ДИДАКТИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
мNo edit summary |
||
3 сап: | 3 сап: | ||
өз жаатында баланын таанып-билүү ишмерди­гинин процесстери ж-дө билим берет, балдарды окутуунун мазмунун ж-а ыкмаларын окуп­үйрөнүүгө чоӊ жардам көрсөтөт. Д-лык эӊ ири маселелерди чечүүдө бул илимди толук пайда­лануу зарыл. Мугалимдер үчүн ар бир предмет­терди окутууда жалпы мыйзамченемдүүлүктүн ишке ашырылышынын айкын жолдору өтө ке­ректүү ж-а маанилүү. Бул маселелер предмет­тик Д-да каралат. Д-нын негизги милдеттери: а) окутуу максаттарын ж-а милдеттерин анык­тоо; б) окутуу процессинин мыйзамченемдүү­лүгүн аныктап чыгуу; в) билим берүүнүн мазму­нун аныктоо; г) окутуунун эӊ натыйжалуу ык­маларын ж-а уюштуруу формаларын иштеп | өз жаатында баланын таанып-билүү ишмерди­гинин процесстери ж-дө билим берет, балдарды окутуунун мазмунун ж-а ыкмаларын окуп­үйрөнүүгө чоӊ жардам көрсөтөт. Д-лык эӊ ири маселелерди чечүүдө бул илимди толук пайда­лануу зарыл. Мугалимдер үчүн ар бир предмет­терди окутууда жалпы мыйзамченемдүүлүктүн ишке ашырылышынын айкын жолдору өтө ке­ректүү ж-а маанилүү. Бул маселелер предмет­тик Д-да каралат. Д-нын негизги милдеттери: а) окутуу максаттарын ж-а милдеттерин анык­тоо; б) окутуу процессинин мыйзамченемдүү­лүгүн аныктап чыгуу; в) билим берүүнүн мазму­нун аныктоо; г) окутуунун эӊ натыйжалуу ык­маларын ж-а уюштуруу формаларын иштеп | ||
чыгуу. Демек, Д. Эмне үчүн окутуу керек? Эмне­ни окутуу керек? Кандайча окутуу керек? сыяк­туу суроолорго жооп берет. Билим берүү теория­сынын негизги маселелери, б. а. жалпы билим берүүнүн мүнөзү, окуу планы, окуу программа­лары, окуу китептери Д-да бардык жактан ка­ралат. Сабак берүүнүн ил. деӊгээлин жогорула­туу, тех. окуунун, эмгек тарбиясын ж-а кесипчи­лик багыт берүүнү ишке ашыруунун, о. эле оку­тууда ж-а тарбиялоодо тех. каражаттарды кол­донуунун натыйжалуу жолдорун аныктоо ма­селелерин иштеп чыгуу талап кылынат. | чыгуу. Демек, Д. Эмне үчүн окутуу керек? Эмне­ни окутуу керек? Кандайча окутуу керек? сыяк­туу суроолорго жооп берет. Билим берүү теория­сынын негизги маселелери, б. а. жалпы билим берүүнүн мүнөзү, окуу планы, окуу программа­лары, окуу китептери Д-да бардык жактан ка­ралат. Сабак берүүнүн ил. деӊгээлин жогорула­туу, тех. окуунун, эмгек тарбиясын ж-а кесипчи­лик багыт берүүнү ишке ашыруунун, о. эле оку­тууда ж-а тарбиялоодо тех. каражаттарды кол­донуунун натыйжалуу жолдорун аныктоо ма­селелерин иштеп чыгуу талап кылынат. | ||
''И. Бекбоев.'' | |||
''[[Category: 3-том, 5-85 бб]]'' |
