ДИАЛЕКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИАЛЕКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛИ́ЗМ''' – «Марк­сизмдин философиялык окуусу ж-а коммунист­тик партиялардын дүйнөгө көз карашы» (совет­тик | '''ДИАЛЕКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛИ́ЗМ''' – «Марк­сизмдин философиялык окуусу ж-а коммунист­тик партиялардын дүйнөгө көз карашы» (совет­тик философиялык аныктамадан). Д. м. ж-а анын не­гизги принциптери 19-к-дын 40-жылдарында К. Маркс м-н Ф. Энгельс тарабынан түзүлүп, В. И. Ленин аны андан ары өнүктүргөн. Диалектикалык материализм бирден-бир жеткилеӊ иштелип чыккан философиялык система деп эсептелинген. В. И. Лениндин сөзү м-н айтканда, марксизмдин философиясы – Диалектикалык материализм немис классикалык философиясына, ай­рыкча, Л. Фейербахтын материализмине, философия теориянын туу чокусуна жеткен Гегелдин улуу диалектикасына таянган. Табият таануу илим­дери жаатындагы улуу ачылыштар (энергия­нын сакталуу закону, клетканын ачылышы, Дарвиндин эволюция теориясы), коомдук өнүгүүнүн индустриялык баскычка өсүп жетилиши, тары­хый ж-а социалдык изилдөөлөрдүн деӊгээли тур­муш алдыга койгон орчундуу, түпкү болмуш­тук маселелерге жооп бере ала турган жаӊы, чыныгы илимий теорияны иштеп чыгуу милдети дүйнөлүк коомдук ой-пикирдин алдына курч коюлган тарыхый чакырык Диалектикалык материализмди турмушка алып чыкты,– делет марксизм тарыхынын ба­янында. Диалектикалык материализм теориясынын ырастоосуна ыла­йык, материя – дүйнөнүн жападан-жалгыз не­гизи, чордону. Ал эми аӊ-сезим болсо, анын касиети. Дүйнөнүн кыймылы ж-а өнүгүшү, Диалектикалык материализм окуусу көрсөткөндөй, анын ички карама-кар­шылыктарынын натыйжасында, башкача айтканда карама-каршы жактардын биримдиги м-н күрөшү, сан­дык өзгөрүүлөрдөн сапаттык түргө өтүү, тануу­ну тануу (үч баскычтуу өнүгүү: тезис – антите­зис –синтез) сыяктуу бүт баарына жалпы таан­дык мыйзамдардын негизинде жүрүп турат. Диалектикалык материализмдин предмети жалпылык ж-а жекелик, маӊыз ж-а көрүнүш, мазмун ж-а форма, бүтүн ж-а бөлүк, себеп ж-а натыйжа, мүмкүндүк ж-а чын­дык, зарылдык ж-а кокустук сыяктуу катего­рияларында ачылат. Диалектикалык материализмдин эӊ маанилүү принциби – тааным теориясы: жаратылыштын өнүгүү, өсүү мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ойлоо­нун (ой жүгүртүүнүн) өсүп-өнүгүү тенденцияла­рынын дал келишин, болмуш м-н ойломдун мый­замдарынын бипбирдейлигин көрсөтөт. | ||
чыныгы | |||
дүйнөлүк коомдук ой-пикирдин алдына курч коюлган тарыхый чакырык | |||
өнүгүү, өсүү мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ойлоо­нун (ой жүгүртүүнүн) өсүп-өнүгүү тенденцияла­рынын дал келишин, болмуш м-н ойломдун мый­замдарынын бипбирдейлигин көрсөтөт. | |||
''Т. Абдылдабеков.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
08:09, 2 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИАЛЕКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛИ́ЗМ – «Марксизмдин философиялык окуусу ж-а коммунисттик партиялардын дүйнөгө көз карашы» (советтик философиялык аныктамадан). Д. м. ж-а анын негизги принциптери 19-к-дын 40-жылдарында К. Маркс м-н Ф. Энгельс тарабынан түзүлүп, В. И. Ленин аны андан ары өнүктүргөн. Диалектикалык материализм бирден-бир жеткилеӊ иштелип чыккан философиялык система деп эсептелинген. В. И. Лениндин сөзү м-н айтканда, марксизмдин философиясы – Диалектикалык материализм немис классикалык философиясына, айрыкча, Л. Фейербахтын материализмине, философия теориянын туу чокусуна жеткен Гегелдин улуу диалектикасына таянган. Табият таануу илимдери жаатындагы улуу ачылыштар (энергиянын сакталуу закону, клетканын ачылышы, Дарвиндин эволюция теориясы), коомдук өнүгүүнүн индустриялык баскычка өсүп жетилиши, тарыхый ж-а социалдык изилдөөлөрдүн деӊгээли турмуш алдыга койгон орчундуу, түпкү болмуштук маселелерге жооп бере ала турган жаӊы, чыныгы илимий теорияны иштеп чыгуу милдети дүйнөлүк коомдук ой-пикирдин алдына курч коюлган тарыхый чакырык Диалектикалык материализмди турмушка алып чыкты,– делет марксизм тарыхынын баянында. Диалектикалык материализм теориясынын ырастоосуна ылайык, материя – дүйнөнүн жападан-жалгыз негизи, чордону. Ал эми аӊ-сезим болсо, анын касиети. Дүйнөнүн кыймылы ж-а өнүгүшү, Диалектикалык материализм окуусу көрсөткөндөй, анын ички карама-каршылыктарынын натыйжасында, башкача айтканда карама-каршы жактардын биримдиги м-н күрөшү, сандык өзгөрүүлөрдөн сапаттык түргө өтүү, танууну тануу (үч баскычтуу өнүгүү: тезис – антитезис –синтез) сыяктуу бүт баарына жалпы таандык мыйзамдардын негизинде жүрүп турат. Диалектикалык материализмдин предмети жалпылык ж-а жекелик, маӊыз ж-а көрүнүш, мазмун ж-а форма, бүтүн ж-а бөлүк, себеп ж-а натыйжа, мүмкүндүк ж-а чындык, зарылдык ж-а кокустук сыяктуу категорияларында ачылат. Диалектикалык материализмдин эӊ маанилүү принциби – тааным теориясы: жаратылыштын өнүгүү, өсүү мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ойлоонун (ой жүгүртүүнүн) өсүп-өнүгүү тенденцияларынын дал келишин, болмуш м-н ойломдун мыйзамдарынын бипбирдейлигин көрсөтөт.
Т. Абдылдабеков.