ДЕТЕКТИВ ФИЛЬМ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ДЕТЕКТИ́В ФИЛЬМ''' – чалгынчылар, кылмыш­тарды тергөө, мамлекеттин чыккынчылары жөнүндөгү кино өнөр чыгармалары. Алгачкы Детектив фильми «Бир кылмыштын тарыхы» (режиссёру Ф. Зекк, 1901) фильми болгон. Анда кылмыш жасоо, кылмыш­керди кармоо жана жазалоо сценалары көрсөтү­лөт. Көп сериялуу фильм (сериал) ушул сыяк­туу сюжеттерди кеӊири пайдаланган. Француз режиссёру В. Жассе 1908–1909-жылдары тарткан тыӊчы Нике Кар­тер жөнүндөгү фильми негиздөөчү катары белгилүү. Андан кийин Л. Фейаддын «Фантомас» (5 сериялуу, 1913–1914), «Жюдекс» жана «Жюдекстин жаӊы тапшырмасы» (1916–1917, ар бири 12 сериядан) фильмдери тартылган. 1940-жылдарда Детектив фильмдер турмушка жакындаштырылып, «полиция до­кументтери» деп аталган Детектив фильмдер чыгарылган. Алар көп учурда чыныгы фактыларга, даректүү жыйынтыктарга негизделген: «Нортсайд 777ге чалгыла» (режиссёру Хатауэя, 1948), «Бумеранг» (режиссёру Ж. Дассен, 1947; экөө теӊ Америка Кошмо Штаттары) жана башка фильм­дер. 1960–1970-жылдарда Детектив фильмдердин сюжеттик структурасы саясий кинодо колдонулган: «Граж­дандын ишин шек саноосуз тергөө» (режиссёру Э. Пет­ри, 1969), «Улуу даражалуу өлүктөр» (режиссёру Ф. Рози, 1976) – экөө теӊ Италия; «Өмүрдөн да артык акы» көп сериялуу телефильми (режиссёру Я. Моргенштерн, А.Кониц, Польша, 1969), «Ар бир километрде» (режиссёру Л. Шарланжиев, Н. Чер­нев, Болгария, 1969) жана башкалар. Советтик кино искусствосунда Детектив фильмдери кеӊири орун алган. Кино үчүн милиция, чалгындоо органдарынын, душмандын тылын­да иштеген чалгынчылардын иштери жана башкалар ма­териал болгон. «Жекеме жеке» (режиссёру В. Г. Лего­шин, 1945), «Чалгынчынын баатырдыгы» (режиссёру Б. В. Барнет, 1947), « Жаздын 17 көз ирмеми» (режиссёру Т. М. Лиознова, 1973, 12 сериялуу), «Транс­сибирь экспресси»  
'''ДЕТЕКТИ́В ФИЛЬМ''' – чалгынчылар, кылмыш­тарды тергөө, мамлекеттин чыккынчылары жөнүндөгү кино өнөр чыгармалары. Алгачкы Детектив фильми «Бир кылмыштын тарыхы» (режиссёру Ф. Зекк, 1901) фильми болгон. Анда кылмыш жасоо, кылмыш­керди кармоо жана жазалоо сценалары көрсөтү­лөт. Көп сериялуу фильм (сериал) ушул сыяк­туу сюжеттерди кеӊири пайдаланган. Француз режиссёру В. Жассе 1908–1909-жылдары тарткан тыӊчы Нике Кар­тер жөнүндөгү фильми негиздөөчү катары белгилүү. Андан кийин Л. Фейаддын «Фантомас» (5 сериялуу, 1913–1914), «Жюдекс» жана «Жюдекстин жаӊы тапшырмасы» (1916–1917, ар бири 12 сериядан) фильмдери тартылган. 1940-жылдарда Детектив фильмдер турмушка жакындаштырылып, «полиция до­кументтери» деп аталган Детектив фильмдер чыгарылган. Алар көп учурда чыныгы фактыларга, даректүү жыйынтыктарга негизделген: «Нортсайд 777ге чалгыла» (режиссёру Хатауэя, 1948), «Бумеранг» (режиссёру Ж. Дассен, 1947; экөө теӊ Америка Кошмо Штаттары) жана башка фильм­дер. 1960–1970-жылдарда Детектив фильмдердин сюжеттик структурасы саясий кинодо колдонулган: «Граж­дандын ишин шек саноосуз тергөө» (режиссёру Э. Пет­ри, 1969), «Улуу даражалуу өлүктөр» (режиссёру Ф. Рози, 1976) – экөө теӊ Италия; «Өмүрдөн да артык акы» көп сериялуу телефильми (режиссёру Я. Моргенштерн, А.Кониц, Польша, 1969), «Ар бир километрде» (режиссёру Л. Шарланжиев, Н. Чер­нев, Болгария, 1969) жана башкалар. Советтик кино искусствосунда Детектив фильмдери кеӊири орун алган. Кино үчүн милиция, чалгындоо органдарынын, душмандын тылын­да иштеген чалгынчылардын иштери жана башкалар ма­териал болгон. «Жекеме жеке» (режиссёру В. Г. Лего­шин, 1945), «Чалгынчынын баатырдыгы» (режиссёру Б. В. Барнет, 1947), «Жаздын 17 көз ирмеми» (режиссёру Т. М. Лиознова, 1973, 12 сериялуу), «Транс­сибирь экспресси» (режиссёру Э. М. Уразбаев, 1978), «Жолугушуучу жерди алмаштырбайт» (режиссёру С. Говорухин, 1979), Кыргызстанда «Бөрү зындан» (режиссёру Б. Шамшиев, 1984) жана башка Детектив фильмдери бел­гилүү.


