ДАНИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:ДАНИЯ19.png | thumb | none]] | [[File:ДАНИЯ19.png | thumb | none]] | ||
(анда бардыгы 407 арал бар, анын 99унда эл жашайт). Даниянын курамына ''Фарер аралдары'' ж-а Гренландия да кирет. Батышынан Түндүк деӊиз, түштүк-чыгышынан Балтика деӊизи м-н чул­ганат, түндүгүнөн Скагеррак кысыгы аркылуу Норвегиядан, түндүк-чыгышынан Каттегат ж-а Эресунн (Зунд) кысыктары аркылуу Швециядан бөлүнөт; түштүгүндө Германия м-н (68 ''км'' ара­лыкта) чектешет. Аянты 43,1 миӊ ''км''<sup>2 </sup>(Грелан­дия м-н Фарер аралдарын кошпогондо). Калкы 5, | (анда бардыгы 407 арал бар, анын 99унда эл жашайт). Даниянын курамына ''Фарер аралдары'' ж-а Гренландия да кирет. Батышынан Түндүк деӊиз, түштүк-чыгышынан Балтика деӊизи м-н чул­ганат, түндүгүнөн Скагеррак кысыгы аркылуу Норвегиядан, түндүк-чыгышынан Каттегат ж-а Эресунн (Зунд) кысыктары аркылуу Швециядан бөлүнөт; түштүгүндө Германия м-н (68 ''км'' ара­лыкта) чектешет. Аянты 43,1 миӊ ''км''<sup>2 </sup>(Грелан­дия м-н Фарер аралдарын кошпогондо). Калкы 5,9 млн (2023). Борбору – Копенгаген. Расмий тили – дан тили. Акча бирдиги – дания кронасы. Дания административдик-аймактык жактан 5 регионго бөлүнөт. | ||
<table name = 'ДАНИЯ 1' caption='Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)' /> | <table name = 'ДАНИЯ 1' caption='Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)' /> | ||
Европа коопсуздугу ж-а кызматташтыгы уюму­нун (1973), НАТОнун мүчөсү. | Дания БУУнун (1945), Европалык кеӊештин (1949), Европа союзунун (1973), ЭВФтин (1946), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1946), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995),Европа коопсуздугу ж-а кызматташтыгы уюму­нун (1973), НАТОнун мүчөсү. | ||
'''Мамлекеттик түзүлүшү'''. Дания– унитардык мам­лекет. Конституциясы 1953-жылы 5-июнда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик монархия. Мамлекет башчысы – король (1972- жылдан королева Маргрете II). Мыйзам чыга­руу бийлиги король ж-а бир палаталуу парла­мент – фолькетинг (курамында 179 депутат, 4 жылда бир шайланат) тарабынан ишке ашы­рылат. Аткаруу бийлиги королдун атынан иш жүргүзгөн, курамына Премьер-министр жетек­теген Министрлер совети кирген Мамлекеттик советке таандык. Негизги саясий партиялары: Дания Со­циал-демократиялык партиясы, Консервативдик элдик партия, Дания Элдик партиясы, Социалисттик эл­дик партиясы. | |||
'''Табияты'''. Жээктеринде жазы тайыз булуӊдар, ''фьорддор,'' бийик жардуу ''клифтер;'' ошондой эле түзөӊ, аккумуляция, ''ватт'' (марш) жээктери да мүнөз­дүү. Түздүктүү рельеф басымдуу. Ютландия жарым аралынын чыгышында, Дан архипелагынын аралдарында көлдүү, жапыз дөбө-мореналуу түз­дүктөр басымдуу. Эӊ бийик жери 173 ''м'', Идинг- Сковхой чокусу. Климаты мелүүн деӊиздик, кышы жумшак (январдын орточо температурасы 0– 0,5°С), жайы салкын (июлдуку 15–16°С). Аба ырайы туруксуз, шамалдуу, көбүнчө туман ж-а булут басып турат. Жылдык жаан-чачыны өлкө­нүн батышында 700–800 ''мм'', чыгышында 500– 600 ''мм''. Гидрографиялык тармагы өтө жыш; жамгыр сууларынан куралган чакан дарыялар басым­дуу; суу агымы жасалма жол м-н жөнгө салы­нат, дарыя нуктары каналдар м-н түздөлгөн. Негизги дарыялары: Гудено, Вардр-О (Ютлан­дияда), Сосо (Зеландия аралында), Оденсе-О (Фюн аралында). Чакан ж-а агып чыкма көлдөрү көп, алар негизинен мөӊгүнүн аракетинен пайда болгон, жээктеринде ошондой эле ''лагуна'' көлдөрү бар. Күрсүз, кумдуу күл, айдалган куба күрөӊ, түзөӊ жээктерге күрдүү марш топурактары мүнөз- | |||
[[File:ДАНИЯ20.png | thumb | Ютландиянын түш.-батыш жээги.]] | [[File:ДАНИЯ20.png | thumb | Ютландиянын түш.-батыш жээги.]] | ||
[[File:ДАНИЯ21.png | thumb | Лим-фьорд жээгиндеги викингдердин тургун жай­ларынын калдыктары.]] | [[File:ДАНИЯ21.png | thumb | Лим-фьорд жээгиндеги викингдердин тургун жай­ларынын калдыктары.]] | ||
