ДЕНЕНИН ӨСҮҮСҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕНЕНИН ӨСҮҮСҮ''' – адам организминин мор­ | '''ДЕНЕНИН ӨСҮҮСҮ''' – адам организминин мор­фологиялык ж-а функциялык өнүгүүсүнүн, дене сапа­тынын ички факторлор м-н жашоо шартына ылайыкталган мүмкүнчүлүктөрүнүн мыйзам че­немдүү процесси. Дененин өсүүсү негизинен дененин сырт­кы түзүлүшүнүн өсүү деӊгээли м-н аныкталат. Дененин өсүүсү үзгүлтүксүз жүрөт, бирок бир калыпта бол­бойт. Ал бала төрөлгөндөн баштап өтө ургаал­дуу жүрөт: бир жашка чейин баланын дене узундугу 20–25 ''см''ге, салмагы 2,5–3 эсе жогорулайт, ал эми 8 жашка чейинки баланын боюнун жылдык өсүүсү болжол м-н 7 ''см'', салмагы 2,2 ''кг''ды түзөт. Кенже класс курагында орточо жылдык өсүү – бою 4 ''см'', салмагы 2 ''кг''. Жыныстык жетилүүнүн баш­талышында (эркектер 13–14 жаш, кыздар 11– 12 жаш) өсүү кескин жогорулайт. Бул учурда кыздар тез өсөт, 15 жашында өзү курактуу ба­ладан бойлуу ж-а салмактуу келишет. Организм эркекте 19–20, аялда 17–18 жашта негизинен калыптанып бүтөт, ал эми бой эркекте 24–25, аялда 19–20 жашка чейин өсөт. Эркектин 25– 45, аялдын 25–40 жашы салыштырмалуу мор­фологиялык туруктуу мезгили болуп эсептелет, кийин­черээк бою кыскарып, салмагы чоӊоё баштайт. Дене көнүгүүлөрүн үзгүлтүксүз жасоо Дененин өсүүсүнө жакшы таасир тийгизет. Мисалы, дайыма дене көнүгүүлөрүн жасаган 3–4 жашар наристенин бир жылда бою 9,8 ''см'', салмагы 3,9 ''кг'', көкүрөк айланасы 4,3 ''см''ге өсөрү байкалган. Ошол эле жаштагы машыкпаган баланын жогорку көр­сөткүчтөрү – 8,8 ''см''; 3 ''кг''; 3,9 ''см'' болгон. Дененин өсүүсүнүн функциялык көрсөткүчтөрүнүн жакшы­рышына спортчунун машыгуусу чоӊ таасир тий­гизет. Машыккан дененин салмагы азайып, чыдамдуулугу жогорулайт. Машыккан спорттун түрүнө жараша спортчунун денесинин өсүшү бири-биринен айырмаланат. | ||
8 жашка чейинки баланын боюнун жылдык | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
өсүүсү болжол м-н 7 ''см'', | |||
чыдамдуулугу жогорулайт. Машыккан спорттун түрүнө жараша спортчунун денесинин өсүшү бири-биринен айырмаланат. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | |||
05:49, 31 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕНЕНИН ӨСҮҮСҮ – адам организминин морфологиялык ж-а функциялык өнүгүүсүнүн, дене сапатынын ички факторлор м-н жашоо шартына ылайыкталган мүмкүнчүлүктөрүнүн мыйзам ченемдүү процесси. Дененин өсүүсү негизинен дененин сырткы түзүлүшүнүн өсүү деӊгээли м-н аныкталат. Дененин өсүүсү үзгүлтүксүз жүрөт, бирок бир калыпта болбойт. Ал бала төрөлгөндөн баштап өтө ургаалдуу жүрөт: бир жашка чейин баланын дене узундугу 20–25 смге, салмагы 2,5–3 эсе жогорулайт, ал эми 8 жашка чейинки баланын боюнун жылдык өсүүсү болжол м-н 7 см, салмагы 2,2 кгды түзөт. Кенже класс курагында орточо жылдык өсүү – бою 4 см, салмагы 2 кг. Жыныстык жетилүүнүн башталышында (эркектер 13–14 жаш, кыздар 11– 12 жаш) өсүү кескин жогорулайт. Бул учурда кыздар тез өсөт, 15 жашында өзү курактуу баладан бойлуу ж-а салмактуу келишет. Организм эркекте 19–20, аялда 17–18 жашта негизинен калыптанып бүтөт, ал эми бой эркекте 24–25, аялда 19–20 жашка чейин өсөт. Эркектин 25– 45, аялдын 25–40 жашы салыштырмалуу морфологиялык туруктуу мезгили болуп эсептелет, кийинчерээк бою кыскарып, салмагы чоӊоё баштайт. Дене көнүгүүлөрүн үзгүлтүксүз жасоо Дененин өсүүсүнө жакшы таасир тийгизет. Мисалы, дайыма дене көнүгүүлөрүн жасаган 3–4 жашар наристенин бир жылда бою 9,8 см, салмагы 3,9 кг, көкүрөк айланасы 4,3 смге өсөрү байкалган. Ошол эле жаштагы машыкпаган баланын жогорку көрсөткүчтөрү – 8,8 см; 3 кг; 3,9 см болгон. Дененин өсүүсүнүн функциялык көрсөткүчтөрүнүн жакшырышына спортчунун машыгуусу чоӊ таасир тийгизет. Машыккан дененин салмагы азайып, чыдамдуулугу жогорулайт. Машыккан спорттун түрүнө жараша спортчунун денесинин өсүшү бири-биринен айырмаланат.