ДЕУРБАНИЗАЦИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕУРБАНИЗА́ЦИЯ''' (фр. dts – тануу, urbanus – шаардык), д е з у р б а н и з а ц и я – калкынын санынын кыскарышынын ж-а | '''ДЕУРБАНИЗА́ЦИЯ''' (фр. dts – тануу, urbanus – шаардык), д е з у р б а н и з а ц и я – калкынын санынын кыскарышынын ж-а өнөр жай потенциа­лынын төмөндөшүнүн негизинде ири шаарлар­дын ээн калышы. Негизинен өнүккөн мамле­кеттердин ири шаарларында табигый ж-а со­циалдык чөйрөсүнүн тиричилигинин кескин начар­лашынан пайда болот. Өнөр жай ишканаларынын турак жай аймагына жайгаштырылышы, ку­рулуштарынын тыгыздыгы, бак-дарак ж. б. ма­даний өсүмдүктөрүнүн аянттарынын кыскары­шы, абанын ж-а суу объектилеринин булганы­шы, ызы-чуунун көбөйүшү ири шаарларда са­нитардык-гигиеналык шарттын кескин начарлашы­на алып келүүдө. Натыйжада калктын жетиш­түү жашаган катмары шаардын өнөр жайлуу борбо­рунан, анын тегерегиндеги ээн аймактарга, көп кабаттуу үйлөрдөн жер үйлөргө (калктын бол­жолдуу 86% каалашат) көчүп кетүүдө. Мисалы, Лондондун калкы (болгону 6,6 млн) 10 жыл­дын ичинде 10%ке гана кыскарган. Батыш Бер­линдин калкы 1970–80-жылдар аралыгында 2121 миӊ адамдан 1957 миӊ адамга чейин кыскарган. Шаар калкынын өтө көп оошуусу 1960–1980- жылдары байкалган. 1980-жылдардын ортосунда бул процесс басаӊдаган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда со­циалдык-экологиялык абалга байланыштуу Деурбанизация процесси айрыкча майда шаарчаларыбызда (Ак-Түз, Орловка, Майлы-Суу ж. б.) ж-а борборубузда (өнөр жайлуу борбордук бөлүктөрдөн шаардын чет жа­касына) байкалууда. | ||
''Н. Алымкулова.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
04:01, 1 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕУРБАНИЗА́ЦИЯ (фр. dts – тануу, urbanus – шаардык), д е з у р б а н и з а ц и я – калкынын санынын кыскарышынын ж-а өнөр жай потенциалынын төмөндөшүнүн негизинде ири шаарлардын ээн калышы. Негизинен өнүккөн мамлекеттердин ири шаарларында табигый ж-а социалдык чөйрөсүнүн тиричилигинин кескин начарлашынан пайда болот. Өнөр жай ишканаларынын турак жай аймагына жайгаштырылышы, курулуштарынын тыгыздыгы, бак-дарак ж. б. маданий өсүмдүктөрүнүн аянттарынын кыскарышы, абанын ж-а суу объектилеринин булганышы, ызы-чуунун көбөйүшү ири шаарларда санитардык-гигиеналык шарттын кескин начарлашына алып келүүдө. Натыйжада калктын жетиштүү жашаган катмары шаардын өнөр жайлуу борборунан, анын тегерегиндеги ээн аймактарга, көп кабаттуу үйлөрдөн жер үйлөргө (калктын болжолдуу 86% каалашат) көчүп кетүүдө. Мисалы, Лондондун калкы (болгону 6,6 млн) 10 жылдын ичинде 10%ке гана кыскарган. Батыш Берлиндин калкы 1970–80-жылдар аралыгында 2121 миӊ адамдан 1957 миӊ адамга чейин кыскарган. Шаар калкынын өтө көп оошуусу 1960–1980- жылдары байкалган. 1980-жылдардын ортосунда бул процесс басаӊдаган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда социалдык-экологиялык абалга байланыштуу Деурбанизация процесси айрыкча майда шаарчаларыбызда (Ак-Түз, Орловка, Майлы-Суу ж. б.) ж-а борборубузда (өнөр жайлуу борбордук бөлүктөрдөн шаардын чет жакасына) байкалууда.
Н. Алымкулова.