дүү. Табигый жазы жалбырактуу (бук, эмендүү) токой ургаалдуу чарбалык иштерден дээрлик жок болуп кеткен. Азыркы ландшафтына | дүү. Табигый жазы жалбырактуу (бук, эмендүү) токой ургаалдуу чарбалык иштерден дээрлик жок болуп кеткен. Азыркы ландшафтына айыл чарба жерлеринин токойсуз чакан аянттардын (ве­ресктер, шалбаа-саздуу жерлер) ж-а отургу­зулган токой (кызыл карагай, эмен ж. б.) мас­сивдеринин айкалышы мүнөздүү. Токой өлкөнүн 11,8% аянтын ээлейт (жыл сайын 3 миӊ ''га'' то­кой отуругузулат). Данияда жалпы аянты 933 миӊ ''га'' болгон коргоого алынган 183 табигый аймак (анын 72си деӊиз резерваты) бар. | ||
'''Калкынын''' 90%тен ашыгын дандар, 0,9%ин фарерликтер, 0,1%ин эскимос-гренландия­лыктар түзөт. 8,5%ке жакыны иммигранттар ж-а алардын тукумдары (50%тен ашыгы Ев­ропа өлкөлөрүнөн тарагандар). Төрөлүүсү 1000 адамга 11,9 гана бала (1 аялга 1,8 бала) туура келген; өлүм-житим 1000 адамга 10,1 адам. Даниянын демографиялык проблемасы – калктын карта­юусу: калкынын орточо курагы 39,7 жаш (2006); кары курактагылар (65 жаштан өткөндөр) 15,2%, 15 жашка чейинке балдар 18,7%, эмгек жашындагылар (15–65 жаштагылар) 66,1%ти түзөт. Өмүрүнүн орточо узактыгы 77,8 жаш (эр­кектердики 75,5; аялдардыкы 80,2). Орто эсеп м-н 100 аялга 98 эркек туура келет. Дания Түндүк Ев­ропадагы калкы эӊ жыш отурукташкан өлкө; орточо жыштыгы (126,2 адам/''км''<sup>2</sup>) батыштан чы­гышты карай өсөт; Зеландия (240) ж-а Фюн[[File:ДАНИЯ22.png | thumb | Копенгаген гаваны.]] | |||
(137 адам/''км''<sup>2</sup>) аралдарында калк өтө жыш отурук­ташкан. Шаар калкы 85,4% (2006). Ири шаар­лары: Копенгаген [Чоӊ Копенгагендин чегин­де 1094 миӊ (2007), Даниянын калкынын 20%тен ашыгы], Орхус (230,1 миӊ), Оденсе (146,6 миӊ), Ольборг (123,4 миӊ). Экономикасында алек­тенген 2710 миӊ калктын 75%и тейлөө чөйрө­сүндө, 15,7%и өнөр жайында, 6,3%и курулушта, 3%и айыл чарбасында иштейт (2005). Динге ишенгендеринин 84–87%и лютерандар. | |||
'''Тарыхы'''. Данияда адам баласы ''палеолит'' доорун­да жашай баштап, балыкчылык, аӊчылык м-н күн көрүшкөн. Неолит доорунда жер айдап, мал багышкан. Коло доорунда соода кыйла өнүгүп, уруулук түзүлүш бузула баштаган. Дания жеринде жашаган герман урууларында (юттар, англдар ж. б.) отрукташып, дыйканчылык кылуу, акы­рындап темир иштетүү өнүккөн. 5-кылымдын орто­сунан англдар м-н юттар Британияга көчө баш­тап, Даниянын аймагына 6-кылымда дан уруулары (өл­көнүн аталышы ушундан келип чыккан) көчүп келишкен. 10-кылымда бирдиктүү Дания королдугу түзүлүп, ага Ютландия жарым аралы, Дания архипела­гындагы аралдар, Скандинавия жарым аралынын түштүк бөлүгү кирген. Вальдемар I (1157–82), Кнуд VI (1182–1202) ж-а Вальдемар II (1202–41) корол­дук кылган мезгилдерде Дания королдугу бир кый­ла чыӊдалып, кийин Скандинавия мамлекет­теринин ичинен экономикасы кыйла өнүгүп, сая­сий жактан күчтүү өлкөгө айланган. 1380-жылы Дания-Норвегия униясы, 1397-жылы Маргарита башкарган кезде Дания, Швеция ж-а Норвегия (Исландия м-н бирдикте) униясы түзүлүп, Скан­динавия өлкөлөрү Даниянын бийлигине өткөн. 1536-жылы Данияда лютеран дини мамлекеттик дин катары жарыяланган. 16–17-кылымдарда Балтика деӊизинде үстөмдүгүн сактоо ж-а Швецияны унияда кар­мап туруу максатында Дания Швеция м-н болгон көп согуштардан кийин жеӊилип, Сконе, Чы­гыш Норвегиядан ажыраган, Балтика деӊи­зинде Швециянын үстөмдүгү орногон. 1660-жылы Дания мурасчылар монархиясы деп жарыяланып, Фредерик IIIнүн (1648–70-жылдарда башкарган) 1665-жылдагы мыйзамы боюнча Даниянын абсолюттук монархия­га айлангандыгы юридикалык жактан бекитилген. Өлкөнү борборлоштуруу боюнча бир катар чаралар көрүлгөн. Наполеон согуштарына Франция та­рапта аргасыздан катышкан Дания жеӊилип, кый­ла жеринен ажыраган, экономикасы бир топ бүлүнгөн. 1848-жылы мартта революциячыл кыймыл­дын жогорулашынан улам улуттук либералдар бийликке келген. Июнь конституциясына (1849) ылайык Дания эки палаталуу парламенти бар чек­телген монархияга айланган. Дания-Пруссия (1848–50) ж-а Австрия-Дания-Пруссия согуш­тарынан (1864) кийин Д. Шлезвиг, Гольштейн ж-а Лауэнбургдан ажырап, улуттук бир тектүү мамлекетке айланган. 