ДИАЛЕКТОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИАЛЕКТОЛО́ГИЯ''' (''диалект'' ж-а ''...логия'') – тил илиминин диалектилерди изилдеп үйрөтүүчү ж-а иретке салуучу бөлүгү. | '''ДИАЛЕКТОЛО́ГИЯ''' (''диалект'' ж-а ''...логия'') – тил илиминин диалектилерди изилдеп үйрөтүүчү ж-а иретке салуучу бөлүгү. Диалектология илими ''диалекто­графия'' (мүнөздөөчү) ж-а тарыхый Диалектология деп бөлү­нөт. Диалектология жолу м-н диалектилерди үйрөнүү учур­дагы диалектилердин түзүлүш-аймактык жик­телиши, кайсы бир тилдин диалектилеринин фонетикалык системасы, грамматикалык түзүлүшү, сөздүк курамы жөнүндө ырааттуу маалымат берет. Жергиликтүү говор (айтым), диалектинин өзгөчөлүктөрү, ай­мактык таралыш чеги, ''изоглассасы лингвисти­калык география'' аркылуу аныкталат, коӊшу тилдер м-н болгон мамилеси белгиленет. Диа­лектилерди мындай синхрондук үйрөнүү, аймак­тык таралышты салыштырып талдоо аны тары­хый-диахрондук жактан үйрөнүүгө жол ачат. Та­рыхый Диалектология азыркы диалект, говорлордун түзүлү­шүн, тарыхый өнүгүшүн жазма эстеликтердин тили ж-а тарых, этнография, археологиянын маа­лыматтары м-н айкалыштыра салыштырып изил­дейт. Тилдин диалектилерге бөлүнүшү байыркы замандан бери эле белгилүү. Тилдеги диалектилик өзгөчөлүктөр 19-кылымдан Батыш Европада, Россия­да элдик маданият, этнография, фольклор м-н бай­ланышта изилденет. Диалектологиянын кийинки өнүгүшү тил илиминдеги ''младограмматика'' агымы м-н тыгыз байланыштуу, к. ''Кыргыз диалектологиясы.'' [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
өзгөчөлүктөр 19- | |||
08:17, 2 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИАЛЕКТОЛО́ГИЯ (диалект ж-а ...логия) – тил илиминин диалектилерди изилдеп үйрөтүүчү ж-а иретке салуучу бөлүгү. Диалектология илими диалектография (мүнөздөөчү) ж-а тарыхый Диалектология деп бөлүнөт. Диалектология жолу м-н диалектилерди үйрөнүү учурдагы диалектилердин түзүлүш-аймактык жиктелиши, кайсы бир тилдин диалектилеринин фонетикалык системасы, грамматикалык түзүлүшү, сөздүк курамы жөнүндө ырааттуу маалымат берет. Жергиликтүү говор (айтым), диалектинин өзгөчөлүктөрү, аймактык таралыш чеги, изоглассасы лингвистикалык география аркылуу аныкталат, коӊшу тилдер м-н болгон мамилеси белгиленет. Диалектилерди мындай синхрондук үйрөнүү, аймактык таралышты салыштырып талдоо аны тарыхый-диахрондук жактан үйрөнүүгө жол ачат. Тарыхый Диалектология азыркы диалект, говорлордун түзүлүшүн, тарыхый өнүгүшүн жазма эстеликтердин тили ж-а тарых, этнография, археологиянын маалыматтары м-н айкалыштыра салыштырып изилдейт. Тилдин диалектилерге бөлүнүшү байыркы замандан бери эле белгилүү. Тилдеги диалектилик өзгөчөлүктөр 19-кылымдан Батыш Европада, Россияда элдик маданият, этнография, фольклор м-н байланышта изилденет. Диалектологиянын кийинки өнүгүшү тил илиминдеги младограмматика агымы м-н тыгыз байланыштуу, к. Кыргыз диалектологиясы.