(режиссёру Э. М. Уразбаев, 1978), «Жолугушуучу жерди алмаштырбайт» (режиссёру С. Говорухин, 1979), Кыргызстанда «Бөрү зындан» (режиссёру Б. Шамшиев, 1984) жана башка Детектив фильмдери бел­гилүү.
Ад.: ''Колодяжная В. С.'' Советский приключенческий фильм. М., 1965; Кино: Энциклопедический словарь. М., 1986.  


Ад.: ''Колодяжная В. С.'' Советский приключенческий фильм. М., 1965; Кино: Энциклопедический словарь. М., 1986. ''Н. Жылдызова.'' [[Category: 3-том, 5-85 бб]]
''Н. Жылдызова.'' [[Category: 3-том, 5-85 бб]]

03:30, 1 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДЕТЕКТИ́В ФИЛЬМ – чалгынчылар, кылмыш­тарды тергөө, мамлекеттин чыккынчылары жөнүндөгү кино өнөр чыгармалары. Алгачкы Детектив фильми «Бир кылмыштын тарыхы» (режиссёру Ф. Зекк, 1901) фильми болгон. Анда кылмыш жасоо, кылмыш­керди кармоо жана жазалоо сценалары көрсөтү­лөт. Көп сериялуу фильм (сериал) ушул сыяк­туу сюжеттерди кеӊири пайдаланган. Француз режиссёру В. Жассе 1908–1909-жылдары тарткан тыӊчы Нике Кар­тер жөнүндөгү фильми негиздөөчү катары белгилүү. Андан кийин Л. Фейаддын «Фантомас» (5 сериялуу, 1913–1914), «Жюдекс» жана «Жюдекстин жаӊы тапшырмасы» (1916–1917, ар бири 12 сериядан) фильмдери тартылган. 1940-жылдарда Детектив фильмдер турмушка жакындаштырылып, «полиция до­кументтери» деп аталган Детектив фильмдер чыгарылган. Алар көп учурда чыныгы фактыларга, даректүү жыйынтыктарга негизделген: «Нортсайд 777ге чалгыла» (режиссёру Хатауэя, 1948), «Бумеранг» (режиссёру Ж. Дассен, 1947; экөө теӊ Америка Кошмо Штаттары) жана башка фильм­дер. 1960–1970-жылдарда Детектив фильмдердин сюжеттик структурасы саясий кинодо колдонулган: «Граж­дандын ишин шек саноосуз тергөө» (режиссёру Э. Пет­ри, 1969), «Улуу даражалуу өлүктөр» (режиссёру Ф. Рози, 1976) – экөө теӊ Италия; «Өмүрдөн да артык акы» көп сериялуу телефильми (режиссёру Я. Моргенштерн, А.Кониц, Польша, 1969), «Ар бир километрде» (режиссёру Л. Шарланжиев, Н. Чер­нев, Болгария, 1969) жана башкалар. Советтик кино искусствосунда Детектив фильмдери кеӊири орун алган. Кино үчүн милиция, чалгындоо органдарынын, душмандын тылын­да иштеген чалгынчылардын иштери жана башкалар ма­териал болгон. «Жекеме жеке» (режиссёру В. Г. Лего­шин, 1945), «Чалгынчынын баатырдыгы» (режиссёру Б. В. Барнет, 1947), «Жаздын 17 көз ирмеми» (режиссёру Т. М. Лиознова, 1973, 12 сериялуу), «Транс­сибирь экспресси» (режиссёру Э. М. Уразбаев, 1978), «Жолугушуучу жерди алмаштырбайт» (режиссёру С. Говорухин, 1979), Кыргызстанда «Бөрү зындан» (режиссёру Б. Шамшиев, 1984) жана башка Детектив фильмдери бел­гилүү.

Ад.: Колодяжная В. С. Советский приключенческий фильм. М., 1965; Кино: Энциклопедический словарь. М., 1986.

Н. Жылдызова.