19-кылымдын ортосу – 20-к­ылымдын башында Данияда болгон саясий ж-а социал­дык өзгөрүштөр 1915-жылдагы буржуазиялык-демократиялык конституцияда көрсөтүлгөн. Дания биринчи дүйнөлүк согуштан кийин агрардык-индустриялуу мамле­кеттердин катарына кошулду. 1940-жылы апрелде Данияны Германия басып алып, өзүнүн азык-түлүк базасына айландырды. 1942-жылдан Данияда ''Кар­шылык көрсөтүү кыймылы'' кулач жайып, 1943-жылы сентябрда анын жетекчи органы – Эр­киндик совети түзүлгөн. 1944-жылы Исландиянын эгемендүүлүгү жарыяланган. 1945-жылы 5-майда Дания немис баскынчыларынан бошотулган. Согуш­тан кийин өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүдө 1948–53-жылдарда ''Маршалл планы'' боюнча АКШ тарабынан берилген 350 млн доллар жар­дамдын ролу чоӊ болгон. Экинчи дүйнөлүк со­гуштан кийин Дания 1949-жылы Түндүк Атлантикалык пактыга (НАТО) кошулган. 1953-жылы кабыл алынган өлкөнүн жаӊы конституциясы боюнча, фолькетинг (парламент) түзүлгөн. 1958–73-жылдарда[[File:ДАНИЯ23.png | thumb | none]] | |||
Дания экономикасы зор ийгиликтерге жетишти («алтын жыл­дар»). 1981-жылы Гренланди­яга кеӊири өзүн-өзү башка­руу укугу берилген. 1990– 91-жылдарда Даниянын аскерлери Перс булуӊундагы согушка, кийин Балкан жарым аралында­гы жаӊжалдарды басууга катышты. 1998-жылы парла­менттик шайлоонун жы­йынтыгында Нюруп-Рас­муссен жетектеген социал­-демократтар м-н радикал­дардан турган коалиция­лык өкмөт бийликке кел­ген. | |||
'''Чарбасы'''. Дания экономика­сы туруктуу өнүккөн ин­дустриялуу-агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 188,1 млрд доллар; аны киши башы­на бөлүштүргөндө (24 600 доллар) дүйнөдө 7-, Европа биримдигине (ЕБ) кирген өлкөлөрдүн ичинде 3-орун­ду ээлейт. ИДПнин 74,7%и тейлөө чөйрөсүнө, 22,4%и өнөр жайга ж-а курулушка, 2,9%и айыл, токой ж-а ба­лык чарбаларына туура ке­лет. Дания эл аралык экономикалык ала­кага активдүү катышат; ички рыногу чектелүү. Өнөр жайында илим сурамдуу ата­йын өндүрүштөрү (энергети­калык, фармацевтик, био ­ж-а маалымат техногиясы ж. б.) бар. Жогорку натый­жалуу айыл чарбасы – өлкөнүн экономикалык секторунун ж-а экс­портук негизги булактарынын бири. Дания – деӊиз соода флотунун тоннажы боюнча дүйнөдө 12-орун­ду ээлеген балык уулоочу ири өлкө. | |||
'''Данияга социалдык''' камсыздоонун Европадагы эӊ алдыӊкы системасы мүнөздүү: социалдык чыгымдар ИДПнин 31,3%ин түзөт (жылына киши башына 8223 евро туура келет; 2003). Инновациялык багыт экологияга шайкеш өнүгөт. | |||
чыгымдар ИДПнин 31,3%ин түзөт (жылына киши башына 8223 евро туура келет; 2003). Инновациялык багыт экологияга шайкеш | |||
Д-да чакан ж-а орто ишканалар басымдуу. Өн­дүрүшүнүн кыйла бөлүгү (58%) экспорт үчүн про­дукция чыгарууга багытталып, негизинен хим. (85% ке чейин; формацевтиканы кошкондо), машина куруу (75%тей), эмерек (63%тей), та­мак-аш (55%тен ашыгы) ж-а жеӊил (55 %тен ашыгы) ө. ж. продукцияларын чыга рат. | Д-да чакан ж-а орто ишканалар басымдуу. Өн­дүрүшүнүн кыйла бөлүгү (58%) экспорт үчүн про­дукция чыгарууга багытталып, негизинен хим. (85% ке чейин; формацевтиканы кошкондо), машина куруу (75%тей), эмерек (63%тей), та­мак-аш (55%тен ашыгы) ж-а жеӊил (55 %тен ашыгы) ө. ж. продукцияларын чыга рат. |
10:29, 24 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДА́НИЯ (Danmark), Д а н и я К о р о л д у г у (Kongeriget Danmark) – Түндүк Европадагы мамлекет. Ютландия жарым аралында, Дан архипелагында (ири аралдары: Зеландия, Фюн, Лолланн, Фальстер, Лангеланн, Мён), ошондой эле Борнхольм аралында, Түндүк Фриз аралынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан

(анда бардыгы 407 арал бар, анын 99унда эл жашайт). Даниянын курамына Фарер аралдары ж-а Гренландия да кирет. Батышынан Түндүк деӊиз, түштүк-чыгышынан Балтика деӊизи м-н чулганат, түндүгүнөн Скагеррак кысыгы аркылуу Норвегиядан, түндүк-чыгышынан Каттегат ж-а Эресунн (Зунд) кысыктары аркылуу Швециядан бөлүнөт; түштүгүндө Германия м-н (68 км аралыкта) чектешет. Аянты 43,1 миӊ км2 (Греландия м-н Фарер аралдарын кошпогондо). Калкы 5,9 млн (2023). Борбору – Копенгаген. Расмий тили – дан тили. Акча бирдиги – дания кронасы. Дания административдик-аймактык жактан 5 регионго бөлүнөт.
