ДОМКРАТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДОМКРА́Т (голл. dommekracht) – оор жүк көтөрүү үчүн туруктуу орнотулган, алып жүрмө же жылдырылма механизм. Д-тын өлчөмү кичине, өзү жеңил болгону м-н, оор жүктү бир нече метр бийиктикке көтөрөт. Иштетилүү түрүнө карата кол ж-а электр м-н көтөрүүчү; иштөө эрежеси б-ча рейкалуу, бурамалуу ж-а гидравликалык болуп айырмаланат. Рейкалуу Д-тын негизги бөлүгү – жүк көтөргүч рейка. Кыймыл берүү механизминин түрүнө карата рычагдуу ж-а тиштүү болот. Рычагдуу Д. рычаг, ал эми тиштүү Д. тутка аркылуу көтөрүлүп-түшүрүлөт. Мындай Д-тар 15 тга чейинки жүк көтөрө алат. Бурамалуу Д-тын негизги бөлүгү – жүк көтөргүч тирөөчкө шарнирдүү бекитилген бурама. Бул Д. м-н 20 т, ал эми атайын максатта жасалган Д. 100 тдан ашык жүк көтөрөт. Гидравликалык Д. бир нече жүздөгөн т жүктү көтөрө алат.