ДИАСПОРА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИ́АСПО́РА''' (грекче diasporf – таратуу, чачыранды болуу) – өз тарыхый мекенинен сырткары, баш­ка өлкөлөрдө жашаган этностук топ. Диаспора зордоп көчүрүү, геноцид коркунучу, ошондой эле экономикалык жана со­циалдык себептердин натыйжасында пайда бол­гон. | '''ДИ́АСПО́РА''' (грекче diasporf – таратуу, чачыранды болуу) – өз тарыхый мекенинен сырткары, баш­ка өлкөлөрдө жашаган этностук топ. Диаспора зордоп көчүрүү, геноцид коркунучу, ошондой эле экономикалык жана со­циалдык себептердин натыйжасында пайда бол­гон. «Дисапора» термини алгач биздин заманга чейинки VI кылымдын башын­да Палестинадан куулуп, сыртта жашаган еврей­лерге, кийин башка этностук жана диний топтор­го карата колдонула баштаган. Диаспора өкүлдөрү жа­шап жаткан аймагында улуттук-маданий бор­борлорду түзүп, рухий маданиятын сактоо жана өнүк­түрүү, улуттук салттарды, үрп-адаттарды жа­йылтуу, ата журту менен маданий байланышта болуу, маданий-агартуу иштерин жүргүзөт. Кыргызстанда да жашаган улуттардын Диаспоралары бар. Ал эми Россия, Казакстан, Түркия, Кытай, Ба­тыш Европа, Америка жана башка өлкөлөрдө кыргыз Диаспоралары катталган. | ||
''О. Каратаев, С. Эралиев.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
03:07, 3 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИ́АСПО́РА (грекче diasporf – таратуу, чачыранды болуу) – өз тарыхый мекенинен сырткары, башка өлкөлөрдө жашаган этностук топ. Диаспора зордоп көчүрүү, геноцид коркунучу, ошондой эле экономикалык жана социалдык себептердин натыйжасында пайда болгон. «Дисапора» термини алгач биздин заманга чейинки VI кылымдын башында Палестинадан куулуп, сыртта жашаган еврейлерге, кийин башка этностук жана диний топторго карата колдонула баштаган. Диаспора өкүлдөрү жашап жаткан аймагында улуттук-маданий борборлорду түзүп, рухий маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, улуттук салттарды, үрп-адаттарды жайылтуу, ата журту менен маданий байланышта болуу, маданий-агартуу иштерин жүргүзөт. Кыргызстанда да жашаган улуттардын Диаспоралары бар. Ал эми Россия, Казакстан, Түркия, Кытай, Батыш Европа, Америка жана башка өлкөлөрдө кыргыз Диаспоралары катталган.
О. Каратаев, С. Эралиев.