ДЕМОДЕКОЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕМОДЕКО́З''' (Demodekoses) – Demodex уруусун­дагы кенелер козгоочу ылаӊ. Бул кенелер түрдүү жаныбардын кылы, жүнү, түгү өсүүчү дүмүрчө­сүндө ж-а май бездеринде мителик кылат. | '''ДЕМОДЕКО́З''' (Demodekoses) – Demodex уруусун­дагы кенелер козгоочу ылаӊ. Бул кенелер түрдүү жаныбардын кылы, жүнү, түгү өсүүчү дүмүрчө­сүндө ж-а май бездеринде мителик кылат. Ылаӊдаган жаныбардын териси сезгенет, катмарла­нат, тез арыктайт. Ылаӊ өзгөчө ит, бодо мал ж-а чочкодо оор өтөт. Жаныбарды түрүнө жа­раша ар түрдүү кенелер ылаӊдатат. Бул кене­лердин дене түзүлүшү ж-а өөрчүү циклдери не­гизинен окшош. Соо мал ылаӊдуулар м-н чогуу багылганда жугат. Өзгөчө ыплас короо-сарайда багылып, жем-чөбү сапатсыз келип, жетишсиз болгондо, жаш мал ылаӊга тез чалдыгат. Ылаӊдаган малдын баш, моюн, далы, төш ж-а бут­тарынын ар кайсы жеринде чоӊдугу 2–10 ''мм''ге жеткен, колго урунган дөмпөктөр пайда болот. Дөмпөктөрдүн кылда чокусунда тешиги болуп, андан сары суу чыгып турат, сыкканда агыш түстөгү коюу суюктук чыгат. Дарылоо комплекс­түү түрдө жүгүзүлөт. Ылаӊга чалдыккан жер­лерин «Акродекс», «Дерматозоль», «Росинка», «Циодрин», «Псороптол» аэрозоль дары-дарме­ги м-н 4–6 жолу дарылайт. Кабылдап кеткен­де, терисинин астына ивомек куят, жаралан­ган жерлерине күкүрт м-н дёготтун (кара май) вазелиндеги аралашмасын сүйкөйт, жемге ко­шулуп күкүрт берилет. Ылаӊды алдын алуу үчүн ветеринардык-санитардык иш-чараларды туура сактап, соо мал­га ылаӊдууларды жолотпоо зарыл. | ||
ж-а чочкодо оор өтөт. Жаныбарды түрүнө жа­раша ар түрдүү кенелер ылаӊдатат. Бул кене­лердин дене түзүлүшү ж-а өөрчүү циклдери не­гизинен окшош. Соо мал ылаӊдуулар м-н чогуу багылганда жугат. Өзгөчө ыплас короо-сарайда багылып, жем-чөбү сапатсыз келип, жетишсиз болгондо, жаш мал ылаӊга тез чалдыгат. | |||
«Циодрин», «Псороптол» аэрозоль дары-дарме­ги м-н 4–6 жолу дарылайт. Кабылдап кеткен­де, терисинин астына ивомек куят, жаралан­ган жерлерине күкүрт м-н дёготтун (кара май) вазелиндеги аралашмасын сүйкөйт, жемге ко­шулуп күкүрт берилет. Ылаӊды алдын алуу үчүн | |||
''Д. Раимбеков.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
09:10, 28 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕМОДЕКО́З (Demodekoses) – Demodex уруусундагы кенелер козгоочу ылаӊ. Бул кенелер түрдүү жаныбардын кылы, жүнү, түгү өсүүчү дүмүрчөсүндө ж-а май бездеринде мителик кылат. Ылаӊдаган жаныбардын териси сезгенет, катмарланат, тез арыктайт. Ылаӊ өзгөчө ит, бодо мал ж-а чочкодо оор өтөт. Жаныбарды түрүнө жараша ар түрдүү кенелер ылаӊдатат. Бул кенелердин дене түзүлүшү ж-а өөрчүү циклдери негизинен окшош. Соо мал ылаӊдуулар м-н чогуу багылганда жугат. Өзгөчө ыплас короо-сарайда багылып, жем-чөбү сапатсыз келип, жетишсиз болгондо, жаш мал ылаӊга тез чалдыгат. Ылаӊдаган малдын баш, моюн, далы, төш ж-а буттарынын ар кайсы жеринде чоӊдугу 2–10 ммге жеткен, колго урунган дөмпөктөр пайда болот. Дөмпөктөрдүн кылда чокусунда тешиги болуп, андан сары суу чыгып турат, сыкканда агыш түстөгү коюу суюктук чыгат. Дарылоо комплекстүү түрдө жүгүзүлөт. Ылаӊга чалдыккан жерлерин «Акродекс», «Дерматозоль», «Росинка», «Циодрин», «Псороптол» аэрозоль дары-дармеги м-н 4–6 жолу дарылайт. Кабылдап кеткенде, терисинин астына ивомек куят, жараланган жерлерине күкүрт м-н дёготтун (кара май) вазелиндеги аралашмасын сүйкөйт, жемге кошулуп күкүрт берилет. Ылаӊды алдын алуу үчүн ветеринардык-санитардык иш-чараларды туура сактап, соо малга ылаӊдууларды жолотпоо зарыл.
Д. Раимбеков.