ДЗЮДО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
3 сап: 3 сап:
[[File:ДЗЮДО88.png | thumb | Дзюдо ыкмаларынын бири.]]
[[File:ДЗЮДО88.png | thumb | Дзюдо ыкмаларынын бири.]]


150 мамлекетти бириктирет. Дзюдо боюнча Европа чем­пионаты 1951-жылдан, дүйнөнүкү 1956-жылдан (Токио) өткөрүлүп келет. Ал 1964-жылдан баш­тап Олимпия оюндарынын программасына кир­ген. Мелдешке катышуучулар 60, 66, 73, 81, 90,100 ''кг'' ж-а андан жогорку чоӊ салмактарга бөлүнөт. Дзюдонун айрым ыкмалары самбо күрө­шүнө окшош. Кыргызстанда Дзюдону А. Г. Задворный негиздеген, 1973-жылдан өнүгө баштаган.       
150 мамлекетти бириктирет. Дзюдо боюнча Европа чем­пионаты 1951-жылдан, дүйнөнүкү 1956-жылдан (Токио) өткөрүлүп келет. Ал 1964-жылдан баш­тап Олимпия оюндарынын программасына кир­ген. Мелдешке катышуучулар 60, 66, 73, 81, 90,100 ''кг'' ж-а андан жогорку чоӊ салмактарга бөлүнөт. Дзюдонун айрым ыкмалары самбо күрө­шүнө окшош. Кыргызстанда Дзюдону А. Г. Задворный негиздеген, 1973-жылдан өнүгө баштаган. Көрүнүктүү спорт чеберлери: А. Смагулов (2000, Сидней олимпия оюндары, коло медаль), В. Сергеев  (олимпия оюндарынын катышуучусу, 1996; 2000), А. Юнусов (20-кылымдын мыкты спортчусу), Д. Максутова ж.б.     
 
''У. Акматов.''      


[[Category: 3-том, 5-85 бб]]
[[Category: 3-том, 5-85 бб]]

09:03, 3 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДЗЮДО́ (япончо дзю – жумшактык, до – жол) – спорт күрөшүнүн бир түрү. 19-кылымдын аягында Японияда жиу-жицудан өркүндөтүлүп, спортко айландырылган. 1882-жылы япондук оку­муштуу Дзигоро Кано негиздеген. Машыгуу бул­чуӊдарды ж-а муундардын кыймылдуулугун өөрчүтүүчү көнүгүүлөрдөн, аны өнөгү м-н иштеп чыгуудан ж-а үйрөнгөнүн бышыктоодон турат. Кооптуулуктан сактоо көнүгүүлөрүнө өзгөчө көӊүл бөлүнөт. Дзюдодо талуу жерге уруу, муундарды толгоо, муунтуу ж. б. ыкмаларга уруксат бери­лет. Дзюдо өзүн коргоонун ж-а кол салуунун өркүн­дөтүлүп, спортко айландырылган япондук сис­темасы. Спортсмендерге «кю» (разряд) даража­лары (6-кенжеден 1-жогоркуга чейин) ыйгары­лат. Даражаларына ылайык түрдүү түстөгү бел­боо тагынышат (мисалы, 6дан 4-гө чейинки дара­жадагылар – ак, 3төн 1ге чейинкилер – күрөӊ).
Өнөрүн андан ары өркүндөткөндөр «1-дан» (че­берчиликтин 1-деӊгээли) алат да, кара түстөгү белбоо тагынуу укугуна ээ болот. Кара белбоо ээ болгондордун 10 даражасы белгилүү. Мыкты спортчулар 7-данга гана жетиши мүмкүн. Ал эми калган даражалар административдик иш-чаралар ж-а Дзюдого кошкон салымы үчүн ыйгарылат. 1-дан дара­жасы боюнча спорт чебери м-н бирдей. Алгач машы­гуулар ж-а мелдештер жерге төшөлгөн саман маталарда (татами) өткөн. Учурда татами за­манбап материалдардан жасалат. Машыгуучу «дзюдоги» (кимоно) ж-а шым кийип, белбоо кур­чaнат. Дүйнөгө Дзюдо алгач 1930-жылдардан, 2-дүй­нөлүк согуштан кийин кеӊири тарай баштаган. Дзюдонун Эл аралык федерациясы 1952-жылы түзүлүп,

Дзюдо ыкмаларынын бири.

150 мамлекетти бириктирет. Дзюдо боюнча Европа чем­пионаты 1951-жылдан, дүйнөнүкү 1956-жылдан (Токио) өткөрүлүп келет. Ал 1964-жылдан баш­тап Олимпия оюндарынын программасына кир­ген. Мелдешке катышуучулар 60, 66, 73, 81, 90,100 кг ж-а андан жогорку чоӊ салмактарга бөлүнөт. Дзюдонун айрым ыкмалары самбо күрө­шүнө окшош. Кыргызстанда Дзюдону А. Г. Задворный негиздеген, 1973-жылдан өнүгө баштаган. Көрүнүктүү спорт чеберлери: А. Смагулов (2000, Сидней олимпия оюндары, коло медаль), В. Сергеев (олимпия оюндарынын катышуучусу, 1996; 2000), А. Юнусов (20-кылымдын мыкты спортчусу), Д. Максутова ж.б.

У. Акматов.