Дания БУУнун (1945), Европалык кеӊештин (1949), Европа союзунун (1973), ЭВФтин (1946), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1946), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995),Европа коопсуздугу ж-а кызматташтыгы уюмунун (1973), НАТОнун мүчөсү. Мамлекеттик түзүлүшү. Дания– унитардык мамлекет. Конституциясы 1953-жылы 5-июнда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик монархия. Мамлекет башчысы – король (1972- жылдан королева Маргрете II). Мыйзам чыгаруу бийлиги король ж-а бир палаталуу парламент – фолькетинг (курамында 179 депутат, 4 жылда бир шайланат) тарабынан ишке ашырылат. Аткаруу бийлиги королдун атынан иш жүргүзгөн, курамына Премьер-министр жетектеген Министрлер совети кирген Мамлекеттик советке таандык. Негизги саясий партиялары: Дания Социал-демократиялык партиясы, Консервативдик элдик партия, Дания Элдик партиясы, Социалисттик элдик партиясы. Табияты. Жээктеринде жазы тайыз булуӊдар, фьорддор, бийик жардуу клифтер; ошондой эле түзөӊ, аккумуляция, ватт (марш) жээктери да мүнөздүү. Түздүктүү рельеф басымдуу. Ютландия жарым аралынын чыгышында, Дан архипелагынын аралдарында көлдүү, жапыз дөбө-мореналуу түздүктөр басымдуу. Эӊ бийик жери 173 м, Идинг- Сковхой чокусу. Климаты мелүүн деӊиздик, кышы жумшак (январдын орточо температурасы 0– 0,5°С), жайы салкын (июлдуку 15–16°С). Аба ырайы туруксуз, шамалдуу, көбүнчө туман ж-а булут басып турат. Жылдык жаан-чачыны өлкөнүн батышында 700–800 мм, чыгышында 500– 600 мм. Гидрографиялык тармагы өтө жыш; жамгыр сууларынан куралган чакан дарыялар басымдуу; суу агымы жасалма жол м-н жөнгө салынат, дарыя нуктары каналдар м-н түздөлгөн. Негизги дарыялары: Гудено, Вардр-О (Ютландияда), Сосо (Зеландия аралында), Оденсе-О (Фюн аралында). Чакан ж-а агып чыкма көлдөрү көп, алар негизинен мөӊгүнүн аракетинен пайда болгон, жээктеринде ошондой эле лагуна көлдөрү бар. Күрсүз, кумдуу күл, айдалган куба күрөӊ, түзөӊ жээктерге күрдүү марш топурактары мүнөз-

дүү. Табигый жазы жалбырактуу (бук, эмендүү) токой ургаалдуу чарбалык иштерден дээрлик жок болуп кеткен. Азыркы ландшафтына айыл чарба жерлеринин токойсуз чакан аянттардын (вересктер, шалбаа-саздуу жерлер) ж-а отургузулган токой (кызыл карагай, эмен ж. б.) массивдеринин айкалышы мүнөздүү. Токой өлкөнүн 11,8% аянтын ээлейт (жыл сайын 3 миӊ га токой отуругузулат). Данияда жалпы аянты 933 миӊ га болгон коргоого алынган 183 табигый аймак (анын 72си деӊиз резерваты) бар.
Калкынын 90%тен ашыгын дандар, 0,9%ин фарерликтер, 0,1%ин эскимос-гренландиялыктар түзөт. 8,5%ке жакыны иммигранттар ж-а алардын тукумдары (50%тен ашыгы Европа өлкөлөрүнөн тарагандар). Төрөлүүсү 1000 адамга 11,9 гана бала (1 аялга 1,8 бала) туура келген; өлүм-житим 1000 адамга 10,1 адам. Даниянын демографиялык проблемасы – калктын картаюусу: калкынын орточо курагы 39,7 жаш (2006); кары курактагылар (65 жаштан өткөндөр) 15,2%, 15 жашка чейинке балдар 18,7%, эмгек жашындагылар (15–65 жаштагылар) 66,1%ти түзөт. Өмүрүнүн орточо узактыгы 77,8 жаш (эркектердики 75,5; аялдардыкы 80,2). Орто эсеп м-н 100 аялга 98 эркек туура келет. Дания Түндүк Европадагы калкы эӊ жыш отурукташкан өлкө; орточо жыштыгы (126,2 адам/км2) батыштан чыгышты карай өсөт; Зеландия (240) ж-а Фюн
(137 адам/км2) аралдарында калк өтө жыш отурукташкан. Шаар калкы 85,4% (2006). Ири шаарлары: Копенгаген [Чоӊ Копенгагендин чегинде 1094 миӊ (2007), Даниянын калкынын 20%тен ашыгы], Орхус (230,1 миӊ), Оденсе (146,6 миӊ), Ольборг (123,4 миӊ). Экономикасында алектенген 2710 миӊ калктын 75%и тейлөө чөйрөсүндө, 15,7%и өнөр жайында, 6,3%и курулушта, 3%и айыл чарбасында иштейт (2005). Динге ишенгендеринин 84–87%и лютерандар.
Тарыхы. Данияда адам баласы палеолит доорунда жашай баштап, балыкчылык, аӊчылык м-н күн көрүшкөн. Неолит доорунда жер айдап, мал багышкан. Коло доорунда соода кыйла өнүгүп, уруулук түзүлүш бузула баштаган. Дания жеринде жашаган герман урууларында (юттар, англдар ж. б.) отрукташып, дыйканчылык кылуу, акырындап темир иштетүү өнүккөн. 5-кылымдын ортосунан англдар м-н юттар Британияга көчө баштап, Даниянын аймагына 6-кылымда дан уруулары (өлкөнүн аталышы ушундан келип чыккан) көчүп келишкен. 10-кылымда бирдиктүү Дания королдугу түзүлүп, ага Ютландия жарым аралы, Дания архипелагындагы аралдар, Скандинавия жарым аралынын түштүк бөлүгү кирген. Вальдемар I (1157–82), Кнуд VI (1182–1202) ж-а Вальдемар II (1202–41) королдук кылган мезгилдерде Дания королдугу бир кыйла чыӊдалып, кийин Скандинавия мамлекеттеринин ичинен экономикасы кыйла өнүгүп, саясий жактан күчтүү өлкөгө айланган. 1380-жылы Дания-Норвегия униясы, 1397-жылы Маргарита башкарган кезде Дания, Швеция ж-а Норвегия (Исландия м-н бирдикте) униясы түзүлүп, Скандинавия өлкөлөрү Даниянын бийлигине өткөн. 1536-жылы Данияда лютеран дини мамлекеттик дин катары жарыяланган. 