ГУМАНДУУ ПЕДАГОГИКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГУМАНДУУ ПЕДАГО́ГИКА – 20-к-дын 60-жылдарында гуманисттик психологиянын идеяларын иш жүзүнө ашыруу багытында АКШда пайда болгон окутуу-тарбиялоо системасынын бир тармагы. Г. п. педоцентризми прогрессивизмдин пед. асыл нарктары м-н шайкеш. Ал жаш муундарга билим ж-а коомдук нормаларды таӊуулаган салттуу педагогикадан кескин айырмаланып, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук ачууну, жөндөм-шыгын тынымсыз өркүндөтүүнү, түрдүү турмуштук кырдаалдарда туура ж-а чечкиндүү аракет жасоого жөндөмдүү инсандарды тарбиялоону көздөйт. Учурда Г. п. идеялары көпчүлүк мамлекеттерге, а. и. Кырг-нга да кеңири тараган.