10:09, 31 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДИДА́КТИКА (гр. didaktikōs – үйрөтүү, окутуу) – педагогиканын билим берүү ж-а окутуу теориясын иштеп чыгуучу тармагы. «Д.» термини 17-к-да эле пайда болгон. Чех педагог-гуманисти Я. А. Коменский өзүнүн «Улуу дидактика» (1657) деген эӊ чоӊ эмгегин жаратып, коомдук тарбиянын негизги маселелерин, балдарды окутуунун принциптерин ж-а эрежелерин иштеп чыккан. 19-к-дан тартып Д. педагогиканын билим берүү теориясы ж-дөгү бөлүгү катары кабыл алынган. Д-нын өнүгүшүнө И. К. Песталоцци, А. Дистервег, Ж. Ж. Руссо, К. Д. Ушинский ж. б. зор салым кошкон. Бүткүл педагогика сыяктуу эле Д. адам коомунун өнүгүшүнүн ар кандай баскычында мектеп алдына коюлуучу маселелерди чечүү м-н тарыхый мүнөздө өнүккөн. Окуу процесси – Д-дагы окуп-үйрөнүлүүчү эӊ негизги ж-а эӊ татаал учур. Ал билимди, билгичтикти ж-а көндүмдөрдү бекем өздөштүрүүгө, өз алдынча ойлонууга, окуучулардын жөндөмүн калыптандырууга, ойлонуп эмгектенүү мад-тынын зарыл элементтерине ээ болууга, калыптандырууга багытталган мугалим м-н окуучулардын өз ара байланышкан ырааттуу аракеттеринин жыйындысы болуп саналат. Окуу процесси билим берүүнүн максаты м-н шартталып, өзүнүн компоненттеринин: окутуунун, б. а. окуу предметинин мазмунунун (мында ар бир класстын окуучулары үчүн); илимдердин негиздеринин (билимдер системалаштырылып берилет); окуп-үйрөнүүнүн, б. а. окуучулардын акыл ж-а күч аракеттерин өз ичине камтыган ар кандай ишмердиктеринин; окутуунун материалдык каражаттарынын (окуу китептери, окуу куралдары, тех. каражаттар ж. б.) бирибирине таасирлери аркылуу мүнөздөлөт. Окуучулардын билимди өздөштүрүүсүнүн ж-а акылэсинин өнүгүүсүнүн натыйжасын мүмкүн болушунча жогорулатуу үчүн окуу процессинин негизин ушул компоненттердин бири-бирине туура байланышын таап аныктоо Д-нын негизги проблемасы болуп эсептелет. Д. пед. ж-а балдар психологиясы, жалпы психология ж-а физиология м-н тыгыз байланышта болот. Ар бири өз жаатында баланын таанып-билүү ишмердигинин процесстери ж-дө билим берет, балдарды окутуунун мазмунун ж-а ыкмаларын окупүйрөнүүгө чоӊ жардам көрсөтөт. Д-лык эӊ ири маселелерди чечүүдө бул илимди толук пайдалануу зарыл. Мугалимдер үчүн ар бир предметтерди окутууда жалпы мыйзамченемдүүлүктүн ишке ашырылышынын айкын жолдору өтө керектүү ж-а маанилүү. Бул маселелер предметтик Д-да каралат. Д-нын негизги милдеттери: а) окутуу максаттарын ж-а милдеттерин аныктоо; б) окутуу процессинин мыйзамченемдүүлүгүн аныктап чыгуу; в) билим берүүнүн мазмунун аныктоо; г) окутуунун эӊ натыйжалуу ыкмаларын ж-а уюштуруу формаларын иштеп чыгуу. Демек, Д. Эмне үчүн окутуу керек? Эмнени окутуу керек? Кандайча окутуу керек? сыяктуу суроолорго жооп берет. Билим берүү теориясынын негизги маселелери, б. а. жалпы билим берүүнүн мүнөзү, окуу планы, окуу программалары, окуу китептери Д-да бардык жактан каралат. Сабак берүүнүн ил. деӊгээлин жогорулатуу, тех. окуунун, эмгек тарбиясын ж-а кесипчилик багыт берүүнү ишке ашыруунун, о. эле окутууда ж-а тарбиялоодо тех. каражаттарды колдонуунун натыйжалуу жолдорун аныктоо маселелерин иштеп чыгуу талап кылынат.
И. Бекбоев.
'