ДЕРМАТОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕРМАТОЛО́ГИЯ''' (''дермато...'' ж-а ''...логия'') – ме­дицинанын теринин түзүлүшүн, аткарган кыз­матын, ооруларынын пайда болуу себептерин, ооруну аныктоо, дарылоо ж-а анын алдын алуу жолдорун изилдөөчү тармагы. | '''ДЕРМАТОЛО́ГИЯ''' (''дермато...'' ж-а ''...логия'') – ме­дицинанын теринин түзүлүшүн, аткарган кыз­матын, ооруларынын пайда болуу себептерин, ооруну аныктоо, дарылоо ж-а анын алдын алуу жолдорун изилдөөчү тармагы. Дерматология венерология, жугуштуу оорулар, педиатрия, аллергология, эндокринология, хирургия, гинекология, невра­потология ж. б. медициналык тармактар м-н тыгыз бай­ланыштуу. Тери оорулары б. з. ч. эле белгилүү болгон. Аны изилдөөдө араб дарыгерлери ж-а ''Ибн Сина'' чоӊ салым кошкон. 20-кылымда аллерго­логия, иммунология, химия, биология, биохи­мия, микробиология илимдеринин жетишкендиктери Дерматологиянын өсүшүнө шарт түздү. Кыргызстанда дерматологиялык кызмат 1923-жылы Пишпек шаарында уюшулуп, 1-ве­нерологиялык амбулатория ачылган. 1929-жылы Пишпек шаардык тери-венерологиялык диспансер уюшулуп, 1937-жылы ал республикалык тери-венерологиялык диспансер болуп кайра түзүлгөн. 1938–39-жылдары Ош, Ысык- Kөл, Талас, Жалал-Aбад облустарында тери-венерологиялык дис­пансерлери ачылган. 1941-жылы КММИде тери-­венерология кафедрасы уюшулат. Тери-вене­рология боюнча алгачкы адистер республиканын эмгек сиӊирген врачтары А. Борончиев, Б. Атакеева ж. б. болгон. 1997-жылдан «Манас» программасынын негизинде тери-венерологиялык кызмат реформаланып, республикалык ж-а Ош облустук диспансерлери, үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы тери-венерология ка­бинеттери, серологиялык, бактериологиялык лабораториялар изилдөө­лөрдү жүргүзөт. Кыргызстанда республикалык ж-а облустук тери­-венерология диспансерлери иштейт. | ||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
10:07, 31 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕРМАТОЛО́ГИЯ (дермато... ж-а ...логия) – медицинанын теринин түзүлүшүн, аткарган кызматын, ооруларынын пайда болуу себептерин, ооруну аныктоо, дарылоо ж-а анын алдын алуу жолдорун изилдөөчү тармагы. Дерматология венерология, жугуштуу оорулар, педиатрия, аллергология, эндокринология, хирургия, гинекология, неврапотология ж. б. медициналык тармактар м-н тыгыз байланыштуу. Тери оорулары б. з. ч. эле белгилүү болгон. Аны изилдөөдө араб дарыгерлери ж-а Ибн Сина чоӊ салым кошкон. 20-кылымда аллергология, иммунология, химия, биология, биохимия, микробиология илимдеринин жетишкендиктери Дерматологиянын өсүшүнө шарт түздү. Кыргызстанда дерматологиялык кызмат 1923-жылы Пишпек шаарында уюшулуп, 1-венерологиялык амбулатория ачылган. 1929-жылы Пишпек шаардык тери-венерологиялык диспансер уюшулуп, 1937-жылы ал республикалык тери-венерологиялык диспансер болуп кайра түзүлгөн. 1938–39-жылдары Ош, Ысык- Kөл, Талас, Жалал-Aбад облустарында тери-венерологиялык диспансерлери ачылган. 1941-жылы КММИде тери-венерология кафедрасы уюшулат. Тери-венерология боюнча алгачкы адистер республиканын эмгек сиӊирген врачтары А. Борончиев, Б. Атакеева ж. б. болгон. 1997-жылдан «Манас» программасынын негизинде тери-венерологиялык кызмат реформаланып, республикалык ж-а Ош облустук диспансерлери, үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы тери-венерология кабинеттери, серологиялык, бактериологиялык лабораториялар изилдөөлөрдү жүргүзөт. Кыргызстанда республикалык ж-а облустук тери-венерология диспансерлери иштейт.