ДЕНУДАЦИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕНУДА́ЦИЯ''' (лат. denudatio – сыйруу, ачып жайдактоо) – тышкы күчтөрдүн таасиринен тоо тектердин үбөлөнүп талкалануу, төмөн шиле­нүү ж-а ойдуӊ жерлерге, түздүктөргө топтолуу процесси. Шамалдын, жаан-чачындын, агын суулар м-н океан ж-а деӊиздердин, муз ж-а | '''ДЕНУДА́ЦИЯ''' (лат. denudatio – сыйруу, ачып жайдактоо) – тышкы күчтөрдүн таасиринен тоо тектердин үбөлөнүп талкалануу, төмөн шиле­нүү ж-а ойдуӊ жерлерге, түздүктөргө топтолуу процесси. Шамалдын, жаан-чачындын, агын суулар м-н океан ж-а деӊиздердин, муз ж-а мөӊгүлөрдүн аракетинен жер бетиндеги тоо тектер­дин үстүнкү кабаттары тынымсыз талкаланып турат. Үбөлөнгөн тектер каптал ылдый кулайт, аларды нөшөр жамгыр шилеп агызат, шамал учурат, агын суулар эзет, эритет, майдалайт, мөӊгүлөр жылган кезде жышылып, жылмала­нат, деӊиз толкуну өзү м-н кошо ала келет. Тал­каландылар түзөӊ жерлерге топтолуп, чөкмө тектердин катмарлары пайда болот. Бул про­цесстер климаттын өзгөрүшү ж-а тектоникалык кый­мылдар м-н тыгыз байланыштуу. Узак убакыт бою Денудация болгон тоолуу жерлерде чокулар, кыр­лар талкаланып, төмөндөйт, дарыя өрөөндөрү, кокту-колот кеӊейип, жер бетинин түзүлүшү өзгөрөт. Натыйжада майда дөӊсөөлүү д е н у­ д а ц и я л ы к т ү з д ү к т ө р пайда болот. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
өзгөрөт. Натыйжада майда дөӊсөөлүү д е н у­д а ц и я л ы к т ү з д ү к т ө р пайда болот. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | |||
07:43, 31 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕНУДА́ЦИЯ (лат. denudatio – сыйруу, ачып жайдактоо) – тышкы күчтөрдүн таасиринен тоо тектердин үбөлөнүп талкалануу, төмөн шиленүү ж-а ойдуӊ жерлерге, түздүктөргө топтолуу процесси. Шамалдын, жаан-чачындын, агын суулар м-н океан ж-а деӊиздердин, муз ж-а мөӊгүлөрдүн аракетинен жер бетиндеги тоо тектердин үстүнкү кабаттары тынымсыз талкаланып турат. Үбөлөнгөн тектер каптал ылдый кулайт, аларды нөшөр жамгыр шилеп агызат, шамал учурат, агын суулар эзет, эритет, майдалайт, мөӊгүлөр жылган кезде жышылып, жылмаланат, деӊиз толкуну өзү м-н кошо ала келет. Талкаландылар түзөӊ жерлерге топтолуп, чөкмө тектердин катмарлары пайда болот. Бул процесстер климаттын өзгөрүшү ж-а тектоникалык кыймылдар м-н тыгыз байланыштуу. Узак убакыт бою Денудация болгон тоолуу жерлерде чокулар, кырлар талкаланып, төмөндөйт, дарыя өрөөндөрү, кокту-колот кеӊейип, жер бетинин түзүлүшү өзгөрөт. Натыйжада майда дөӊсөөлүү д е н у д а ц и я л ы к т ү з д ү к т ө р пайда болот.