ДАОСИЗМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАОСИ́ЗМ''' – 1) байыркы | '''ДАОСИ́ЗМ''' – 1) байыркы философиялык, диний окуу­лардын бири. Ал б. з. ч. 6–5-кылымдарда Байыркы Кы­тайда пайда болгон. Даосизм окуусунун негиз салуу­чусу катары Конфуцийдин замандашы Лао-Цзы эсептелет. Даосизм окуусунун негизги түшүнүгү – Дао, ал Даосизм окуусунун философиялык идеясынын өзөгүн түзөт. Бул терминдин сөзмө-сөз мааниси кыргыздын байыркы дүйнө таанымы Теӊирчиликтин – «Жол» нуска наамасынын мазмунуна жакын. Даосизм «дүйнөнүн түпкү себеби», «ааламдын маӊы­зы», «жаратылыштын негизги мыйзамы» сы­яктуу теориялык жоболорду камтыйт. Даосизмди ар тарап­тан өнүктүргөн Конфуцийдин окуусунда «дао» деп, мыкты башкаруучунун жолун, ади­леттүүлүктү өркүндөтүүнүн жолун, ыйман-адеп ченемдеринин жыйындысын түшүнүшкөн. Дао­нун жолун жолдоо, табигый кубулуштарга ж-а процесстерге кийлигишпөө, табият м-н таттуу мамиледе болуу гана ийгиликке алып келет деш­кен. Ал эми «Дао Дэ Цзин» китебинде: бардык заттар өзүнүн «менчик» жолу – д а о аркылуу жаралат ж-а өзгөрөт, дүйнөдө өзгөрүлбөс эч нерсе жок, бардыгы теӊ ошол өзгөрүүлөрдүн жүрүшүн­дө өзүнүн карама-каршысына айланышат деген философиялык тыянак бар. Б. з-дын 2–3-кылымында Даосизм фи­лософиялык ж-а диний багыттарга бөлүнүп кеткен. 2) Кытай диндеринин бири, б. з. 2-кылымында пайда болгон. Даосизмдин негизги канондук жоболору: тео­логиясы м-н теориясы 5-кылымдын башталышында иштелип чыккан, Тан доорунда (10-кылымга чейин) ал мамлекеттик бийликтин өзгөчө колдоосунда бол­гон. Даосизм кытайдын расмий дини катары класси­калык дао философиясы м-н аралашып, элдик синкреттик (бирикме, бүтүн) окуу катары 20-кылымдын ортосуна чейин сакталып келген. Даосизмди жактоочулардын максаты – дүйнөдө түркүн түрдүү ыкмаларды: атайын мүнөз тамак-аш­тан тартып, ар кандай дарылоочу дене тар­бия көнүгүүлөрүнө чейинки ыкмаларды пай­далануу м-н адам өмүрүн узартууга жетишүү болгон. | ||
эсептелет. | |||
«Жол» нуска наамасынын мазмунуна жакын. | |||
ченемдеринин жыйындысын түшүнүшкөн. Дао­нун жолун жолдоо, табигый кубулуштарга ж-а процесстерге кийлигишпөө, табият м-н таттуу мамиледе болуу гана ийгиликке алып келет деш­кен. Ал эми «Дао Дэ Цзин» китебинде: бардык заттар өзүнүн «менчик» жолу – д а о аркылуу жаралат ж-а өзгөрөт, дүйнөдө өзгөрүлбөс эч нерсе жок, бардыгы теӊ ошол өзгөрүүлөрдүн жүрүшүн­дө өзүнүн карама-каршысына айланышат деген | |||
2) Кытай диндеринин бири, б. з. 2- | |||
Ад.: ''Ян Хин-шун.'' Древне-китайский философ Лао­цзы и его учение. М., 1950; ''Торчинов Е. А.'' Даосизм. СПб., 1998; ''Вэнь Цзянь, Горобец Л. А.'' Даосизм в современном Китае, СПб., 2005.. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
09:48, 25 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
ДАОСИ́ЗМ – 1) байыркы философиялык, диний окуулардын бири. Ал б. з. ч. 6–5-кылымдарда Байыркы Кытайда пайда болгон. Даосизм окуусунун негиз салуучусу катары Конфуцийдин замандашы Лао-Цзы эсептелет. Даосизм окуусунун негизги түшүнүгү – Дао, ал Даосизм окуусунун философиялык идеясынын өзөгүн түзөт. Бул терминдин сөзмө-сөз мааниси кыргыздын байыркы дүйнө таанымы Теӊирчиликтин – «Жол» нуска наамасынын мазмунуна жакын. Даосизм «дүйнөнүн түпкү себеби», «ааламдын маӊызы», «жаратылыштын негизги мыйзамы» сыяктуу теориялык жоболорду камтыйт. Даосизмди ар тараптан өнүктүргөн Конфуцийдин окуусунда «дао» деп, мыкты башкаруучунун жолун, адилеттүүлүктү өркүндөтүүнүн жолун, ыйман-адеп ченемдеринин жыйындысын түшүнүшкөн. Даонун жолун жолдоо, табигый кубулуштарга ж-а процесстерге кийлигишпөө, табият м-н таттуу мамиледе болуу гана ийгиликке алып келет дешкен. Ал эми «Дао Дэ Цзин» китебинде: бардык заттар өзүнүн «менчик» жолу – д а о аркылуу жаралат ж-а өзгөрөт, дүйнөдө өзгөрүлбөс эч нерсе жок, бардыгы теӊ ошол өзгөрүүлөрдүн жүрүшүндө өзүнүн карама-каршысына айланышат деген философиялык тыянак бар. Б. з-дын 2–3-кылымында Даосизм философиялык ж-а диний багыттарга бөлүнүп кеткен. 2) Кытай диндеринин бири, б. з. 2-кылымында пайда болгон. Даосизмдин негизги канондук жоболору: теологиясы м-н теориясы 5-кылымдын башталышында иштелип чыккан, Тан доорунда (10-кылымга чейин) ал мамлекеттик бийликтин өзгөчө колдоосунда болгон. Даосизм кытайдын расмий дини катары классикалык дао философиясы м-н аралашып, элдик синкреттик (бирикме, бүтүн) окуу катары 20-кылымдын ортосуна чейин сакталып келген. Даосизмди жактоочулардын максаты – дүйнөдө түркүн түрдүү ыкмаларды: атайын мүнөз тамак-аштан тартып, ар кандай дарылоочу дене тарбия көнүгүүлөрүнө чейинки ыкмаларды пайдалануу м-н адам өмүрүн узартууга жетишүү болгон.
Ад.: Ян Хин-шун. Древне-китайский философ Лаоцзы и его учение. М., 1950; Торчинов Е. А. Даосизм. СПб., 1998; Вэнь Цзянь, Горобец Л. А. Даосизм в современном Китае, СПб., 2005..