ДИСК ИШТЕТҮҮ СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДИСК ИШТЕТҮҮ СИСТЕМАСЫ (англ. disk operation, DOS) – компьютердин аракетин баш­карган, колдонуучу м-н колдонмо программа­лар ж-а жабдуулар аралык интерфейсти уюш­турган программалар тобу. Буйруктар сабы, меню, графиктик ж-а башкаруу болуп үч типке бөлүнөт. Д. и. с. IBM компьютерлери м-н бирге Microsoft корпорациясы тарабынан 1980-ж. иш­телип чыккан. Кийин DOS версиялары иште­лип чыгып, буйрук сабынын же менюнун жар­дамы м-н башкаруу, дисканы ж-а эсти башка­руу жакшыртылган.