ДИВАЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ДИВАЕВ''' Абубекр, А б у б а к и р Ахмеджано­вич (18.12.1886, Оренбург – 5.2.1932, Ташкент) – фольклор изилдөөчү, этнограф, археолог, түрко­лог, чыгыш таануучу. Улуту – башкыр. Орен­бургдагы Неплюев кадет корпусунун Азия бөлүмүн бүтүргөн (1876). Алгач Түркстанда ас­кер кызматчы, кийин Ташкент ш-нда аскер-эл­дик башкармалыкта, Сыр-Дарыя аскер губер­наторунун алдында кызмат өтөгөн. 1877-жыл­дан котормочу – тилмеч. 1906-жылдан Казан ун-тинин алдындагы этнография бөлүмүнүн ил. кызматкери, Ташкенттеги О. Азия мамл. ун­тинде ж-а Чыгыш таануу ин-тунда этнография ж-а археология бөлүмдөрүнүн башчысы, эт­ногр. ж-а фольклордук экспедициялардын же­текчиси. Д. Түркстан аймагында жашаган түрк элдеринин (өзбек, казак, кара калпак, кыргыз ж. б.) элдик оозеки чыг-лыгын, үрп-адаттарын, ырым-жырым, салттарын чогултуп, иретке кел­тирип, изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анын кыр­гыздар б-ча чогулткан материалдары Сыр-Да­рыя, Олуя-Ата, Жети-Суу аймактарында жаша­ган топторго таандык болуп, кыргыз элинин эт­нографиясын, фольклорун, дүйнө таанымын изилдөөдө негизги булак болгон. Д-дин каты­шуусу м-н Кожо Ахмед Яссавинин мечитинен табылган эски жазуулар Түркстандын тарыхын изилдөөдө маанилүү салым болду. Ал тапкан мөөрдүн ортосуна Ахмед Яссавинин ысмы жа­зылып, «Хижранын 1212-жылы» деген жазуу түшүрүлгөн, четинде мөөрдү жасаган устанын ысмы (Кожохан) калтырылган. Д. ил. ишмер­диги үчүн 1896-ж. 22-январда ''Архео логия сүйүүчүлөрдүн Түркстан ийриминин'' (ТКЛА) анык мүчөсү болуп шайланган. Д. «Шоро баа­тыр», «Бекет баатыр», «Кобыланды», «Алпа­мыш баатыр» (анын бир нече вариантын), «Кам­бар баатыр», «Эр Таргын», «Айман-Чолпон» ыр­ларын, «Алаша хан менен Алдар көсө», «Ажы» ж. б. жомокторду, чечен сөздөрдү, казак балдар оюндарын жыйнап, кагазга түшүрүп, айрымда­рын орус тилине которгон. Эл оозунан Асан Кай­гы, Алашахан, Амир Темир, Караш баатыр туу­ралуу маалыматтарды, о. эле макал-ылакаптар­ды жазып алып жарыялаган. Д-дин илимге си-
'''ДИВАЕВ''' Абубекр, А б у б а к и р Ахмеджано­вич (18.12.1886, Оренбург – 5.2.1932, Ташкент) – фольклор изилдөөчү, этнограф, археолог, түрко­лог, чыгыш таануучу. Улуту – башкыр. Орен­бургдагы Неплюев кадет корпусунун Азия бөлүмүн бүтүргөн (1876). Алгач Түркстанда ас­кер кызматчы, кийин Ташкент шаарында аскер-эл­дик башкармалыкта, Сыр-Дарыя аскер губер­наторунун алдында кызмат өтөгөн. 1877-жыл­дан котормочу – тилмеч. 1906-жылдан Казан университетинин алдындагы этнография бөлүмүнүн илимий кызматкери, Ташкенттеги Орто Азия мамлекеттик ун­иверситетинде жана Чыгыш таануу институтунда этнография жана археология бөлүмдөрүнүн башчысы, эт­нографиялык жана фольклордук экспедициялардын же­текчиси. Диваев Түркстан аймагында жашаган түрк элдеринин (өзбек, казак, кара калпак, кыргыз  
ӊирген эмгегин П. М. ''Мелиоранский,'' В. А. ''Горд­левский,'' В. В. ''Бартольд'' ж. б. илимпоздор жо-
[[Файл:Абуб.jpg|left|thumb|278x278px]]


гору баалашкан. Д. Түркстан элдик ун-тинде ж-а Түркстан Чыгыш ин-тунда (1924-ж. САГУ-нун чыгыш ф-тине айланган) сабак берген.