16–17-кылымдарда Балтика деӊизинде үстөмдүгүн сактоо ж-а Швецияны унияда кармап туруу максатында Дания Швеция м-н болгон көп согуштардан кийин жеӊилип, Сконе, Чыгыш Норвегиядан ажыраган, Балтика деӊизинде Швециянын үстөмдүгү орногон. 1660-жылы Дания мурасчылар монархиясы деп жарыяланып, Фредерик IIIнүн (1648–70-жылдарда башкарган) 1665-жылдагы мыйзамы боюнча Даниянын абсолюттук монархияга айлангандыгы юридикалык жактан бекитилген. Өлкөнү борборлоштуруу боюнча бир катар чаралар көрүлгөн. Наполеон согуштарына Франция тарапта аргасыздан катышкан Дания жеӊилип, кыйла жеринен ажыраган, экономикасы бир топ бүлүнгөн. 1848-жылы мартта революциячыл кыймылдын жогорулашынан улам улуттук либералдар бийликке келген. Июнь конституциясына (1849) ылайык Дания эки палаталуу парламенти бар чектелген монархияга айланган. Дания-Пруссия (1848–50) ж-а Австрия-Дания-Пруссия согуштарынан (1864) кийин Д. Шлезвиг, Гольштейн ж-а Лауэнбургдан ажырап, улуттук бир тектүү мамлекетке айланган. 19-кылымдын ортосу – 20-кылымдын башында Данияда болгон саясий ж-а социалдык өзгөрүштөр 1915-жылдагы буржуазиялык-демократиялык конституцияда көрсөтүлгөн. Дания биринчи дүйнөлүк согуштан кийин агрардык-индустриялуу мамлекеттердин катарына кошулду. 1940-жылы апрелде Данияны Германия басып алып, өзүнүн азык-түлүк базасына айландырды. 1942-жылдан Данияда Каршылык көрсөтүү кыймылы кулач жайып, 1943-жылы сентябрда анын жетекчи органы – Эркиндик совети түзүлгөн. 1944-жылы Исландиянын эгемендүүлүгү жарыяланган. 1945-жылы 5-майда Дания немис баскынчыларынан бошотулган. Согуштан кийин өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүдө 1948–53-жылдарда Маршалл планы боюнча АКШ тарабынан берилген 350 млн доллар жардамдын ролу чоӊ болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Дания 1949-жылы Түндүк Атлантикалык пактыга (НАТО) кошулган. 1953-жылы кабыл алынган өлкөнүн жаӊы конституциясы боюнча, фолькетинг (парламент) түзүлгөн. 1958–73-жылдарда
Дания экономикасы зор ийгиликтерге жетишти («алтын жылдар»). 1981-жылы Гренландияга кеӊири өзүн-өзү башкаруу укугу берилген. 1990– 91-жылдарда Даниянын аскерлери Перс булуӊундагы согушка, кийин Балкан жарым аралындагы жаӊжалдарды басууга катышты. 1998-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында Нюруп-Расмуссен жетектеген социал-демократтар м-н радикалдардан турган коалициялык өкмөт бийликке келген.
Чарбасы. Дания экономикасы туруктуу өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 188,1 млрд доллар; аны киши башына бөлүштүргөндө (24 600 доллар) дүйнөдө 7-, Европа биримдигине (ЕБ) кирген өлкөлөрдүн ичинде 3-орунду ээлейт. ИДПнин 74,7%и тейлөө чөйрөсүнө, 22,4%и өнөр жайга ж-а курулушка, 2,9%и айыл, токой ж-а балык чарбаларына туура келет. Дания эл аралык экономикалык алакага активдүү катышат; ички рыногу чектелүү. Өнөр жайында илим сурамдуу атайын өндүрүштөрү (энергетикалык, фармацевтик, био ж-а маалымат техногиясы ж. б.) бар. Жогорку натыйжалуу айыл чарбасы – өлкөнүн экономикалык секторунун ж-а экспортук негизги булактарынын бири. Дания – деӊиз соода флотунун тоннажы боюнча дүйнөдө 12-орунду ээлеген балык уулоочу ири өлкө.
Данияга социалдык камсыздоонун Европадагы эӊ алдыӊкы системасы мүнөздүү: социалдык чыгымдар ИДПнин 31,3%ин түзөт (жылына киши башына 8223 евро туура келет; 2003). Инновациялык багыт экологияга шайкеш өнүгөт.
Д-да чакан ж-а орто ишканалар басымдуу. Өндүрүшүнүн кыйла бөлүгү (58%) экспорт үчүн продукция чыгарууга багытталып, негизинен хим. (85% ке чейин; формацевтиканы кошкондо), машина куруу (75%тей), эмерек (63%тей), тамак-аш (55%тен ашыгы) ж-а жеӊил (55 %тен ашыгы) ө. ж. продукцияларын чыга рат.
Түндүк деӊизден нефть (2005-ж. 21,9 млн т ; чалгындалган запасы 268 млн т), табигый газ

(9,2 млрд м3; запасы 132 млрд м3) казылып алынат. Энергия ресурстарын казып алуу ички керектөөдөн ашып кетет. Экспортко 14,9 млн м3 нефть (негизинен Швеция, Нидерланд, Финляндияга, о. эле Франция, Германияга), 5,2 млрд м3 газ чыгарат. Көмүрдү негизинен ТАР, Колумбия, Россиядан (жылына 9 млн т) а лат.
Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 10 миӊ МВт чамасында (2004). 38,4 млрд кВт⋅ с электр энергиясын өндүрүп, 31,7 млрд кВт⋅ с пайдаланат. Өндүрүштүн 83%и ЖЭСке, 17% башка булактарга таандык. Д. шамал энергиясын пайдалануу б-ча дүйнөдө алдыӊкы орундардын бирин ээлейт. Түндүк деӊиздеги «Horns Rev» (жээктен 14–20 км) дүйнөдөгү эӊ ири шамал паркы бар, анын кубаттуулугу 160 мВт. О. эле биоотундан, а. ч. калдыктарынан, деӊиз толкунунан, күн нурунан энергия алат.
Металлургия (металл иштетүү кошо) импорттук сырьёнун негизинде иштейт. Машина куруу (электрондук буюмдар ж-а транспорт каражаттары кошо) ө. ж. продукциясынын 25%ин түзөт. Алар: деӊиз кемелерин куруу, энергетика ж-а муздаткыч жабдуулары, электр.-тех. продукциялары, тамак-аш ө. ж. үчүн жабдуулар, мед. приборлор ж-а аспаптар, телекоммуникация комплексинин тармактары. Сырткы заказ м-н түрдүү типтеги ж-а тоннаждагы кемелер ку-

рулат. Кеме куруунун ж-а ремонттоонун борборлору – Копенгаген, Ольборг шаарлары.
