ДОМНА МЕШИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДО́МНА МЕШИ , д о м н а – чоюн эритип алынуучу шахта меши. Биринчи Д. м. Европада 14- к-дын орто ченинде пайда болгон. Эритилүүчү материалдар (шихта) – темир кенташы, марганец кенташы, агломерат, кокс, флюстар ж. б. үстү жагынан чанакка (колошникке) жүктөлөт. Төмөн жагынан (фурма аркылуу) кысылган ысык аба, суюк, газ сымал же чаң түрүндөгү отун жиберилет. Ал кокстун күйүшүн ж-а темир оксидинин шихтада эришин камсыз кылат. Мында темир окисин металлга айландыруучу башкы калыптандыргыч болуп эсептелген көмүртек окиси кокстан бөлүнүп чыгат. Металлдын пайда болушу м-н темир эрип ылдый түшүп, Д. м-нин түбүнө чогулуп, эриген шлак анын Домна меши: 1 – темир кенташы, кокс ж-а акиташты жүктөө; 2 – колосник; 3 – шихта бөлгүчтөрү; 4 – аба ысыткыч (каупер); 5 – абаны ысытуу үчүн берилген домна газы; 6 – аба үйлөгүч (фурма); 7 – күл ташыгыч; 8 – эриген ысык металлды куюп алгыч.

бетине калкып чыгат. Андан соң темир м-н шлак сыртка чыгарылат. Д. м. болоттон жасалып, ичине отко чыдамдуу кыш коюлат. Д. м. ишке киргизилгенден иштен чыкканча тынымсыз иштейт (болжол м-н 2 жыл). Эң ири Д. м-нин пайдалуу көлөмү 5000 м3ден ашат ж-а суткасына 10000 тдан ашык чоюн эритилет.