ДЕМОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕМОГРА́ФИЯ''' (гр. demos – эл ж-а ...''графия'') – калктын коомдук-тарыхый шартка жараша | '''ДЕМОГРА́ФИЯ''' (гр. demos – эл ж-а ...''графия'') – калктын коомдук-тарыхый шартка жараша өнүгүү мыйзам ченеми жөнүндөгү илим; коомдук илимдерге кирет. Ал негизинен калктын өсүшүн, муун алмашуусунун негизинде элдин жаӊыла­нып турушун изилдейт. Элдин саны өлүм-жи­тим, жаӊы төрөлгөндөр ж. б. натыйжасында өзгөрүп турат: айрым аймактын калкына эл кошулат (''иммиграция''), башка жакка көчүп кетет (''эмиграция''). Андан тышкары: адам үй­лөнөт, ажырашат, балалуу болот, улгаят, би­лими жогорулайт, адистиги, социалдык абалы алмашат. Демография калктын ж-а анын айрым топто­рунун жаӊыланышынын динамикасын Демографиялык процесстерди (калктын табигый кыймыл про­цесстери) талдоо аркылуу айкындайт. Ошондой эле Демография калктын курактык-жыныстык, нике ж-а үй­-бүлөлүк түзүлүштөгү өзгөрүүлөрүн, калк саны­нын жалпы мыйзам ченемдүү өзгөрүүлөрүн да изилдейт. Демография илиминин негиздөөчүсү англиялык илимпоз Жон Граунт (1620–74) болгон. Россия­да биринчи Демографиялык эмгек Д. Бернуллиге таан­дык. Демографиялык изилдөөлөр анда жүрүп турган процесстердин тенденциялары м-н факторлорун белгилүү аймакта ж-а түрдүү мезгилде изилдөөгө багытталган. Демография төрөлгөндөр м-н өлгөндөрдүн санынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, прогноз түзөт. Калктын саны м-н түзүлүшү жөнүндө болжолдуу ж-а чыныгы материалдар Демографиялык саясаттын өзө­гүн түзөт. Демографияда калк жөнүндө маалыматты топтоп, аны тандап ж-а өзгөчө бөлүмдү (демографиялык ста­тистика) түзгөн статистикалык ыкмалар негиз­ги орунга ээ. Демографиялык процесстердин байланышы жөнүндө сандык мүнөздөмөлөр математикалык түрдүү ык­малар м-н жүзөгө ашат. Ошондой эле графиктик ык­малар кеӊири колдонулат. Ал эми Демографиялык про­цесстер м-н айрым аймактардын түзүлүштөрүн салыштыруу картографиялык изилдөө ыкмасы аркылуу ишке ашырылат. Андан тышкары Демография калкты иликтеген илимдердин изилдөөлөрүнүн жыйын­тыгы м-н ыкмаларын да колдонот. Мисалы, Демографиялык процесстердин социалдык мүнөздөгү аспектилери Демографиянын социология, антропология ж-а медицина, гео­графия м-н тыгыз байланышта экендигин ай­гинелейт. Калктын отурукташуусу, миграция­сы ж. б. Демографиялык процесстер Демографияны калк география­сы, этностук өзгөчөлүктөрү, этнография, аймак­тарда калкты отурукташтырууга багытталган изилдөөлөр – геодемография (калк география­сы м-н Демографиянын айкалышынан пайда болуп, гео­демографиялык абалды илимий изилдөөгө арналган жаӊы илимий багыт) м-н байланыштырат. | ||
өнүгүү мыйзам ченеми | |||
өзгөрүп турат: айрым аймактын калкына эл | |||
кошулат (''иммиграция''), башка жакка көчүп кетет (''эмиграция''). Андан тышкары: адам үй­лөнөт, ажырашат, балалуу болот, улгаят, би­лими жогорулайт, адистиги, социалдык абалы алмашат. | |||
''Т. Ниязов.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
08:09, 28 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕМОГРА́ФИЯ (гр. demos – эл ж-а ...графия) – калктын коомдук-тарыхый шартка жараша өнүгүү мыйзам ченеми жөнүндөгү илим; коомдук илимдерге кирет. Ал негизинен калктын өсүшүн, муун алмашуусунун негизинде элдин жаӊыланып турушун изилдейт. Элдин саны өлүм-житим, жаӊы төрөлгөндөр ж. б. натыйжасында өзгөрүп турат: айрым аймактын калкына эл кошулат (иммиграция), башка жакка көчүп кетет (эмиграция). Андан тышкары: адам үйлөнөт, ажырашат, балалуу болот, улгаят, билими жогорулайт, адистиги, социалдык абалы алмашат. Демография калктын ж-а анын айрым топторунун жаӊыланышынын динамикасын Демографиялык процесстерди (калктын табигый кыймыл процесстери) талдоо аркылуу айкындайт. Ошондой эле Демография калктын курактык-жыныстык, нике ж-а үй-бүлөлүк түзүлүштөгү өзгөрүүлөрүн, калк санынын жалпы мыйзам ченемдүү өзгөрүүлөрүн да изилдейт. Демография илиминин негиздөөчүсү англиялык илимпоз Жон Граунт (1620–74) болгон. Россияда биринчи Демографиялык эмгек Д. Бернуллиге таандык. Демографиялык изилдөөлөр анда жүрүп турган процесстердин тенденциялары м-н факторлорун белгилүү аймакта ж-а түрдүү мезгилде изилдөөгө багытталган. Демография төрөлгөндөр м-н өлгөндөрдүн санынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, прогноз түзөт. Калктын саны м-н түзүлүшү жөнүндө болжолдуу ж-а чыныгы материалдар Демографиялык саясаттын өзөгүн түзөт. Демографияда калк жөнүндө маалыматты топтоп, аны тандап ж-а өзгөчө бөлүмдү (демографиялык статистика) түзгөн статистикалык ыкмалар негизги орунга ээ. Демографиялык процесстердин байланышы жөнүндө сандык мүнөздөмөлөр математикалык түрдүү ыкмалар м-н жүзөгө ашат. Ошондой эле графиктик ыкмалар кеӊири колдонулат. Ал эми Демографиялык процесстер м-н айрым аймактардын түзүлүштөрүн салыштыруу картографиялык изилдөө ыкмасы аркылуу ишке ашырылат. Андан тышкары Демография калкты иликтеген илимдердин изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы м-н ыкмаларын да колдонот. Мисалы, Демографиялык процесстердин социалдык мүнөздөгү аспектилери Демографиянын социология, антропология ж-а медицина, география м-н тыгыз байланышта экендигин айгинелейт. Калктын отурукташуусу, миграциясы ж. б. Демографиялык процесстер Демографияны калк географиясы, этностук өзгөчөлүктөрү, этнография, аймактарда калкты отурукташтырууга багытталган изилдөөлөр – геодемография (калк географиясы м-н Демографиянын айкалышынан пайда болуп, геодемографиялык абалды илимий изилдөөгө арналган жаӊы илимий багыт) м-н байланыштырат.
Т. Ниязов.