ДИДАКТИКАЛЫК ПРИНЦИПТЕР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
vol3_>KadyrM No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИДАКТИКАЛЫК ПРИНЦИПТЕР''' – тарбиялоо­нун жалпы максаттарына ж-а окутуу процес­синин | '''ДИДАКТИКАЛЫК ПРИНЦИПТЕР''' – тарбиялоо­нун жалпы максаттарына ж-а окутуу процес­синин мыйзамченемдүүлүктөрүнө ылайык мек­тептин окуу ишинин мазмунун, уюштуруу фор­маларын ж-а ыкмаларын аныктоочу алгачкы жоболор. Демек, окутуу принциптери бул са­бакты (окутуу процессин) даярдап өткөрүүгө ко­юлуучу талаптарды туюнта турган алгачкы ди­дактикалык жоболор болуп саналат. Дидакти­када окутуунун төмөнкү принциптери иштелип | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | чыккан: билим берүү, тарбиялоо ж-а өнүктүрүп­өстүрүү маселелерин комплекстүү ишке ашыруу. Окутуу м-н тарбиялоонун биримдүүлүк мыйза­мына ылайык окутууда тарбия дайыма камты­лат, б. а. окутуу процессинде окуучулар билим алуу м-н бирге керектүү сапаттарга да тарбия­ланышат. Окуу процессинде окуучунун турмуш­ка ж-а билимге болгон мамилеси, ар нерсеге | ||
жөндөмдүүлүгү, адеп-ахлактык сезими калып­танат, акылы өсөт, б. а. окутуу м-н бирге тар­бия да болот. Тарбиялык таасир окутуунун ажырагыс жандоочусу болуп эсептелет. Мын­дай окутуу окуучуларга дайыма бирдей тарбия­лык таасир берет, анда мугалимдин атайын жасаган аракеттери маанилүү. Анын идеялык багыты ж-а окуучуларга тийгизе турган тааси­ринин күчү төрт фактор (окутулуучу билимдер­дин мазмуну, окутуу ыкмалары, сабакты уюш­туруу формалары ж-а мугалимдин инсан ката­ры таасири) м-н аныкталат. Окутуунун натый­жасында окуучулар билим алышат, билгичтик­ке үйрөнүшөт, аларда ил. көз караштын негиз­дери калыптанат ж-а алардын таанып-билүү жөндөмү өсөт. Мунун бардыгы окуучуларда коомдук жүрүш-туруштун нормаларынын ж-а адеп-ахлактык идеялардын калыптанышынын негизин түзөт. Демек, окуу процессинин өзүндө окуучуну коомдук социалдык нормаларга тар­биялоо да ишке ашырылат. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | |||
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДИДАКТИКАЛЫК ПРИНЦИПТЕР – тарбиялоонун жалпы максаттарына ж-а окутуу процессинин мыйзамченемдүүлүктөрүнө ылайык мектептин окуу ишинин мазмунун, уюштуруу формаларын ж-а ыкмаларын аныктоочу алгачкы жоболор. Демек, окутуу принциптери бул сабакты (окутуу процессин) даярдап өткөрүүгө коюлуучу талаптарды туюнта турган алгачкы дидактикалык жоболор болуп саналат. Дидактикада окутуунун төмөнкү принциптери иштелип чыккан: билим берүү, тарбиялоо ж-а өнүктүрүпөстүрүү маселелерин комплекстүү ишке ашыруу. Окутуу м-н тарбиялоонун биримдүүлүк мыйзамына ылайык окутууда тарбия дайыма камтылат, б. а. окутуу процессинде окуучулар билим алуу м-н бирге керектүү сапаттарга да тарбияланышат. Окуу процессинде окуучунун турмушка ж-а билимге болгон мамилеси, ар нерсеге
жөндөмдүүлүгү, адеп-ахлактык сезими калыптанат, акылы өсөт, б. а. окутуу м-н бирге тарбия да болот. Тарбиялык таасир окутуунун ажырагыс жандоочусу болуп эсептелет. Мындай окутуу окуучуларга дайыма бирдей тарбиялык таасир берет, анда мугалимдин атайын жасаган аракеттери маанилүү. Анын идеялык багыты ж-а окуучуларга тийгизе турган таасиринин күчү төрт фактор (окутулуучу билимдердин мазмуну, окутуу ыкмалары, сабакты уюштуруу формалары ж-а мугалимдин инсан катары таасири) м-н аныкталат. Окутуунун натыйжасында окуучулар билим алышат, билгичтикке үйрөнүшөт, аларда ил. көз караштын негиздери калыптанат ж-а алардын таанып-билүү жөндөмү өсөт. Мунун бардыгы окуучуларда коомдук жүрүш-туруштун нормаларынын ж-а адеп-ахлактык идеялардын калыптанышынын негизин түзөт. Демек, окуу процессинин өзүндө окуучуну коомдук социалдык нормаларга тарбиялоо да ишке ашырылат.