ДЕТОНАЦИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕТОНА́ЦИЯ''' (лат. detonо – күрүлдөө) – жарыл­гыч заттардан кубат бөлүнүп чыгып, ал бир кат­мардан экинчисине толкун түрүндө үндөн тез та­ралуучу | '''ДЕТОНА́ЦИЯ''' (лат. detonо – күрүлдөө) – жарыл­гыч заттардан кубат бөлүнүп чыгып, ал бир кат­мардан экинчисине толкун түрүндө үндөн тез та­ралуучу химиялык процесс. Химиялык реакцияда согуу тол­куну пайда болот. Күйүүчү газдардын ж-а кошун­дулардын күйүү тездиги, температурасы, күйүүдөн пай­да болгон газ түрүндөгү заттардын басымы улам жогорулай берет. Күйүүнү андан ары да улант­канда процесс жарылууга өтөт. Процесс жүрүп жаткан учурда күйүү чөйрөсүнүн көлөмү өзгөр­бөсө, көлөмдөгү басым өтө тез жогорулап, күйүү процессинин өзү Детонацияга айланат. Эгер жарылуу сыяктуу күйүү процессинин басымы 500–1500 ''кг/см''<sup>2 </sup>болсо, Детонация убагында басым 100 000 ''кг/см''<sup>2 </sup>ж-а андан да жогору болушу ыктымал. Жөнөкөй күйүү, жарылуу сыяктуу күйүү ж-а Детонациялык өзгө­рүүлөр кычкылдануу принцибинин натыйжа­сында пайда болот. Басым, процесстин жүрүү ж-а кеӊейүү тездиги, андагы тыгыздык ж. б. па­раметрлер Детонация үчүн зор роль ойнойт. Детонация учурунда пайда болгон басымга жаратылыштагы белгилүү заттардын эч бири туруштук бере албайт. | ||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
03:50, 1 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДЕТОНА́ЦИЯ (лат. detonо – күрүлдөө) – жарылгыч заттардан кубат бөлүнүп чыгып, ал бир катмардан экинчисине толкун түрүндө үндөн тез таралуучу химиялык процесс. Химиялык реакцияда согуу толкуну пайда болот. Күйүүчү газдардын ж-а кошундулардын күйүү тездиги, температурасы, күйүүдөн пайда болгон газ түрүндөгү заттардын басымы улам жогорулай берет. Күйүүнү андан ары да улантканда процесс жарылууга өтөт. Процесс жүрүп жаткан учурда күйүү чөйрөсүнүн көлөмү өзгөрбөсө, көлөмдөгү басым өтө тез жогорулап, күйүү процессинин өзү Детонацияга айланат. Эгер жарылуу сыяктуу күйүү процессинин басымы 500–1500 кг/см2 болсо, Детонация убагында басым 100 000 кг/см2 ж-а андан да жогору болушу ыктымал. Жөнөкөй күйүү, жарылуу сыяктуу күйүү ж-а Детонациялык өзгөрүүлөр кычкылдануу принцибинин натыйжасында пайда болот. Басым, процесстин жүрүү ж-а кеӊейүү тездиги, андагы тыгыздык ж. б. параметрлер Детонация үчүн зор роль ойнойт. Детонация учурунда пайда болгон басымга жаратылыштагы белгилүү заттардын эч бири туруштук бере албайт.