ДОМЬЕ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДОМЬЕ́ Оноре Викторьен (26. 2. 1808, Марсель – 11. 2. 1879, Парижге жакын, Вальмондуа) – француз графиги, живописчи ж-а скульп-

тор. 1814-жылдан Парижде жашаган, сүрөттөн ж-а живопистен сабак алган. Сын реализминин өкүлү, демокр. кыймыл м-н тыгыз байланыштуу сатиралык сүрөттүн ж-а литографиянын чебери болгон. 1830-жылдагы рев-ядан кийин карикатуранын чебери катары таанылган. Литогр. портрет-шарждарында, ксилогр. чыгармаларында Д. жумушчулар м-н рев-ячылардын образын жараткан («Закон уюткусу», «Басма сөз эркиндиги», «1834-жылдын 15-апрелиндеги Транснонен көчөсү»). Саясий карикатурага тыюу салынгандан кийин (1835) Д. турмуш сатирасында иштеп, дүнүйөкор соттор м-н чиновниктерди сынга алган («Карикатюран» сериясы, 1836–38; «Мыйзамчылар», 1834; «Боорукер буржуйлар», 1846–49). 60–70-жылдары саясий сатирага кайрадан кайрылган. Д-нин чыг-лыгы пролетардык азатчыл козголоң м-н тыгыз байланыштуу («Козголоң», 1848; «Баррикададагы үй-бүлө», Улуттук гал., Прага). Д. живописте ж-а скульптурада драматизм м-н сатираны, баатырдык м-н гротексти айкалыштырган («Дон Кихот», 1868, Жаңы пинакотека, Мюнхен).
Ад.: Калитина Н. О. Домье. М., 1955; Эсколье Р. О. Домье / Пер. с франц. М., 1978.