Электр жабдууларын ж-а технологиясын, насос (жылына 10 млн), суу тазалоочу ж-а жылытуучу жабдууларды, кондиционер муздаткыч, шамал энергиясын өндүрүү үчүн жабдууларды ж-а технологияларды, мед. приборлорду ж-а материалдарды, угуучу аппараттарды, диагностика жабдууларын чыгарат.
Тамак-аш ө. ж., айрыкча сүттү кайра иштетүү, о. эле сыр, пиво, шире, балдар тамактарын ж. б. продукцияларды чыгаруу үчүн жабдууларды (80%тен ашыгы экспорттолот) ж-а айыл чарбасы (электр сүт саагычын), эт ж-а балык иштетүү, лак, цемент даярдоо үчүн жабдууларды чыгаруу салтка айланган.
Электроникада зымсыз телекоммуникация, аудиож-а көрмөтехника, акустика системасы, телефондор, аскер техникасынын жогорку технол. компоненттерин – радар системасын, аскер самолёттору м-н вертолётторунун радиоэлектрондук коргонуу системаларын, космостук жабдууларды, аскер техникасы ж-а космостук ракеталар үчүн электрондук компоненттерди даярдоонун мааниси зор.
Хи мия ө. ж. күк үрт к-тас ын (дүй нөл үк өндүрүштүн 25% тейи), пластмасса, өсүмдүк коргоочу каражаттарды, лак, сыр, дары-дармек (инсулин, антибиотик, витамин) ж. б. даярдайт. Жыгач иштетүү, эмерек, текстиль, тигүү, булгаары ө. ж-лары бар. Д. модалуу кийим чыгаруу б-ча Скандинавия өлкөлөрүнүн ичинен алдыӊкы орунда. Тамак-аш ө. ж. өнүккөн: азыктүлүк өндүрүү б-ча Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен 5–6-, киши башына бөлүштүргөндө 1-орунда. Д. чочко этин (дүйнөлүк экспорттун 17%), сүт, бекон, ветчина, сыр, жууган май ж. б. продуцияларын экспорттоо б-ча алдыӊкы орундардын бирин ээлейт. Д. пивосу м-н да белгилүү (80ден ашык ишканасы б ар).
Ургаалдуу өнүккөн ж-а жогорку продукттуулуктагы а. ч. – өлкөнүн экономикасынын негизги секторлорунун бири. Агр. (негизинен мал чарбасы) өндүрүшүнүн продукциясынын көлөмү ички керектөөдөн үч эсе көп, анын 2/3 си сыртка сатылат. Айыл чарба өндүрүшүнүн негизин үй-бүлөлүк ферма түзөт. Фермалардын орт. аянты 58 га. Чакан фермалар (30 гага чейин) жалпы чарбанын 49%ин (айд. жердин 12%), ири фермалар (50 га дан ашык) 37%ин түзөт (иштетилген жердин 79%). Жалпы чарбалардын 60% мал чарбасы, 40% өсүмдүк өстүрүүчүлүк м-н алектенет. Агр. секторунда фермерлер түзгөн 300гө жакын кооператив, коом, биримдик, ишканалар ж-а ассоциациялар иштейт. Кооперативдер продукция сатуу ж-а сатып алуу, а. ч. техникасын ремонттоо ж. б. иштерди жасайт. Бардык чарбачылык иштер механикалаштырылган ж-а автоматташтырылган; минералдык

жер семирткичтерди пайдалануу жылдан жылга азайып, экол. таза технологияны колдонуу кеӊейү үдө.
Агроөнөр жай комплексинин экспорту 9,6 млрд долларды түзөт (а. и. чочко эти 4,65 млрд, сүт продукталары 1,8 млрд, баалуу тери 0,67 млрд доллар; 2005). Негизги соода шериктери: Германия, Улуу Британия, Япония, Швеция, о. эле Чыгыш Европа өлкөлөрү.
Айыл чарбасынын башкы тармагы – мал чарбасы (агр. продукция наркынын 65,5%и). Чочкочулук ж-а сүт багытындагы уй асыроо өнүккөн. 2005-ж. 13,5 млн чочко болгон; чочко этин даярдоо б-ча дүйнөдө 5-орунда (2 млн кг; анын 1,6 млн кгнан ашыгы экспортко чыгарылат); пайдаланылган ж-а экспортко чыгарылган чочко этин киши башына бөлүштүргөндө Европада 1-орунда. 2005-ж. 17,5 млн тоок асыралган. Д. – суу суусарынын терисин даярдоо ж-а аны экспорттоо б-ча (дүйнөлүк өндүрүштүн 40%) дүйнөдө алдыӊкы өлкөлөрдүн б ири.
Мал чарбасы үчүн өстүрүлгөн тоют өсүмдүктөрүнүн аянты азык-түлүк өсүмдүктөрүнүкүнөн кыйла чоӊ. А. ч-га жарактуу жеринин (бардыгы 2645,3 миӊ га; өлкөнүн аймагынын 65%) 52,2%и дан (арпа, буудай, о. эле сулуу, кара буудай), 30,3% тоют ж-а 3,6% азык тамыр өсүмдүктөрүнө (картошка, кант ж-а тоют кызылчасы), 0,8% жашылча, мөмө-жемишке туура ке лет.
Балык негизинен (75%) Түндүк деӊиздин жээгинен кармалат; дарыяларда, көлдөрдө ж-а аквафермаларда балык (жилингир, сом, курт балык ж. б.) көбөйтүлөт. Д. балык кармоо ж-а көбөйтүү б-ча дүйнөдө 3-ору нда.
