ДЕТЕРМИНИЗМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕТЕРМИНИ́ЗМ''' (лат. determino – аныктайм) – жаратылыш м-н коомдогу бардык кубулуштар­дын жашап турушу, кыймыл-аракеттери, өз ара байланыштары ж-а себептүүлүк м-н шарттал­ | '''ДЕТЕРМИНИ́ЗМ''' (лат. determino – аныктайм) – жаратылыш м-н коомдогу бардык кубулуштар­дын жашап турушу, кыймыл-аракеттери, өз ара байланыштары ж-а себептүүлүк м-н шарттал­гандыгы жөнүндөгү философиялык окуу. Себептүүлүктөрдүн, шарттуулуктардын маани-мазмундарынын көп тараптуулугу Детерминизмдин ар түрдүүлүгүн аныктайт. Дүйнөдөгү болуп жаткан процесстердин, анын ичинде адам жашоосундагы окуялардын себептерин Кудай м-н байланыштырган окуулар же баары алдын ала аныкталып коюлган деген «тагдыр» тууралуу окуулар — теологиялык Детерминизм, жаратылыштагы себептүүлүктөр м-н шартталыштар тууралуу окуулар – космостук Детерминизм, адам эрктериндеги се­бептүүлүктөргө арналган окуулар – антропологиялык Детерминизм ж. б. Детерминизм кайсы бир кырдаалда ''фатализмге'' өтүп кетиши ыктымал. Детерминизм термини – себеп­түүлүктүн бүт жалпы мүнөзүн танган ''индетер­минизмдин'' карама-каршысы. | ||
өтүп кетиши ыктымал. | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
03:47, 1 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕТЕРМИНИ́ЗМ (лат. determino – аныктайм) – жаратылыш м-н коомдогу бардык кубулуштардын жашап турушу, кыймыл-аракеттери, өз ара байланыштары ж-а себептүүлүк м-н шартталгандыгы жөнүндөгү философиялык окуу. Себептүүлүктөрдүн, шарттуулуктардын маани-мазмундарынын көп тараптуулугу Детерминизмдин ар түрдүүлүгүн аныктайт. Дүйнөдөгү болуп жаткан процесстердин, анын ичинде адам жашоосундагы окуялардын себептерин Кудай м-н байланыштырган окуулар же баары алдын ала аныкталып коюлган деген «тагдыр» тууралуу окуулар — теологиялык Детерминизм, жаратылыштагы себептүүлүктөр м-н шартталыштар тууралуу окуулар – космостук Детерминизм, адам эрктериндеги себептүүлүктөргө арналган окуулар – антропологиялык Детерминизм ж. б. Детерминизм кайсы бир кырдаалда фатализмге өтүп кетиши ыктымал. Детерминизм термини – себептүүлүктүн бүт жалпы мүнөзүн танган индетерминизмдин карама-каршысы.