оку­яга айлана койбойт, кагазга түшүрүлгөндүн бар­дыгы эле ашкан кызыгуу м-н окула бербейт. Мына ушул жагдайдан алганда аӊгемелешүү – окурмандан чыдамкайлуулукту ж-а ойчулдук­ту талап кылган кыйын жанр»,– деп мүнөздөйт.
Ч. Айтматовдун ж-а М. Шахановдун «Жар кы­рындагы аӊчынын ыйы» аттуу чыгармасынын жарыкка чыгышы м-н (1996, Алматы) кыргыз ад-тында Д. жанрынын кеӊири масштабдуу, көп проблемаларды бир түйүнгө уюткан көлөмдүү үлгүсү жаралды. Т. Абдылдабеков.