ДИСПРОЗИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДИСПРО́ЗИЙ (лат. Disprosium), Dy – элемент­тердин мезгилдик системасынын III тобунан орун алган хим. элемент. К. н. 66, ат. м. 162,50, массалык саны 147Dу – 167Dу болгон 21 изотобу бар. Жаратылышта массалык саны 156–164 болгон изотобу кездешет. Жер кыртышында 4,5 . 10–4%ти түзөт. Лекок де Буабодран 1886-ж. оксид түрүндө алган. Ал – күмүш түстүү ак ме­талл; б. эрүү t – 1407°С; кайноо t – 2600°С; би­рикмелеринде +3 окистенүү даражасын көрсөтөт. Д. магниттик куймалардын, атайын жасалган айнектердин курамына кошулат. Металлдар­ды легирлөөдө, радиоэлектроникада, химия ө. ж-нда катализатор катары, о. эле медицинада тери ооруларын дарылоодо да колдонулат.