ДИОКЛЕТИАН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДИОКЛЕТИА́Н Гай Аврелий Валерий (243, Диоклея – 313- ж-а 316-ж. аралыгы, Далмация) – Рим императору (284–305). Катардагы жоокерден аскердик жогорку кызматтарга чейин жеткен. Император Нумериандын тушунда анын сакчыларын жетектеген, ал дүйнөдөн кайткан соң, император деп жарыяланган. Рим империясы экон., социалдык ж-а саясий жактан начарлаган учурда бийликке келип, императордук бийликти күчөткөн. Империяны чыңоо үчүн бир катар реформаларды жүргүзгөн: аскерлердин саны 450 миңге жетип, чек аралык коргонуу системасы түзүлгөн; акча жүгүртүүнү жөнгө салган; империядагы бөлүп-жаруучулукту күч м-н баскан. Д. 305-ж. бийликтен ыктыяры м-н баш тарткан.