ДИДАКТИКАЛЫК АДАБИЯТ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
vol3_>KadyrM No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИДАКТИКАЛЫК АДАБИЯТ''' – акыл-насаат м-н тарбиялоо максатын көздөгөн ар кыл жанр­дагы чыгармалар (икая, поэма, повесттер). Анын башаты – фольклор. | '''ДИДАКТИКАЛЫК АДАБИЯТ''' – акыл-насаат м-н тарбиялоо максатын көздөгөн ар кыл жанр­дагы чыгармалар (икая, поэма, повесттер). Анын башаты – фольклор. Д. а. филос., ди­ний, адеп-ахлактык идеяларды ж-а илим-би­лимдерди көркөм сөз түрүндө баяндайт. Илим м-н иск-во бири-биринен ажырай электе, мис., алгачкы жамааттык коомдо, Д. а. дүйнөнү аң­дап билүүнүн баёо түрү болгон. Бирок ил. ж-а филос. түшүндүрүүнүн атайын түрлөрү пайда бо­луп, алар өз алдынча бөлүнүп чыкканда, ай­рыкча жаңы доордо Д. а. үчүн көркөм түрү «олут­туу жана кургак акыл-насаатка ажарлуу мүнөз берчү сырткы боёкко» (Гегель) айланып калган. Анык Д. а-тын үлгүлөрүндө ''синкретизмдин'' белгилери ачык көрүнөт. Алар: антикалык ад­та Гесиоддун моралдык-дыйканчылык темасы­на арналган «Эмгек жана күндөр», Лукреций­дин «Заттардын табияты жөнүндө» деген фи­лос. поэмалары, Горацийдин «Поэзия илими» аттуу каты, Иранда Зороастрдын трактаттары, Руста «Владимир Мономахтын акыл-насааты». Байыртадан ж-а о. кылымда нукура Д. а. м-н катар диний, филос., этикалык мүнөздөгү ди­дактикалык чыгармалар да, ал турсун атайын жанрлар да түзүлгөн. Жаңы доордо да айрым акындар ж-а илимпоздор Д. а-ка кайрылыш­кан (Н. Буало, «Поэтика өнөрү»; А. Поп, «Адам жөнүндө тажрыйба»; И. В. Гёте, «Өсүмдүктөрдүн метаморфозасы»; М. В. Ломоносов, «Айнектин пайдасы жөнүндө кат»). 19-к-дан тартып «ди­дактикалык» деген түшүнүк иск-вого карата терс (карандай акылдан пайда болгон, бир жактуу | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | үгүт-насыят) мааниге өттү. Кыргыз ад-тынын та­рыхында Д. а. айрыкча акындар поэзиясында адеп-ахлак, жүрүм-турум, өмүр, жашоо, үй-бүлө, сүйүү, жек көрүү, адилеттик, арамзалык, жаман­жакшы, ак-кара ж-дө түздөн-түз айтылган акыл­насаат ырлары катары кеңири өнүккөн. Көбүнчө санат-термелерде, лирикаларда кездешет. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДИДАКТИКАЛЫК АДАБИЯТ – акыл-насаат м-н тарбиялоо максатын көздөгөн ар кыл жанрдагы чыгармалар (икая, поэма, повесттер). Анын башаты – фольклор. Д. а. филос., диний, адеп-ахлактык идеяларды ж-а илим-билимдерди көркөм сөз түрүндө баяндайт. Илим м-н иск-во бири-биринен ажырай электе, мис., алгачкы жамааттык коомдо, Д. а. дүйнөнү аңдап билүүнүн баёо түрү болгон. Бирок ил. ж-а филос. түшүндүрүүнүн атайын түрлөрү пайда болуп, алар өз алдынча бөлүнүп чыкканда, айрыкча жаңы доордо Д. а. үчүн көркөм түрү «олуттуу жана кургак акыл-насаатка ажарлуу мүнөз берчү сырткы боёкко» (Гегель) айланып калган. Анык Д. а-тын үлгүлөрүндө синкретизмдин белгилери ачык көрүнөт. Алар: антикалык адта Гесиоддун моралдык-дыйканчылык темасына арналган «Эмгек жана күндөр», Лукрецийдин «Заттардын табияты жөнүндө» деген филос. поэмалары, Горацийдин «Поэзия илими» аттуу каты, Иранда Зороастрдын трактаттары, Руста «Владимир Мономахтын акыл-насааты». Байыртадан ж-а о. кылымда нукура Д. а. м-н катар диний, филос., этикалык мүнөздөгү дидактикалык чыгармалар да, ал турсун атайын жанрлар да түзүлгөн. Жаңы доордо да айрым акындар ж-а илимпоздор Д. а-ка кайрылышкан (Н. Буало, «Поэтика өнөрү»; А. Поп, «Адам жөнүндө тажрыйба»; И. В. Гёте, «Өсүмдүктөрдүн метаморфозасы»; М. В. Ломоносов, «Айнектин пайдасы жөнүндө кат»). 19-к-дан тартып «дидактикалык» деген түшүнүк иск-вого карата терс (карандай акылдан пайда болгон, бир жактуу үгүт-насыят) мааниге өттү. Кыргыз ад-тынын тарыхында Д. а. айрыкча акындар поэзиясында адеп-ахлак, жүрүм-турум, өмүр, жашоо, үй-бүлө, сүйүү, жек көрүү, адилеттик, арамзалык, жаманжакшы, ак-кара ж-дө түздөн-түз айтылган акылнасаат ырлары катары кеңири өнүккөн. Көбүнчө санат-термелерде, лирикаларда кездешет.