ДАЛ КЕЛҮҮ ПРИНЦИБИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАЛ КЕЛҮҮ ПРИНЦИБИ''' – механиканын квант­тык сандын чоӊ маанисине тийиштүү чектик (предел) учурунда кванттык теориянын натый­жасы классикалык теорияныкы м-н дал келүү­сүн талап кылган постулаты. Бор суутек ато­мунун түзүлүшүнүн кванттык теориясын иштеп | '''ДАЛ КЕЛҮҮ ПРИНЦИБИ''' – механиканын квант­тык сандын чоӊ маанисине тийиштүү чектик (предел) учурунда кванттык теориянын натый­жасы классикалык теорияныкы м-н дал келүү­сүн талап кылган постулаты. Бор суутек ато­мунун түзүлүшүнүн кванттык теориясын иштеп чыгып, аны атомдун спектрин түшүндүрүү үчүн колдонууну сунуш кылган (1927). Дал келүү принцибине ыла­йык атомдун нурлануу энергиясынын, спектр­дин жогорку толкундук бөлүгүндө спектр боюнча бөлүштүрүлүшү, кванттык сандын чоӊ маани­лерине туура келет ж-а классикалык электр­динамикадагы Рэлей-Жинстин законундагы энергиянын бөлүштүрүлүшүндөй болот. Кийин Дал келүү принциби кенен мааниге ээ болуп, ал физикалык кубу­лушту тереӊ изилдөөдөгү жаӊы теория, эски теорияны өзүнө айрым учур катары камтышы керектигин көрсөткөн логикалык талап (эреже) катары каралат. Мисалы, релятивдик механика кичине ылдамдыктар чегинде (ν<<c) Ньютон­дун механикасына, бөлүкчөнүн де Бройль тол­кунунун узундугу системанын өлчөмүнөн кичи­не болсо, анда кванттык механика классика­лык механикага өтөт. Бул чектик өтүш Планк турактуулугунун нөлгө умтулушуна туура ке­лет, себеби де Бройль толкун узундугу: λ=''h/p'', мында ''p'' – бөлүкчөнүн импульсу. Классикалык механиканын ''h/p''→0 шартында, квант механи­касынын негизги Шрёдингер теӊдемеси класси­калык механиканын Гамильтон-Якоби теӊде­месине өтөт. | ||
чыгып, аны атомдун спектрин түшүндүрүү үчүн колдонууну сунуш кылган (1927). | |||
Ад.: ''Бор Н.'' Три статьи о спектрах и строении ато­мов / Пер. с нем. М.; Л., 1923. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
10:16, 19 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДАЛ КЕЛҮҮ ПРИНЦИБИ – механиканын кванттык сандын чоӊ маанисине тийиштүү чектик (предел) учурунда кванттык теориянын натыйжасы классикалык теорияныкы м-н дал келүүсүн талап кылган постулаты. Бор суутек атомунун түзүлүшүнүн кванттык теориясын иштеп чыгып, аны атомдун спектрин түшүндүрүү үчүн колдонууну сунуш кылган (1927). Дал келүү принцибине ылайык атомдун нурлануу энергиясынын, спектрдин жогорку толкундук бөлүгүндө спектр боюнча бөлүштүрүлүшү, кванттык сандын чоӊ маанилерине туура келет ж-а классикалык электрдинамикадагы Рэлей-Жинстин законундагы энергиянын бөлүштүрүлүшүндөй болот. Кийин Дал келүү принциби кенен мааниге ээ болуп, ал физикалык кубулушту тереӊ изилдөөдөгү жаӊы теория, эски теорияны өзүнө айрым учур катары камтышы керектигин көрсөткөн логикалык талап (эреже) катары каралат. Мисалы, релятивдик механика кичине ылдамдыктар чегинде (ν<<c) Ньютондун механикасына, бөлүкчөнүн де Бройль толкунунун узундугу системанын өлчөмүнөн кичине болсо, анда кванттык механика классикалык механикага өтөт. Бул чектик өтүш Планк турактуулугунун нөлгө умтулушуна туура келет, себеби де Бройль толкун узундугу: λ=h/p, мында p – бөлүкчөнүн импульсу. Классикалык механиканын h/p→0 шартында, квант механикасынын негизги Шрёдингер теӊдемеси классикалык механиканын Гамильтон-Якоби теӊдемесине өтөт.
Ад.: Бор Н. Три статьи о спектрах и строении атомов / Пер. с нем. М.; Л., 1923.