ДИФФЕРЕНЦИАЛ ТОПОЛОГИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДИФФЕРЕНЦИА́Л ТОПОЛОГИЯСЫтополо­гиянын дифференциалдык көп түспөлдүктөр ж-а дифференциалдык чагылдыруулар теория­сынын топол. проблемаларын изилдөөчү бөлүмү. Д. т-ны системалуу изилдөөнү 19-к-дын аягын­да фр. математик А. Пуанкаре баштаган, бирок ал мезгилде бул программаны иш жүзүнө толук ашыруу мүмкүн эмес болгон. Д. т-ны негиздөө 20-к-дын 30-жылдарында гана ири матема­тиктердин изилдөөлөрү м-н иш жүзүнө ашкан. 20-к-дын 60-жылдарында Д. т-нын ыкмалары аркылуу топологиянын бир катар негизги ма­селелери чечилди. Чыныгы көп түспөлдүктөр­дү мүнөздөөчү класстардын топол. инвариант­тары аныкталды. Д. т-нын өзгөчө багыттары – геод. көп түспөлдүктөрдүн функционалдарынын экстремалдык теориясы ж-а катмарлар тео­риясы.

Ад.: Милнор Дж., Уоллес А., Дифференциальная топология. Начальный курс /Пер. с англ. М., 1972.