ДЕӉИЗ ДЕӉГЭЭЛИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ДЕӉИЗ ДЕӉГЭЭЛИ''' – Дүйнөлүк океандын тынч абалдагы орт. деӊгээлин билгизген (нөл гори­зонту катары эсептелген) шарттуу белги. Д. д. жер бетинин Дүйнөлүк океандан бийиктигин
'''ДЕӉИЗ ДЕӉГЭЭЛИ''' – Дүйнөлүк океандын тынч абалдагы орточо деӊгээлин билгизген (нөл гори­зонту катары эсептелген) шарттуу белги. Деңиз деңгээли жер бетинин Дүйнөлүк океандан бийиктигин ченөөгө мүмкүнчүлүк берет. Деӊиздин толкушу, ташкындашы, деӊиздин үстүнкү бетинин жы­лышы ж-а муздашы, атмосфералык басымдын туруксуз­дугу, жаан-чачын м-н буулануу ар кандай күч­төрдүн таасиринен өзгөрүп турат. Деңиз деңгээли  «көз ир­мемдик», ташкындык, орточо суткалык, орточо ай­лык, орточо жылдык ж-а орточо көп жылдык болуп бөлүнөт. КМШ аймагында Деңиз деңгээли  катары Балти­ка деӊизинин (Финн булуӊу) Кронштадттагы футшток нөлүнөн алынган. Ушул деӊгээлден тартып КМШ өлкөлөрүнүн жеринин бетинин бийиктиктери өлчөнөт. Кыргызстандын деӊиз деӊгээлинин орточо бийиктиги 2750 ''м'', эӊ бийик жери 7439 ''м'' (Какшаалдагы Жеӊиш чокусу), эӊ жапыз жери 401 ''м'' (Лейлек районунун аймагында).  
ченөөгө мүмкүнчүлүк берет. Деӊиздин толкушу, ташкындашы, деӊиздин үстүнкү бетинин жы­лышы ж-а муздашы, атм. басымдын туруксуз­дугу, жаан-чачын м-н буулануу ар кандай күч­төрдүн таасиринен өзгөрүп турат. Д. д. «көз ир­мемдик», ташкындык, орт. суткалык, орт. ай­лык, орт. жылдык ж-а орт. көп жылдык болуп бөлүнөт. КМШ аймагында Д. д. катары Балти­ка деӊизинин (Финн булуӊу) Кронштадттагы футшток нөлүнөн алынган. Ушул деӊгээлден тартып КМШ өлкөлөрүнүн жеринин бетинин бийиктиктери өлчөнөт. Кырг-ндын деӊиз деӊг. орт. бийикт. 2750 ''м'', эӊ бийик жери 7439 ''м'' (Какшаалдагы Жеӊиш чокусу), эӊ жапыз жери 401 ''м'' (Лейлек р-нунун аймагында). [[Category: 3-том, 5-85 бб]]
[[Category: 3-том, 5-85 бб]]
 

08:22, 1 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДЕӉИЗ ДЕӉГЭЭЛИ – Дүйнөлүк океандын тынч абалдагы орточо деӊгээлин билгизген (нөл гори­зонту катары эсептелген) шарттуу белги. Деңиз деңгээли жер бетинин Дүйнөлүк океандан бийиктигин ченөөгө мүмкүнчүлүк берет. Деӊиздин толкушу, ташкындашы, деӊиздин үстүнкү бетинин жы­лышы ж-а муздашы, атмосфералык басымдын туруксуз­дугу, жаан-чачын м-н буулануу ар кандай күч­төрдүн таасиринен өзгөрүп турат. Деңиз деңгээли «көз ир­мемдик», ташкындык, орточо суткалык, орточо ай­лык, орточо жылдык ж-а орточо көп жылдык болуп бөлүнөт. КМШ аймагында Деңиз деңгээли катары Балти­ка деӊизинин (Финн булуӊу) Кронштадттагы футшток нөлүнөн алынган. Ушул деӊгээлден тартып КМШ өлкөлөрүнүн жеринин бетинин бийиктиктери өлчөнөт. Кыргызстандын деӊиз деӊгээлинин орточо бийиктиги 2750 м, эӊ бийик жери 7439 м (Какшаалдагы Жеӊиш чокусу), эӊ жапыз жери 401 м (Лейлек районунун аймагында).