ДИАТОМ БАЛЫРЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДИА́ТОМ БАЛЫРЛАРЫ (­acillariophyta) – бир клеткалуу микроскоптук майда жандыктар. Алар жалгыздап же топтошуп жашайт. Топ­тошкону жип, тасма, чынжыр, жылдызча ж-а формасыз плёнка түрүндө болот. Д. б. – балыр­лардын эӊ көп таркалган тиби. Жер бетинин бардык бөлүгүндө кездешет. Туздуу, тузсуз суу­ларда, топуракта, нымдуу аскаларда, дарак­тардын капталында, мамык чөптөрдүн арасын­да ж. б. жашайт. Д. б-нын протопласты цитоп­лазмадан, ядродон, бир же бир нече саргыч-күрөӊ хроматофордон ж-а клеткалык суюктардан ту­рат. Көбүнчө вегетациялык бөлүнүү ж-а аук­соспоралар (өсүү споралары) м-н көбөйүшөт. Ауксоспоралар пайда болору м-н абдан чоӊою­шуп, кийин жетилген клеткаларга айланат. Ауксоспоралар бир гана Д. б-на мүнөздүү. Туз­суз сууларда, деӊиздерде, көбүнчө планктондор­до өсөт. Азыркы мезгилдеги деӊиздер ж-а суу өсүмдүктөр дүйнөсү Д. б-нын эвол. өрчүүсүнүн акыркы этаптарын далилдейт, көптөгөн байыр­кы түрлөр да сакталган. Алардын 2 классы, 12 миӊден ашык түрү белгилүү. Д. б. Кырг-ндын балырлар дүйнөсүнүн 60–70%ин түзөт. Алар м-н түрдүү суу жаныбарлары азыктанат.