ДИАТОМ БАЛЫРЛАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИА́ТОМ БАЛЫРЛАРЫ''' (acillariophyta) – бир | '''ДИА́ТОМ БАЛЫРЛАРЫ''' (acillariophyta) – бир клеткалуу микроскоптук майда жандыктар. Алар жалгыздап же топтошуп жашайт. Топ­тошкону жип, тасма, чынжыр, жылдызча ж-а формасыз плёнка түрүндө болот. Диатом балырлары – балыр­лардын эӊ көп таркалган тиби. Жер бетинин бардык бөлүгүндө кездешет. Туздуу, тузсуз суу­ларда, топуракта, нымдуу аскаларда, дарак­тардын капталында, мамык чөптөрдүн арасын­да ж. б. жашайт. Диатом балырларынын протопласты цитоп­лазмадан, ядродон, бир же бир нече саргыч-күрөӊ хроматофордон ж-а клеткалык суюктардан ту­рат. Көбүнчө вегетациялык бөлүнүү ж-а аук­соспоралар (өсүү споралары) м-н көбөйүшөт. Ауксоспоралар пайда болору м-н абдан чоӊою­шуп, кийин жетилген клеткаларга айланат. Ауксоспоралар бир гана Диатом балырларына мүнөздүү. Туз­суз сууларда, деӊиздерде, көбүнчө планктондор­до өсөт. Азыркы мезгилдеги деӊиздер ж-а суу өсүмдүктөр дүйнөсү Диатом балырларынын эволюциялык өрчүүсүнүн акыркы этаптарын далилдейт, көптөгөн байыр­кы түрлөр да сакталган. Алардын 2 классы, 12 миӊден ашык түрү белгилүү. Диатом балырлары Кыргызстандын балырлар дүйнөсүнүн 60–70%ин түзөт. Алар м-н түрдүү суу жаныбарлары азыктанат. | ||
клеткалуу микроскоптук майда жандыктар. Алар жалгыздап же топтошуп жашайт. Топ­тошкону жип, тасма, чынжыр, жылдызча ж-а формасыз плёнка түрүндө болот. | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
өсүмдүктөр дүйнөсү | |||
03:17, 3 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДИА́ТОМ БАЛЫРЛАРЫ (acillariophyta) – бир клеткалуу микроскоптук майда жандыктар. Алар жалгыздап же топтошуп жашайт. Топтошкону жип, тасма, чынжыр, жылдызча ж-а формасыз плёнка түрүндө болот. Диатом балырлары – балырлардын эӊ көп таркалган тиби. Жер бетинин бардык бөлүгүндө кездешет. Туздуу, тузсуз сууларда, топуракта, нымдуу аскаларда, дарактардын капталында, мамык чөптөрдүн арасында ж. б. жашайт. Диатом балырларынын протопласты цитоплазмадан, ядродон, бир же бир нече саргыч-күрөӊ хроматофордон ж-а клеткалык суюктардан турат. Көбүнчө вегетациялык бөлүнүү ж-а ауксоспоралар (өсүү споралары) м-н көбөйүшөт. Ауксоспоралар пайда болору м-н абдан чоӊоюшуп, кийин жетилген клеткаларга айланат. Ауксоспоралар бир гана Диатом балырларына мүнөздүү. Тузсуз сууларда, деӊиздерде, көбүнчө планктондордо өсөт. Азыркы мезгилдеги деӊиздер ж-а суу өсүмдүктөр дүйнөсү Диатом балырларынын эволюциялык өрчүүсүнүн акыркы этаптарын далилдейт, көптөгөн байыркы түрлөр да сакталган. Алардын 2 классы, 12 миӊден ашык түрү белгилүү. Диатом балырлары Кыргызстандын балырлар дүйнөсүнүн 60–70%ин түзөт. Алар м-н түрдүү суу жаныбарлары азыктанат.