Өлкөнүн экономикасынын ири ж-а туруктуу өнүккөн сектору – тейлөө чөйрөсү. Маанилүү тармагы – финансы ж-а ишкердик жактан тейлөө. Д. калкты компьютер, Интернет ж-а тез байланыш м-н камсыз кылуу б-ча дүйнөдөгү беш алдыӊкы өлкөнүн ичине кирет. Ошондой эле ишкердик жактан тейлөө ж-а далдалчылык (инж., курулуш, транспорт, энергетика, компьютердик технология, о. эле аудитордук, бухгалтердик, лизинг, маркентинг, реклама ж. б. жактан тейлөө) өнүккөн. Финансылык тейлөө секторунда банк-кредиттик мекемелердин мааниси зор (548 банк иштейт). Илими өнүккөн; азыркы технология, инновация кеӊири пайдаланы лат.
Д. – Борб. ж-а Түн. Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы стратегиялык транспорт түйүнү; трансевропа жүктөрүнүн бир бөлүгүн тейлейт. Маанилүү аралдары тоннель-көпүрө курулмалары м-н байланышат. Кичи ж-а Чоӊ Бельт кысыктарына салынган көпүрөлөр Ютландияны Фюн ж-а Зеландия а-дары м-н туташтырат. Эресунн (Зунд) кысыгынын астынан өткөн автомобиль ж-а темир жолдору (жалпы уз. 15,8 км) Копенгагенди Мальме ш. (Швеция) м-н байланыштырып, Скандинавия өлкөлөрүнөн Германияга жол ачат. Швеция, Новергия, Германия м-н паром аркылуу да катташат. Сыртка ташылган жүктүн 75%ке жакыны деӊиз, 17%тейи автомобиль, 8%ке жакыны темир жолуна туура келет. Автомобиль жолунун уз. 72 257 км, анын 1032 кми жогорку ылдамдыктагы автомагистраль (2005).ны электрлештирилген; 2005). Сырткы жүктөрдүн 75%ке жакыны, ички жүктөрдүн 1/ ге жа- 5 кыны деӊиз флоту м-н ташылат. 118 порт ж-а терминал иштейт. 28 аэропорт бар; эл аралык ири аэропорттору: Каструп (Копенгагенде), Биллуни, Орхус, Оде нсе.
Д-га дүйнөлүк экспорттун 1,1% ж-а импорттун 0,9% таандык. Экспортунда маанилүү орунду машина куруу (энергетика, тамак-аш ө. ж., телекоммуникация жабдуулары ж. б.), хим. ж-а фармацевтика ө. ж. продукциялары ээлейт, азык-түлүк (эт ж-а сүт продуктулары, балык, дан) ж. б. чыгарып, сырттан ө. ж. жабдууларын, автомобиль, компьютер техникасын, офис жабдууларын, ө. ж. үчүн сырьё ж-а чала фабрикат, химикат, малга тоют ж. б. алат. Негизги соода шериктери: Германия (экспорттун 17,3%, импорттун 20,7%), Швеция (13,3 ж-а 13,7%), Улуу Британия (9 ж-а 6%), о. эле, Нидерландия (5,2 ж-а 6,6%), Норвегия (5,3 ж-а 4,5%), АКШ (6,5 ж-а 2,8%) ж. б. Кытай м-н соода-сатыгы тез темпте өнүгүүдө.
Маданияты.
Д-нын маданиятында жерг. элдик салттар ж-а Европа мамлекеттеринин таасири таасын байкалат. Өлкөнүн калкы дээрлик сабаттуу. Милдеттүү 9 жылдык билим берилет, балдар жалпы билим берүүчү мектептерде окушат. Кесиптик-тех. билим берүү мекемелери иштейт. Жогорку билим берүү системасына унттер, экономика, башкаруу ж-а чет тилдер жо-
горку мектептери, фармацевтика, китепкана, педагогикалык ж-а стоматол. коллеждери, техникалык ин-ттар кирет. Ири ЖОЖдору: Копенгагендеги Королдук иск-во академиясы, мындан тышкары Копенгаген, Ольбор, Орхус, Оденсе, Роскиллде ун-ттер, Королдук ветеринария ж-а а.ч. ун-ти, Дания жогорку тех. мектеби, Дания инж. академиясы бар.
Д-нын алгачкы адабий эстеликтери 12-к-да латын тилинде пайда болгон. 16-к-да улуттук тилдин өнүгүүсүнө Библияны дан тилине которгон (1550) К. Педерсон зор салым кошкон. 18-кда Д-да агартуучулук идеялар тарайт. Ошол доорго таандык көрүнүктүү философ, драматург, сатирик Л. Хольберг улуттук дания театрын негиздөөчү катары, о. эле Й. Х. Вессель, Й. Эвальд сыяктуу акын ж-а драматургдардын реалисттик чыгармалары кеӊири белгилүү. 19-к-да адабий романтизмдин өкүлү А. Эленшлегердин чыгармалары адамдын мүмкүнчүлүктөрүнө карата ишеним м-н оптимисттик маанайда жаралган. Дания романтизминин классикалык доорунун көрүнүктүү өкүлү – Х. К. Андерсен жомокту универсалдуу, көп түрлүү акын-жазуучулардын мазмундуу, филос. ж-а диний-нравалык идеяларга жык толгон жанрга айланткан. С. Кьеркегор, Й. В. Йенсен, Х. К. Браннер, И. Кристенсен, П. Хойхольт ж. б. чыгармаларында элдин турмушундагы түрдүү окуялар чагылдырылат. С. Бёдкер, Б. Реутердин балдар үчүн жазылган чыгармалары Д-да, о. эле чет өлкөлөрдө кеӊири белги лүү.
Аймактагы маданий эстеликтердин калдыгы б. з. ч. 8-миӊ жылдыкка таандык. 10–14-к-да роман, готика стилинде чиркөө, сепил, аскердик-инж. курулуштар салынган. 16–17-к-да шаар куруу өрчүгөн. 1754-ж. Копенгагенде Көркөм академиянын уюшулушу улуттук көркөм классицизмдин калыптанышына шарт түзгөн. Анын Б. Торвальдсен, Н. А. Абильгор, К. Ф. Харсдорф, К. Ф. Хансен сындуу өкүлдөрү кеӊири белги лүү.
