ДИДАКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
vol3_>KadyrM No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИДАКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР''' – көрсөт­мөлүү окуу куралдарынын бир түрү. Окуучулар андан окууга ж-а оюнга байланыштуу тапшыр­маларды аткарууга зарыл болгон иштиктүү иш­терди жасайт. Бул термин бала-бакчанын уюш­турулушуна байланыштуу | '''ДИДАКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР''' – көрсөт­мөлүү окуу куралдарынын бир түрү. Окуучулар андан окууга ж-а оюнга байланыштуу тапшыр­маларды аткарууга зарыл болгон иштиктүү иш­терди жасайт. Бул термин бала-бакчанын уюш­турулушуна байланыштуу пед. ад-тка мектеп­ке чейинки тарбия б-ча киргизилген. Д. м-га сүрөт, текст же сан жазылган карточкалардын топтому; саноого керектүү буюмдар (таякча, те­герекче); жашылча-жемиштердин, жаныбарлар­дын үлгүлөрү; геом. фигуралардын ж-а тулку моделдери ж. б. түрдүү деталдар кирет. Көрсөт­мөлүү ж-а балдар өздөрү түздөн-түз колдонуп иштеши үчүн таратылып берилүүчү Д. м. болот. Д. м. сабактын бардык этабында – жаңы окуу материалын түшүндүрүп өтүүдө ж-а бышыктоо­до, окуучулардын билимин текшерүүдө, өтүлгөн материалды кайталоодо колдонулат. Бир эле Д. м. ар түрдүү окуу маселелерин чечүүдө колдо­нулушу мүмкүн. Мис., металлдан жасалган топ­том черчение сабагында ар түрдүү чийме жумуш­тарды аткаруу үчүн, ал эми математика саба­гында көлөмдү эсептөө үчүн колдонулат. Баш­талгыч класстарда Д. м. негизинен эне тили, орус тили ж-а математика сабактарында кол­донулат. Мис., эне тили ж-а орус тили сабакта­рында сүрөт тартылган, тамгалар, муундар, сөздөр ж-а кыска сүйлөмдөр жазылган карточ­калар пайдаланылат. Д. м. класстагы бардык окуучулар м-н же алардын айрым топтору, о. эле окуу материалын өздөштүрө албай артта калган же, тескерисинче, тапшырмаларды баш­калардан мурда аткарган ар бир окуучу м-н жекече иштөөдө да пайдаланылат. | ||
''И. Бекбоев.'' [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | |||
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДИДАКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР – көрсөтмөлүү окуу куралдарынын бир түрү. Окуучулар андан окууга ж-а оюнга байланыштуу тапшырмаларды аткарууга зарыл болгон иштиктүү иштерди жасайт. Бул термин бала-бакчанын уюштурулушуна байланыштуу пед. ад-тка мектепке чейинки тарбия б-ча киргизилген. Д. м-га сүрөт, текст же сан жазылган карточкалардын топтому; саноого керектүү буюмдар (таякча, тегерекче); жашылча-жемиштердин, жаныбарлардын үлгүлөрү; геом. фигуралардын ж-а тулку моделдери ж. б. түрдүү деталдар кирет. Көрсөтмөлүү ж-а балдар өздөрү түздөн-түз колдонуп иштеши үчүн таратылып берилүүчү Д. м. болот. Д. м. сабактын бардык этабында – жаңы окуу материалын түшүндүрүп өтүүдө ж-а бышыктоодо, окуучулардын билимин текшерүүдө, өтүлгөн материалды кайталоодо колдонулат. Бир эле Д. м. ар түрдүү окуу маселелерин чечүүдө колдонулушу мүмкүн. Мис., металлдан жасалган топтом черчение сабагында ар түрдүү чийме жумуштарды аткаруу үчүн, ал эми математика сабагында көлөмдү эсептөө үчүн колдонулат. Башталгыч класстарда Д. м. негизинен эне тили, орус тили ж-а математика сабактарында колдонулат. Мис., эне тили ж-а орус тили сабактарында сүрөт тартылган, тамгалар, муундар, сөздөр ж-а кыска сүйлөмдөр жазылган карточкалар пайдаланылат. Д. м. класстагы бардык окуучулар м-н же алардын айрым топтору, о. эле окуу материалын өздөштүрө албай артта калган же, тескерисинче, тапшырмаларды башкалардан мурда аткарган ар бир окуучу м-н жекече иштөөдө да пайдаланылат. И. Бекбоев.