ДИСМЕНОРЕЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДИСМЕНОРЕ́Я (дис... ж-а гр. men – ай ж-а rhtō – агам) – этек кир циклинин бузулушу. Анда ичтин ылдый жагы, бел ооруйт, шакый кармап, жүрөк тез-тез кагат, кустурат, ич өтүп, уйку бузулат. Биринчилик Д. м-н төрөбөгөн аялдар, кыздар ооруйт. Бул көбүнчө жыныстык жашоо калыбына келгенде же төрөттөн кийин жоголот. Экинчилик Д. аялдын жыныс орган­дарында сезгенүү ооруларынын, шишиктердин пайда болушунан, о. эле биринчи этек кир кел­генде коркуп кеткендиктен, көп убакыт боюна болбогондон ж. б. келип чыгат. Дарылоо себе­бине жараша жүргүзүлөт. Алдын алууда орга­низмди чыңдоо, туура тамактануу, эмгек м-н эс алууну айкалыштыруу, жугуштуу ооруларды өз убагында дарылоо чоң мааниге ээ.