ДАСТАН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ДАСТАН''' – эпикалык жанр; Чыгыш элдеринин фольклору м-н ад-тындагы баатырдык же ро­мантикалык мүнөздөгү көлөмдүү поэма. Ыр тү­рүндө же кара сөз м-н жазылат; аткарууда кы­раатка, обонго салып айтуу кезектеше берет. Д. баатырдык-фантастикалык темадагы жомок, уламыш, санжыралардан турат. Кара сөз тү­рүндөгүсүндө ыр, диалог же монолог эриш-ар­как жүрөт. Д-ды түркмөн, азербайжан, түрктөр о г у з - н а м е деп да атайт. 10–15-к-да перс, тажик, өзбек, азербайжан ад-тында айрым ро­мантикалык поэмалар (мис., «Лайли-Мажнун»,
'''ДАСТАН''' – эпикалык жанр; Чыгыш элдеринин фольклору м-н адабиятындагы баатырдык же ро­мантикалык мүнөздөгү көлөмдүү поэма. Ыр тү­рүндө же кара сөз м-н жазылат; аткарууда кы­раатка, обонго салып айтуу кезектеше берет. Дастан баатырдык-фантастикалык темадагы жомок, уламыш, санжыралардан турат. Кара сөз тү­рүндөгүсүндө ыр, диалог же монолог эриш-ар­как жүрөт. Дастанды түркмөн, азербайжан, түрктөр о г у з - н а м е деп да атайт. 10–15-кылымдарда перс, тажик, өзбек, азербайжан адабиятында айрым ро­мантикалык поэмалар (мисалы, «Лайли-Мажнун», «Хосров-Ширин») ж-а эпикалык чоӊ поэмалар­дын главалары (мисалы, Фирдоусинин «Шахнаме­си») Дастан делген. Көпчүлүк Дастанды качандыр бир за­манда жеке адамдар чыгарып, элдин көркөм кенчине кирген элдик-поэтикалык Дастандан айыр­маланбай калган. Дастандын бул эки түрүнө теӊ ка­арманды идеалдаштыруу, апыртуу мүнөздүү. Профессионал адабиятта Дастан 16–18-кылымдарда кыйла өрүш алган. Кээ бир элде (өзбек, кара калпак, түрк, кыргыз ж. б.) Дастан азыр да жаралууда. Кыргыз фолькористикасы м-н адабият таануусунда фольклордук (мисалы, «Жаныш-Байыш», «Кур­манбек») ж-а адабий поэмаларды кээде Дастан деп атайт.
«Хосров-Ширин») ж-а эпикалык чоӊ поэмалар­дын главалары (мис., Фирдоусинин «Шахнаме­си») Д. делген. Көпчүлүк Д-ды качандыр бир за­манда жеке адамдар чыгарып, элдин көркөм кенчине кирген элдик-поэтикалык Д-дан айыр­маланбай калган. Д-дын бул эки түрүнө теӊ ка­арманды идеалдаштыруу, апыртуу мүнөздүү. Профессионал ад-тта Д. 16–18-к-да кыйла өрүш алган. Кээ бир элде (өзбек, кара калпак, түрк, кыргыз ж. б.) Д. азыр да жаралууда. Кыргыз фолькористикасы м-н адабият таануусунда фольклордук (мис., «Жаныш-Байыш», «Кур­манбек») ж-а адабий поэмаларды кээде Д. деп атайт.
[[Category: 3-том, 5-85 бб]]
[[Category: 3-том, 5-85 бб]]

07:43, 26 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

ДАСТАН – эпикалык жанр; Чыгыш элдеринин фольклору м-н адабиятындагы баатырдык же ро­мантикалык мүнөздөгү көлөмдүү поэма. Ыр тү­рүндө же кара сөз м-н жазылат; аткарууда кы­раатка, обонго салып айтуу кезектеше берет. Дастан баатырдык-фантастикалык темадагы жомок, уламыш, санжыралардан турат. Кара сөз тү­рүндөгүсүндө ыр, диалог же монолог эриш-ар­как жүрөт. Дастанды түркмөн, азербайжан, түрктөр о г у з - н а м е деп да атайт. 10–15-кылымдарда перс, тажик, өзбек, азербайжан адабиятында айрым ро­мантикалык поэмалар (мисалы, «Лайли-Мажнун», «Хосров-Ширин») ж-а эпикалык чоӊ поэмалар­дын главалары (мисалы, Фирдоусинин «Шахнаме­си») Дастан делген. Көпчүлүк Дастанды качандыр бир за­манда жеке адамдар чыгарып, элдин көркөм кенчине кирген элдик-поэтикалык Дастандан айыр­маланбай калган. Дастандын бул эки түрүнө теӊ ка­арманды идеалдаштыруу, апыртуу мүнөздүү. Профессионал адабиятта Дастан 16–18-кылымдарда кыйла өрүш алган. Кээ бир элде (өзбек, кара калпак, түрк, кыргыз ж. б.) Дастан азыр да жаралууда. Кыргыз фолькористикасы м-н адабият таануусунда фольклордук (мисалы, «Жаныш-Байыш», «Кур­манбек») ж-а адабий поэмаларды кээде Дастан деп атайт.