ДАРИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДА́РИЙ''' I, Д а р и у ш, Д а р а я в а у ш – ''Ахемениддер'' династиясынан чыккан перс па­дышасы (б. з. ч. 522 – б. з. ч. 486), реформа жасоо м-н мамлекетин кайра куруп, аны | '''ДА́РИЙ''' I, Д а р и у ш, Д а р а я в а у ш – ''Ахемениддер'' династиясынан чыккан перс па­дышасы (б. з. ч. 522 – б. з. ч. 486), реформа жасоо м-н мамлекетин кайра куруп, аны кеӊейтүү үчүн Орто Азияга эки жолу жүрүш кылган (к. ''Бехустун жазмасы''). Алардын бири (б. з. ч. 519-жыл), бул жердин тургундары сактар м-н массагеттердин катуу каршылык кылышына байланыштуу ийгиликсиз аяктаган. ''Грек-перс согушун (500–449)'' уланткан. Ал эми б. з. ч. 519-жылы Дарий I сак-тиграхаудаларга жүрүш жа­сап, алардын кол башчысы Скунханы колго тү­шүргөн. Бирок көчмөндөр жашаган бул аймак­ка өз бийлигин биротоло орното албаган. Өлкө аскердик-административдик округдарга (сатрапияларга) бө­лүнгөн, жолдор курулуп, каналдар калыбы­на келтирилген. Дарий I алтын монета – дариктер­ди чыгарткан. Дарий I нин тушунда Ахемениддер мамлекети чыӊдалган ж-а анын эӊ өнүккөн доо­ру болгон, к. ''Ахемениддер мамлекети.'' [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
04:49, 26 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
ДА́РИЙ I, Д а р и у ш, Д а р а я в а у ш – Ахемениддер династиясынан чыккан перс падышасы (б. з. ч. 522 – б. з. ч. 486), реформа жасоо м-н мамлекетин кайра куруп, аны кеӊейтүү үчүн Орто Азияга эки жолу жүрүш кылган (к. Бехустун жазмасы). Алардын бири (б. з. ч. 519-жыл), бул жердин тургундары сактар м-н массагеттердин катуу каршылык кылышына байланыштуу ийгиликсиз аяктаган. Грек-перс согушун (500–449) уланткан. Ал эми б. з. ч. 519-жылы Дарий I сак-тиграхаудаларга жүрүш жасап, алардын кол башчысы Скунханы колго түшүргөн. Бирок көчмөндөр жашаган бул аймакка өз бийлигин биротоло орното албаган. Өлкө аскердик-административдик округдарга (сатрапияларга) бөлүнгөн, жолдор курулуп, каналдар калыбына келтирилген. Дарий I алтын монета – дариктерди чыгарткан. Дарий I нин тушунда Ахемениддер мамлекети чыӊдалган ж-а анын эӊ өнүккөн доору болгон, к. Ахемениддер мамлекети.