ДЕМОГРАФИЯЛЫК «ЖАРЫЛУУ»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕМОГРАФИЯЛЫК «ЖАРЫЛУУ»''' – калктын | '''ДЕМОГРАФИЯЛЫК «ЖАРЫЛУУ»''' – калктын | ||
санынын мезгил-мезгили м-н кескин көбөйүүсү. Ал | санынын мезгил-мезгили м-н кескин көбөйүүсү. Ал социалдык-экономикалык абалдын жакшыруусуна ж. б. себептерге байланыштуу. Дүйнөнүн калкынын саны 19-кылымдын башталышында бир нече жүз млнду гана түзгөн. 1830-жылы 1 млрдга жеткен. 18–19-кылымдарда абал кескин өзгөрүп, калктын саны ылдам өсө баштаган. 1930-жылы 2 млрддан ашып, 1987-жылы 5 млрдды түзгөн. 1960-жылы өсүү темпи­нин төмөндөгөнүнө (2ден 1,65%ке чейин) кара­бай, бүгүнкү күндө дүйнө калкы жылына 80 млнго өсүүдө, 21-кылымдын аягында өсүш 90 млнго жетиши күтүлүүдө. 20-кылымдын 50–60-жылдарын­да Азиянын, Африканын ж-а Латын Америка­сынын өнүгүп жаткан өлкөлөрүндө төрөлүүнүн жогорку темпи (калктын жылдык орточо өсүү тем­пи 2,2–2,8%) сакталып, өлүм-житимдин (ай­рыкча балдардын өлүм-житиминин) төмөндө­шүнө байланыштуу калктын саны кескин кө­бөйгөн. Ал өлкөлөрдө дүйнөнүн калкынын 50%тен ашыгы жашагандыктан, алардын кал­кынын өсүү темпи жер шарындагы калктын санынын өсүүсүнө зор таасирин тийгизип, дүй­нөлүк Дүйнөлүк "жарылууга" алып келген; ал эми ал өлкөлөрдүн өнүгүүсүндөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөр глобал­дык мүнөзгө өткөн. Ал эми Батыш Европа, Түндүк Америка, ошондой эле мурдагы СССР аймагында калк­тын санынын өсүүсү салыштырмалуу төмөн (орто эсеп м-н 0,2–0,8%) болгон. БУУнун маалыматы боюнча калктын саны 20-кылымдын аягында 6 млрддан ашып, 2090-жылы (2095-жылы) 10,2 млрдга (12 млрд) жетип, туруктуу өсүү темпине ээ бо­лушу мүмкүн. Мындай темптеги көбөйүү жер шарынын айрым аймактарында табигый эко­системаларга чоӊ басым келтирип, жашоону камсыз кылуучу жаратылыш системаларын бу­зууга алып келиши ыктымал; тамак-аш каат­чылыгы пайда болот. Азыркы учурда БУУнун маалыматы боюнча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө 515 млн адам дайыма ачкачылыкта жашоодо. Ошондуктан азык-түлүк каатчылыгын глобал­дык деӊгээлде чечүү үчүн демографиялык, экологиялык, энерге­тикалык ж. б. факторлорго байланыштуу изил­дөөлөр жүргүзүлүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдөгү акыр­кы 200 жыл ичиндеги төрөлүүнү ж-а өлүм-жи­тимди талдоонун негизинде «жөнөкөй» турук­туулуктун (төрөлүүнүн ж-а өлүм-житимдин жо­гору болушу) «азыркы» туруктуулукка (төрөлүү­нүн ж-а өлүм-житимдин төмөн болушу) өтүүсүн даана байкоого болот. Бул демографиялык өткөөл 4 фа­заны камтыйт: 1. Медицина начар өнүккөн абалда: төрөлүү деӊгээли жогору, балдардын өлүмү да жогору; мында калктын саны жай өсөт. 2. Коомчулук оору-сыркоону жөнгө салууну үй­рөнөт. Төрөлүү мурдагы калыбында калып, өлүм-житимдин (айрыкча балдардын өлүмүнүн) кыскарышы калктын тез өсүп кетүүсүнө шарт түзгөн. 3. Социалдык ж-а экономикалык өзгөрүүлөр (ма­териалдык өндүрүштүн өнүгүүсү, калктын тур­муш-тиричилигинин жакшырышы, саламат­тыкты сактоо деӊгээлинин өнүгүүсү) төрөлүүнүн төмөндөшүнө алып келет. Бул фазанын аягын­да калктын саны кайра турукташат, анткени балдардын өлүм-житиминин азайышы төмөнкү төрөлүүнү толуктап турат. 4. Калктын санынын жаӊы туруктуулугу төрөлүүнүн ж-а өлүм-жи­тимдин азайышынан түзүлөт. | ||
өнүгүүсүндөгү | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
