ДАБАЧЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ДАБАЧЫ''' , Т а б а ч ы, Д а в а ц и, Д е б а ч и – жуӊгар ханы (1750–53), ''Эрдене баатыр коӊтаа­жынын'' (Куту Көчүн) тукумунан чыккан акыр­кы хан. Эрдене баатыр коӊтаажынын 10 бала­сы: ''Сеӊге, Галдан Бошокту,'' Чечен (Цэцен), Баа­тыр, Дундук Сереӊ ж. б.) болгон. Дабачы Дундук Сереӊдин тукуму. 1750-жылы кышында ''Галдан Цэрен'' хандын жээни, хошут (хошоут) князы Амир­сана м-н бирге аталаш тууганы ''Олоӊ Доржу'' (Ла­ма-Доржи) ханды өлтүрүүгө катышып, бүт ''Жуӊгарияга'' хан болгон. 1753-жылы Цин аскери тарабы­нан колго түшүрүлүп, Пекинде өлтүрүлгөн.
'''ДАБАЧЫ''' (калмакча «Давчи», моңгол тилинде «Даваач», орус тилинде «Даваци, Дебачи», 1723–1760, [[Цинь империясы]], [[Пекин]]) [[жуңгар]] ханы (1753–1755), [[Эрдене баатыр коңтаажы]]нын (1635–1653) тукумунан чыккан акыркы хан. Эрдене баатыр коңтаажынын 10 баласы: [[Сеңге]]'','' [[Галдан Бошокту]]'','' Чечен (Цэцен), Баа­тыр, Цэрэн-Дондоб ж. б.) болгон. Дабачынын чоң атасы Цэрэн-Дондоб убагында Иртыш өзөнүнөн [[Жети-Суу]]нун чыгышына чейин ээлик кылган. Дабачыны Галдан Цэрен хан­дын жээни, хошут (хошоут) князы Амир­са­на (Амурсан) жана Банчжур тайшы колдоп, алар 1751-жылы аталаш тууганы [[Лама-Доржу]] хан (1749–1753) менен араздашып, [[Иле дарыясы]]нын оң жээгине көчүп келген. Аларды кармап келүү үчүн Лама-Доржу хан 1753-жылы ири отряд аттандырган. Аны билген Дабачы куулук менен башка жактан айланып келип, ханды өлтүргөн жана өзүн хан жарыялаган. Көп өтпөй ага нааразы болгон Амир­са­на, Банчжур ж.б. тайшылар Цинь императору менен келишип, анын кол алдындагы жерлерге журт которуп кетишкен. Натыйжада [[Жуңгар хандыгы]] алсырап, цинь аскерине каршы күрөшүү үчүн Дабачы Иле дарыясынын башы [[Текес]] аркылуу [[Кашкар]] тарапка өтүүгө аракет кылган. Бирок Үч-Турпан шаарынын акими Шараф ад-Дин Кожо-Жусуп аны туткунга алып, Пекинге жиберген. Император [[Цяньлун]] (1736–1795) ага 1-даражадагы князь наамын берип, сый туткун катары хан сарайда калтырган. Ошол жерде көз жумган.


Ад.: ''Златкин И. Я.'' История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-е изд. М., 1983.
Ад.: Думан Л. И. Аграрная политика цинского (манчжурского) правительства в Синьцзяне в конце XVIII века. М.-Л., 1936; Чимитдоржиев Ш. Б. Национально-освободительное движение монгольского народа в XVII-XVIII вв. Улан-Удэ., 2002. Хафизова Ш. К. Степные властители и их дипломатия в ХVIII–ХIХ веках. Нур-Султан, 2019.  
 
''Э. Турганбаев.''
[[Category: 3-том, 5-85 бб]]
[[Category: 3-том, 5-85 бб]]

09:15, 25 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДАБАЧЫ (калмакча «Давчи», моңгол тилинде «Даваач», орус тилинде «Даваци, Дебачи», 1723–1760, Цинь империясы, Пекин) жуңгар ханы (1753–1755), Эрдене баатыр коңтаажынын (1635–1653) тукумунан чыккан акыркы хан. Эрдене баатыр коңтаажынын 10 баласы: Сеңге, Галдан Бошокту, Чечен (Цэцен), Баа­тыр, Цэрэн-Дондоб ж. б.) болгон. Дабачынын чоң атасы Цэрэн-Дондоб убагында Иртыш өзөнүнөн Жети-Суунун чыгышына чейин ээлик кылган. Дабачыны Галдан Цэрен хан­дын жээни, хошут (хошоут) князы Амир­са­на (Амурсан) жана Банчжур тайшы колдоп, алар 1751-жылы аталаш тууганы Лама-Доржу хан (1749–1753) менен араздашып, Иле дарыясынын оң жээгине көчүп келген. Аларды кармап келүү үчүн Лама-Доржу хан 1753-жылы ири отряд аттандырган. Аны билген Дабачы куулук менен башка жактан айланып келип, ханды өлтүргөн жана өзүн хан жарыялаган. Көп өтпөй ага нааразы болгон Амир­са­на, Банчжур ж.б. тайшылар Цинь императору менен келишип, анын кол алдындагы жерлерге журт которуп кетишкен. Натыйжада Жуңгар хандыгы алсырап, цинь аскерине каршы күрөшүү үчүн Дабачы Иле дарыясынын башы Текес аркылуу Кашкар тарапка өтүүгө аракет кылган. Бирок Үч-Турпан шаарынын акими Шараф ад-Дин Кожо-Жусуп аны туткунга алып, Пекинге жиберген. Император Цяньлун (1736–1795) ага 1-даражадагы князь наамын берип, сый туткун катары хан сарайда калтырган. Ошол жерде көз жумган.

Ад.: Думан Л. И. Аграрная политика цинского (манчжурского) правительства в Синьцзяне в конце XVIII века. М.-Л., 1936; Чимитдоржиев Ш. Б. Национально-освободительное движение монгольского народа в XVII-XVIII вв. Улан-Удэ., 2002. Хафизова Ш. К. Степные властители и их дипломатия в ХVIII–ХIХ веках. Нур-Султан, 2019.