Эмг.: Казахская народная поэзия. А.-А., 1964; Ка­зактын халык творчествосы. А., 1989.
жана башка) элдик оозеки чыгармачылыгын, үрп-адаттарын, ырым-жырым, салттарын чогултуп, иретке кел­тирип, изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анын кыр­гыздар боюнча чогулткан материалдары Сыр-Да­рыя, Олуя-Ата, Жети-Суу аймактарында жаша­ган топторго таандык болуп, кыргыз элинин эт­нографиясын, фольклорун, дүйнө таанымын изилдөөдө негизги булак болгон. Диваевдин каты­шуусу менен Кожо Ахмед Яссавинин мечитинен табылган эски жазуулар Түркстандын тарыхын изилдөөдө маанилүү салым болду. Ал тапкан мөөрдүн ортосуна Ахмед Яссавинин ысмы жа­зылып, «Хижранын 1212-жылы» деген жазуу түшүрүлгөн, четинде мөөрдү жасаган устанын ысмы (Кожохан) калтырылган. Диваев илимий ишмер­диги үчүн 1896-жылы 22-январда ''Археология сүйүүчүлөрдүн Түркстан ийриминин'' (ТКЛА) анык мүчөсү болуп шайланган. Диваев «Шоро баа­тыр», «Бекет баатыр», «Кобыланды», «Алпа­мыш баатыр» (анын бир нече вариантын), «Кам­бар баатыр», «Эр Таргын», «Айман-Чолпон» ыр­ларын, «Алаша хан менен Алдар көсө», «Ажы» жана башка жомокторду, чечен сөздөрдү, казак балдар оюндарын жыйнап, кагазга түшүрүп, айрымда­рын орус тилине которгон. Эл оозунан Асан Кай­гы, Алашахан, Амир Темир, Караш баатыр туу­ралуу маалыматтарды, ошондой эле макал-ылакаптар­ды жазып алып жарыялаган. Диваевдин илимге сиӊирген эмгегин П.М.''Мелиоранский,'' В. А. ''Горд­левский,'' В. В. ''Бартольд'' ж.ана башка илимпоздор жогору баалашкан. Диваев Түркстан элдик университетинде жана Түркстан Чыгыш институтунда (1924-жылы Орто Азия мамлекеттик университетинин (САГУ) чыгыш факультетине айланган) сабак берген.
 
 
Эмгектери.: Казахская народная поэзия. А.-А., 1964; Ка­зактын халык творчествосы. А., 1989.


Ад.: ''Гордлевский В. А.'' Абубакир Диваев // Живая старина. 1916/1; ''Сулейменов Б. С.'' Некоторые вопросы истории Казахстана в трудах А. А. Диваева//Известия АН Каз. ССР, Серия историческая, археологическая и этнографическая. А., 1988. 1(9); Казак фолькло­ристикасынын тарыхы. А., 1988.
Ад.: ''Гордлевский В. А.'' Абубакир Диваев // Живая старина. 1916/1; ''Сулейменов Б. С.'' Некоторые вопросы истории Казахстана в трудах А. А. Диваева//Известия АН Каз. ССР, Серия историческая, археологическая и этнографическая. А., 1988. 1(9); Казак фолькло­ристикасынын тарыхы. А., 1988.
''Ч. Жумагулов, А. Көчкүнов.'' [[Category: 3-том, 5-85 бб]]
''Ч. Жумагулов, А. Көчкүнов.'' [[Category: 3-том, 5-85 бб]]