өлүмү да жогору; мында калктын саны жай өсөт. | |||
2. Коомчулук оору-сыркоону жөнгө салууну үй­рөнөт. Төрөлүү мурдагы калыбында калып, | |||
өлүм-житимдин (айрыкча балдардын | |||
08:20, 28 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕМОГРАФИЯЛЫК «ЖАРЫЛУУ» – калктын санынын мезгил-мезгили м-н кескин көбөйүүсү. Ал социалдык-экономикалык абалдын жакшыруусуна ж. б. себептерге байланыштуу. Дүйнөнүн калкынын саны 19-кылымдын башталышында бир нече жүз млнду гана түзгөн. 1830-жылы 1 млрдга жеткен. 18–19-кылымдарда абал кескин өзгөрүп, калктын саны ылдам өсө баштаган. 1930-жылы 2 млрддан ашып, 1987-жылы 5 млрдды түзгөн. 1960-жылы өсүү темпинин төмөндөгөнүнө (2ден 1,65%ке чейин) карабай, бүгүнкү күндө дүйнө калкы жылына 80 млнго өсүүдө, 21-кылымдын аягында өсүш 90 млнго жетиши күтүлүүдө. 20-кылымдын 50–60-жылдарында Азиянын, Африканын ж-а Латын Америкасынын өнүгүп жаткан өлкөлөрүндө төрөлүүнүн жогорку темпи (калктын жылдык орточо өсүү темпи 2,2–2,8%) сакталып, өлүм-житимдин (айрыкча балдардын өлүм-житиминин) төмөндөшүнө байланыштуу калктын саны кескин көбөйгөн. Ал өлкөлөрдө дүйнөнүн калкынын 50%тен ашыгы жашагандыктан, алардын калкынын өсүү темпи жер шарындагы калктын санынын өсүүсүнө зор таасирин тийгизип, дүйнөлүк Дүйнөлүк "жарылууга" алып келген; ал эми ал өлкөлөрдүн өнүгүүсүндөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөр глобалдык мүнөзгө өткөн. Ал эми Батыш Европа, Түндүк Америка, ошондой эле мурдагы СССР аймагында калктын санынын өсүүсү салыштырмалуу төмөн (орто эсеп м-н 0,2–0,8%) болгон. БУУнун маалыматы боюнча калктын саны 20-кылымдын аягында 6 млрддан ашып, 2090-жылы (2095-жылы) 10,2 млрдга (12 млрд) жетип, туруктуу өсүү темпине ээ болушу мүмкүн. Мындай темптеги көбөйүү жер шарынын айрым аймактарында табигый экосистемаларга чоӊ басым келтирип, жашоону камсыз кылуучу жаратылыш системаларын бузууга алып келиши ыктымал; тамак-аш каатчылыгы пайда болот. Азыркы учурда БУУнун маалыматы боюнча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө 515 млн адам дайыма ачкачылыкта жашоодо. Ошондуктан азык-түлүк каатчылыгын глобалдык деӊгээлде чечүү үчүн демографиялык, экологиялык, энергетикалык ж. б. факторлорго байланыштуу изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдөгү акыркы 200 жыл ичиндеги төрөлүүнү ж-а өлүм-житимди талдоонун негизинде «жөнөкөй» туруктуулуктун (төрөлүүнүн ж-а өлүм-житимдин жогору болушу) «азыркы» туруктуулукка (төрөлүүнүн ж-а өлүм-житимдин төмөн болушу) өтүүсүн даана байкоого болот. Бул демографиялык өткөөл 4 фазаны камтыйт: 1. Медицина начар өнүккөн абалда: төрөлүү деӊгээли жогору, балдардын өлүмү да жогору; мында калктын саны жай өсөт. 2. Коомчулук оору-сыркоону жөнгө салууну үйрөнөт. Төрөлүү мурдагы калыбында калып, өлүм-житимдин (айрыкча балдардын өлүмүнүн) кыскарышы калктын тез өсүп кетүүсүнө шарт түзгөн. 3. Социалдык ж-а экономикалык өзгөрүүлөр (материалдык өндүрүштүн өнүгүүсү, калктын турмуш-тиричилигинин жакшырышы, саламаттыкты сактоо деӊгээлинин өнүгүүсү) төрөлүүнүн төмөндөшүнө алып келет. Бул фазанын аягында калктын саны кайра турукташат, анткени балдардын өлүм-житиминин азайышы төмөнкү төрөлүүнү толуктап турат. 4. Калктын санынын жаӊы туруктуулугу төрөлүүнүн ж-а өлүм-житимдин азайышынан түзүлөт.