Сүрөт өнөрүнүн эстеликтери таш дооруна таандык. Алгачкы миниатюралар 11–12-к-да пайда болгон. Классицизмдин көрүнүктүү өкүлдөрү (Б. Торвальдсен, Е. Юль ж. б.) чыгармаларын барокко, рококконун таасиринде жараткан. Скаген кыш-нда сүрөтчүлөрдүн колониясы негизделип, анын мүчөлөрү жарык ж-а абанын таасирин изилдешкен, андагы П. С. Крёйер, В. Йохансен, Т. Э. Филипсен, жубайлар А. К. ж-а М. П. Анкерлердин чыгармалары живопись ж-а лиризми м-н айырмаланат. Сүрөт өнөрүндө импрессионизмден абстракционизмге чейинки ар түрдүү багыт өкүм сүргөнү м-н негизги орун реализмге таандык. Анын өкүлдөрү – Х. Бидструп, О. Руде ж. б. 21-к-дын башында түрдүү жанрдагы сүрөтчүлөрдүн башын коштурган Копенгагендеги Опера жаӊы имараты (2004, арх. Х. Лар-

сен, сүрөтчүлөрү: О. Элиассон, Т. Розенцвейг, Э. А. Франдсен, С. Торнборг ж. б.) курул ган.
Улуттук музыкасы 12-к-га чейин элдик чыгармалар (баатырдык, эпикалык) м-н гана чектелген. Профессионалдык музыканын алгачкы үлгүлөрү 15–16-к-да пайда болгон. М. Педерсон, Х. Нильсен ж. б. тунгуч профессионал композиторлор чыгармаларын венеция мектебинин таасиринде жазган. Д. музыкасы 17-к-да италиялыктар м-н француздардын, 18-к-да немис композиторлорунун таасиринде жазылган. Улуттук стилде жазылган алгачкы чыгармалар – Кунцендин «Холгер Данске» (1789) ж-а Шульцтун «Эгин майрамы» (1790). 1867-ж. Копенгагенде негизделген консерватория ж-а Муз. бирикме (1836) муз. мад-ттын очогуна айланган. Борбор калаада жыл сайын эл аралык жаз фестивалы өткөрүлүп ту рат.
Д-да театр өнөрү 16-к-да калыптана баштаган. 19-к-дын биринчи жарымында Р. Монтегью шаардык жаӊы театрды жетектеп, алгачкы ирет оригиналдуу пьесалар коюла баштаган. 1748-ж. Копенгагенде театр ачылып, 1770-жылдан Королдук дания театры деп аталган. Анын репертуарында Вольтер, Мольер, П. О. Бомарше, Р. Шеридандын чыгармалары болгон. Улуттук актёрдук өнөргө негиз салгандар: Г. Лоннеман, М. У. Хортулат, Н. Клемантин, К. Вальтер, М. Росинг ж. б. Учурда актёрлорду Копенгагендеги драмалык иск-во мамл. мектеби (1886– 1967-ж. Королдук театрдын алдында иштеген) даярдап чыгарат. Д. Королдук театры өлкөдөгү ири чыгармачыл жамаат катары белгилүү. Анда драма, балет ж-а опера труппалары бар.
Балет өнөрү 17-к-дан баштап өнүгө баштаган. 20–21-к-дын башталышында: А. Ларкесен, Л. Еппесен, Й. Элиасен, Й. Кобборг, Г. Боесон, К. Кавалло, Т. Лунн ж. б. артисттер Д. улуттук балетин өнүктүрүүгө зор салымдарын кошуш кан.
Копенгагенде алгачкы фильм 1896-ж. көрсөтүлгөн. 1903-ж. сүрөтчү П. Эльфельт кыска метраждуу фильмин көрүүчүлөргө тартуулаган. 20- к-дын башында Европа өлкөлөрүнүн ичинде Д. кинематография тармагында көрүнүктүү орунду ээлеген. Үнсүз кино доору негизинен О. Ольсендин ысмы м-н байланыштуу. Ал 1906-ж. «Nordisk Film» кинокомпаниясын уюштуруучулардын бири болгон. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында негизинен сентименталдуу драмалар («Мекен үчүн», «Акыр заман», «Асман кемеси» ж. б.) коюлган. 1920-ж. Р. С. Петерсон алгачкы анимациялык «Үч адам» аттуу фильмин тарткан. Немис фашисттик оккупация мезгилинде көбүнчө комедиялар экрандаштырылган. Ошону м-н катар эле олуттуу фильмдер, мис., С. Метлингдин (1940) «Жайдын кубанычтары», 1943-ж. дания кинематографиясынын белгилүү режиссёру К. Т. Дрейердин «Каардануу күнү» сыяктуу мыкты фильмдердин бири катары эсептелген кинолор да жаралган. Согуштан кийин «Көрүнбөгөн армия» (1945, реж. И. Якобсен), «Дитте – адам баласы» (реж. Б. Хеннинг- Енсен; 1946-ж. Венецияда өткөн кинофестивалдын байгесин алган) ж. б. фильмдер тартылган. 70-жылдары Д-да кино тармагын мамлекет тарабынан колдоо ж-дө мыйзам кабыл алынган соӊ бир кыйла өнүгө баштаган. Мис., Б. Августтун «Пеле-баскынчы» (1987, Канныдагы эл аралык фестивалда баш байгеге, «Оскар» сыйлыгына татыктуу болгон), Г. Акселдин «Бабеттанын тою» (1987, «Оскар» сыйлыгы), Т. Винтербергдин «Кымбаттуу Венди» (2005) ж. б. Копенгагенде 1940-ж. Д. киномузейи, 1972-ж. Д. киноинституту ачылган.
Ад.: О’ Делл Э. Скандинавия. М., 1962; Серебряный Л. Р. Физическая география и четвертичная геология Дании. М., 1967; Петренко И. М. Сельское хозяйство Дании. Краснодар, 2004; Коваленко В. П. Промышленное производство молока и свинины в Дании. Краснодар, 2005.