06:15, 24 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДИВАЕВ Абубекр, А б у б а к и р Ахмеджано­вич (18.12.1886, Оренбург – 5.2.1932, Ташкент) – фольклор изилдөөчү, этнограф, археолог, түрко­лог, чыгыш таануучу. Улуту – башкыр. Орен­бургдагы Неплюев кадет корпусунун Азия бөлүмүн бүтүргөн (1876). Алгач Түркстанда ас­кер кызматчы, кийин Ташкент шаарында аскер-эл­дик башкармалыкта, Сыр-Дарыя аскер губер­наторунун алдында кызмат өтөгөн. 1877-жыл­дан котормочу – тилмеч. 1906-жылдан Казан университетинин алдындагы этнография бөлүмүнүн илимий кызматкери, Ташкенттеги Орто Азия мамлекеттик ун­иверситетинде жана Чыгыш таануу институтунда этнография жана археология бөлүмдөрүнүн башчысы, эт­нографиялык жана фольклордук экспедициялардын же­текчиси. Диваев Түркстан аймагында жашаган түрк элдеринин (өзбек, казак, кара калпак, кыргыз


жана башка) элдик оозеки чыгармачылыгын, үрп-адаттарын, ырым-жырым, салттарын чогултуп, иретке кел­тирип, изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анын кыр­гыздар боюнча чогулткан материалдары Сыр-Да­рыя, Олуя-Ата, Жети-Суу аймактарында жаша­ган топторго таандык болуп, кыргыз элинин эт­нографиясын, фольклорун, дүйнө таанымын изилдөөдө негизги булак болгон. Диваевдин каты­шуусу менен Кожо Ахмед Яссавинин мечитинен табылган эски жазуулар Түркстандын тарыхын изилдөөдө маанилүү салым болду. Ал тапкан мөөрдүн ортосуна Ахмед Яссавинин ысмы жа­зылып, «Хижранын 1212-жылы» деген жазуу түшүрүлгөн, четинде мөөрдү жасаган устанын ысмы (Кожохан) калтырылган. Диваев илимий ишмер­диги үчүн 1896-жылы 22-январда Археология сүйүүчүлөрдүн Түркстан ийриминин (ТКЛА) анык мүчөсү болуп шайланган. Диваев «Шоро баа­тыр», «Бекет баатыр», «Кобыланды», «Алпа­мыш баатыр» (анын бир нече вариантын), «Кам­бар баатыр», «Эр Таргын», «Айман-Чолпон» ыр­ларын, «Алаша хан менен Алдар көсө», «Ажы» жана башка жомокторду, чечен сөздөрдү, казак балдар оюндарын жыйнап, кагазга түшүрүп, айрымда­рын орус тилине которгон. Эл оозунан Асан Кай­гы, Алашахан, Амир Темир, Караш баатыр туу­ралуу маалыматтарды, ошондой эле макал-ылакаптар­ды жазып алып жарыялаган. Диваевдин илимге сиӊирген эмгегин П.М.Мелиоранский, В. А. Горд­левский, В. В. Бартольд ж.ана башка илимпоздор жогору баалашкан. Диваев Түркстан элдик университетинде жана Түркстан Чыгыш институтунда (1924-жылы Орто Азия мамлекеттик университетинин (САГУ) чыгыш факультетине айланган) сабак берген.


Эмгектери.: Казахская народная поэзия. А.-А., 1964; Ка­зактын халык творчествосы. А., 1989.

Ад.: Гордлевский В. А. Абубакир Диваев // Живая старина. 1916/1; Сулейменов Б. С. Некоторые вопросы истории Казахстана в трудах А. А. Диваева//Известия АН Каз. ССР, Серия историческая, археологическая и этнографическая. А., 1988. 1(9); Казак фолькло­ристикасынын тарыхы. А., 1988. Ч. Жумагулов, А. Көчкүнов.