ДЕНЕ ТЕМПЕРАТУРАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕНЕ ТЕМПЕРАТУРАСЫ''' – организм ж-а айла­на-чөйрөнүн жылуулук продукциясы м-н жы­луулук алмашуу балансын чагылдыруучу ком­плекстүү көрсөткүч. Муздак кандуу (пойхило­термдүү) жаныбарлардын | '''ДЕНЕ ТЕМПЕРАТУРАСЫ''' – организм ж-а айла­на-чөйрөнүн жылуулук продукциясы м-н жы­луулук алмашуу балансын чагылдыруучу ком­плекстүү көрсөткүч. Муздак кандуу (пойхило­термдүү) жаныбарлардын Дене температурасы чөйрөнүн температурасына жараша өзгөрүп турат. Жылуу кандуу (гомойотермдүү) жаныбарларда жылуулук про­дукциясы ж-а жылуулук берүү ургаалдуулугун аныктоосу жылуулукту жөнгө салуучу механиз­ми м-н туруктуу (38–40–42°С) кармалып турат. Дене температурасы тиричиликке жараша өзгөрүп (0,5–2°С) ту­рат (тынч абалда же уктаганда Дене температурасы төмөндөйт, кара жумушта көтөрүлөт). Дене температурасы организмдин ички чөйрөсүнүн ж-а терисинин температурасы бо­луп айырмаланат. Ички органдардын температурасы аларда болуучу биохимиялык процесстердин ургаал­дуулугуна жараша ар түрдүү болуп, териники­нен жогору. Киши терисинин ар кайсы бөлүгүндө да ар кандай. Дене температурасы чөйрө температурасына, нымдуу­лугуна, кыймылга, кийимге, теринин тазалы­гына ж. б. жараша болот. Улгайган ж-а кары­ган кишилердин Дене температурасы орто жаштагыларга са­лыштырганда бир аз төмөн. Кичине балдарды­кы ар кандай абалда өзгөрүп турат. Ал түрдүү ооруларда ж-а жылуулукту жөнгө салуу бузул­ганда өзгөрүлөт. Көпчүлүк сезгенүү ж-а жугуш­туу ооруларда жогорулайт. Дене температурасынын төмөндөшү уулануу, кома ж. б-да байкалат. | ||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | |||
аларда болуучу | |||
05:12, 31 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕНЕ ТЕМПЕРАТУРАСЫ – организм ж-а айлана-чөйрөнүн жылуулук продукциясы м-н жылуулук алмашуу балансын чагылдыруучу комплекстүү көрсөткүч. Муздак кандуу (пойхилотермдүү) жаныбарлардын Дене температурасы чөйрөнүн температурасына жараша өзгөрүп турат. Жылуу кандуу (гомойотермдүү) жаныбарларда жылуулук продукциясы ж-а жылуулук берүү ургаалдуулугун аныктоосу жылуулукту жөнгө салуучу механизми м-н туруктуу (38–40–42°С) кармалып турат. Дене температурасы тиричиликке жараша өзгөрүп (0,5–2°С) турат (тынч абалда же уктаганда Дене температурасы төмөндөйт, кара жумушта көтөрүлөт). Дене температурасы организмдин ички чөйрөсүнүн ж-а терисинин температурасы болуп айырмаланат. Ички органдардын температурасы аларда болуучу биохимиялык процесстердин ургаалдуулугуна жараша ар түрдүү болуп, териникинен жогору. Киши терисинин ар кайсы бөлүгүндө да ар кандай. Дене температурасы чөйрө температурасына, нымдуулугуна, кыймылга, кийимге, теринин тазалыгына ж. б. жараша болот. Улгайган ж-а карыган кишилердин Дене температурасы орто жаштагыларга салыштырганда бир аз төмөн. Кичине балдардыкы ар кандай абалда өзгөрүп турат. Ал түрдүү ооруларда ж-а жылуулукту жөнгө салуу бузулганда өзгөрүлөт. Көпчүлүк сезгенүү ж-а жугуштуу ооруларда жогорулайт. Дене температурасынын төмөндөшү уулануу, кома ж. б-да байкалат.